00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чыгарылыш 15:00

Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышканын өкмөттөн маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, Жапаров баштаган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын башкы архитектору коштогон делегация мүчөлөрүнө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу айтып берген. Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын курулушуна жумшалган каражат 289 миллион доллардан ашат. Белгилүү болгондой, 2025-жылы Азия оюндары жана жаштар арасындагы Азия Пара-оюндары Ташкентте өтөт.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Россияга барбай турууну сунуштады. ТИМ бул Россия бийлигинин "Крокустагы" терактыдан кийин коопсуздук менен көзөмөлдү күчөткөнүнө байланыштуу экенин белгиледи. Ал эми Россияга барууга зарыл болуп жатса өлкөдөгү чектөөлөрдү текшерип алуу керек. Күтүүсүз кырдаал жаралып, шашылыш суроолор пайда болсо элчиликтин +7 925 115 50 47 номерине чалууга, ошондой эле министрликтин консулдук департаментине +996 999 312 002 номери аркылуу кайрылууга болот.
Россиялык аскерлерге Часов Яр шаарын алуу Украина Куралдуу күчтөрүн керектүү нерселер жеткирилип жаткан жолдорго сокку урууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Лондондогу коргонууну изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Жек Уотлинг Foreign Affairs журналына жазган макаласында айтканын РИА Новости билдирди. Уотлинг Украинанын тактикалык абалы анча эмес болуп турганда россиялык аскерлерге мындай ыкма согуш талаасында ийгилик алып келерин белгилеген. Макалада жагдайды Украинанын абадан коргонуу системасынын абалы татаалдаштырары айтылат. Автордун билдиришинче, Украинанын фронттун линиясында асманды коргоого ресурсу жок, андыктан Россия үчүн аскердик позицияда таамай сокку уруу жеңилдейт. Буга чейин Украина армиясынын башкы командачысы Александр Сырский украин аскерлеринин фронттогу абалы оор экенине нааразы болгон. Анын айтымында, Россия олуттуу артыкчылыкка ээ жана тактикалык ийгиликтерге алып келген байланыш линиясы боюнча активдүү чабуул жасап жатат.
Таттууга дайым тартыла берүү олуттуу оорулардан кабар бериши мүмкүндүгүн дарыгер, диетолог Дарья Русакова билдиргенин "Известия" жазды. "Адам диабет болууга жакындап калганда же аталган оору менен жабыркап жатканда канда инсулин көп иштелип чыгып, глюкоза өйдө-ылдый көтөрүлөт. Мындан улам баш ооруп, күч кетип, жүрөк айланып, анан татттууну жеп башташат", — деген адис. Русакованын айтымында, маанайдын өзгөрүлүшү жана депрессиялык абал дагы курамында канты бар азыктарга тартат. Ошондой эле жан дүйнөсү чөгүп жүргөн адам дагы таттуу менен өзүн алаксыткысы келет. "Балдарга кайсы бир ийгилиги үчүн таттуу берип мактайбыз. Чоңойгондо дагы ошол адаты калып, кийин өзүн таттуу азык менен "сыйлаган" учурлар болот", — деди диетолог. Мындан сырткары, организмге минералдар, В тобундагы витаминдер жана хром жетпегенде дагы таттууга тартылат. Адис шекердин өзү нак углевод экенин, эч кандай баалуулугу жоктугун айтып, рациондон азайтууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0