https://sputnik.kg/20240508/1084935343.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Сузактагы кырсыктан бут сөөктөрү жабыркаган балага операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Медициналык... 08.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-08T15:00+0600
2024-05-08T15:00+0600
2024-05-08T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/05/08/1084935211_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b210d5ed25ef8d3ca03aee99e9210ac7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Сузактагы кырсыктан бут сөөктөрү жабыркаган балага операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, квалификациялуу адистер тарабынан жасалган операция ийгиликтүү өткөн. Эске салсак, реанимацияга жалпы төрт бала түшкөн. Алардын үчөө буга чейин палатага которулган. Балдардын абалы жакшы, дарыланууну улантып жатышат. 8-майга карата Сузак районунан алып келинген жалпы 10 баланын абалы туруктуу.
Кыргызстандагы "Өчпөс полк" жөө жүрүшүн токтотуу чечими өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы ыкчам кырдаалды талдап чыккандан кийин кабыл алынганын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай чечим мүмкүн болуучу провокацияларды жана терактыларды алдын алуу максатында кабыл алынган. "Өчпөс полктун" массалык жүрүштөрү көп күч-аракетти, акчаны жана көңүл бурууну талап кылат. Маршрут дагы абдан узун", — деди Исмаилов. Ал элден коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү. Ички иштер министрлигинин өкүлү чектөө "Өчпөс полкко" гана тиешелүү экенин, Жеңиш күнүнө карата башка иш-чаралар пландалгандай өтөрүн түшүндүрдү.
Бир күн мурун Улуттук банк валюта рыногунан 17,7 миллион доллар сатып алган. Эскерте кетсек, кечээ эртең менен доллардын орточо сатуу курсу 89,35 сомду түзсө, андан кийин төмөндөп, бүгүн эртең менен 88,25ке жеткен. Бүгүнкү күндө сатуу 89,1 сомдон 89,4 сомго чейин өзгөрүп турат.Улуттук банк валютанын курсун жөндөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет.
БУУ Израилди Рафахтагы операция маалында жай тургундарды эвакуациялоого байланыштуу эл аралык укуктун бардык нормаларын бузду деп айыптады. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун маалымат катчысы Йенс Лаерке Женевадагы брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. Бюронун билдирүүсүнө ылайык, элге алдын ала эскертүү берилбей, эвакуациялануучу жолдор кооптуу болуп, бара турган аймакта качкындарды кабыл алуу үчүн инфраструктура каралган эмес. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Рафахтагы операциясы гуманитардык апаатка айланарын белгиледи. "Газанын түштүгүндөгү Рафах тилкесинде 1,5 миллиондон ашык жаран топтолгон. Албетте, бул гуманитардык апаат болот. Бомбалоодон, израилдик аскерлердин аракеттеринен алар кайда качат?" — деген Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов. Буга чейин Израилдин коргонуу күчтөрү 1,5 миллионго жакын палестиналык жашаган Газанын түштүгүндөгү Рафахта аскердик операция баштаган. Алар түндүктөн жана анклавдын борбордук бөлүгүнөн качууга аргасыз болушкан. Израилдин премьер-министринин кеңсесинен алынган маалыматка караганда, барымтадагыларды бошотууда ХАМАСка кысым көрсөтүү үчүн Рафахтагы операцияны улантуу чечими кабыл алынган. Кошумчалай кетсек, Израилдин аскерлери Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат берилген Рафах жана Керем Шалом өткөрмө пунктуларын жапкан.
Сузактагы кырсыктан бут сөөктөрү жабыркаган балага операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, квалификациялуу адистер тарабынан жасалган операция ийгиликтүү өткөн. Эске салсак, реанимацияга жалпы төрт бала түшкөн. Алардын үчөө буга чейин палатага которулган. Балдардын абалы жакшы, дарыланууну улантып жатышат. 8-майга карата Сузак районунан алып келинген жалпы 10 баланын абалы туруктуу. Кыргызстандагы "Өчпөс полк" жөө жүрүшүн токтотуу чечими өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы ыкчам кырдаалды талдап чыккандан кийин кабыл алынганын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай чечим мүмкүн болуучу провокацияларды жана терактыларды алдын алуу максатында кабыл алынган. "Өчпөс полктун" массалык жүрүштөрү көп күч-аракетти, акчаны жана көңүл бурууну талап кылат. Маршрут дагы абдан узун", — деди Исмаилов. Ал элден коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү. Ички иштер министрлигинин өкүлү чектөө "Өчпөс полкко" гана тиешелүү экенин, Жеңиш күнүнө карата башка иш-чаралар пландалгандай өтөрүн түшүндүрдү. Бир күн мурун Улуттук банк валюта рыногунан 17,7 миллион доллар сатып алган. Эскерте кетсек, кечээ эртең менен доллардын орточо сатуу курсу 89,35 сомду түзсө, андан кийин төмөндөп, бүгүн эртең менен 88,25ке жеткен. Бүгүнкү күндө сатуу 89,1 сомдон 89,4 сомго чейин өзгөрүп турат.Улуттук банк валютанын курсун жөндөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет. БУУ Израилди Рафахтагы операция маалында жай тургундарды эвакуациялоого байланыштуу эл аралык укуктун бардык нормаларын бузду деп айыптады. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун маалымат катчысы Йенс Лаерке Женевадагы брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. Бюронун билдирүүсүнө ылайык, элге алдын ала эскертүү берилбей, эвакуациялануучу жолдор кооптуу болуп, бара турган аймакта качкындарды кабыл алуу үчүн инфраструктура каралган эмес. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Рафахтагы операциясы гуманитардык апаатка айланарын белгиледи. "Газанын түштүгүндөгү Рафах тилкесинде 1,5 миллиондон ашык жаран топтолгон. Албетте, бул гуманитардык апаат болот. Бомбалоодон, израилдик аскерлердин аракеттеринен алар кайда качат?" — деген Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов. Буга чейин Израилдин коргонуу күчтөрү 1,5 миллионго жакын палестиналык жашаган Газанын түштүгүндөгү Рафахта аскердик операция баштаган. Алар түндүктөн жана анклавдын борбордук бөлүгүнөн качууга аргасыз болушкан. Израилдин премьер-министринин кеңсесинен алынган маалыматка караганда, барымтадагыларды бошотууда ХАМАСка кысым көрсөтүү үчүн Рафахтагы операцияны улантуу чечими кабыл алынган. Кошумчалай кетсек, Израилдин аскерлери Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат берилген Рафах жана Керем Шалом өткөрмө пунктуларын жапкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/08/1084935211_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9ba4b6e2d82f415be60fdf78d80ca0b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио