Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн киши 14 жылдан кийин Оштон кармалды

© AFP / FRANCOIS GUILLOTШектүунү кармоо. Архив
Шектүунү кармоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Россияда 14 жыл жашырынып жүргөн адам "Ош" аэропортунан кармалганы айтылды.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Ош" аэропортунан адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Дж.М. 14 жыл Россиянын ар кайсы шаарларында жашырынып жүрүп, 26-апрелде колго түшүрүлгөн.
"Шектүү Дж.М. Оштогу июнь окуяларында, 2010-жылы 13-июнда, Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун шериктери (кармалышкан) менен Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышкан. Ал жерден жаранды мыкаачылык менен өлтүрүп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Маркумдун сөөгү 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын аймагынан табылган. Кийин абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда Дж.М. из жашырган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканы кошумчаланды.
Хирург скальпель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
УКМК: адам органдарын сатып жүргөн трансулуттук топтун мүчөлөрү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0