00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Өлкө жетекчиси буга чейин президенттик администрациянын комиссиясына прокуратуранын айрым кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин лицензиялоо боюнча комиссиясынын ишине кийлигишкени боюнча маселени карап чыгууну тапшырган. Бул фактылар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында айтылганы белгиленди. Буга байланыштуу баш прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге кол алдындагыларды көзөмөлгө албаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Мындан тышкары, Зулушевге орун басары Кубан Адил уулун ээлеген кызматынан бошотуу, дагы эки башкармалыктын жетекчиси Мирлан Майтпасов менен Авазбек Аликуловго сөгүш жарыялап, ротациялоо тапшырмасы берилди.
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери Октябрь районунда жайгашкан 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш мэрдин тапшырмасынын алкагында жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде жүргүзүлдү. Эскиздик долбоорго волейбол, баскетбол, футбол, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирген. Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма газон менен жабдылат. Долбоор ошондой эле фонтан, спорт зал, кечки жарыктандыруу жана сырттагы дааратканаларды камтыйт.
Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Чүй проспектинин Төрөкул Айтматов менен 7-Апрель көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынан маалымдашты. Билдирүүдө Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы жолдун бир гана тилкеси жабылары айтылган, унаалар жолдун экинчи тилкеси менен жүрө алат. Түтүктөрдү алмаштыруу жана башка оңдоп-түзөө иштери эки аптага созулат.
Басман соту Россиянын коргоо министринин орун басары Тимур Ивановду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, Иванов ири өлчөмдө пара алууга шектелип жатат. Аткаминердин кармалганы кечээ белгилүү болгон. Иванов министрликтин имараттарын куруу жана оңдоо иштерине жооптуу болчу.
АКШнын бийлиги өлкөгө исламчыл экстремисттер Подмосковьедеги "Крокус сити холлдогудай" координацияланган чабуул жасашы мүмкүн деп түйшөлүүдө. Бул туурасында АКШнын Изилдөөлөр боюнча федералдык бюросунун директору Кристофер Рэйдин айтканын РИА Новости жазды. Мындай кооптонуусун директор NBC телеканалына интервью берип жатканда айткан. "Россия бир нече апта мурда тушуккандай координацияланган чабуул бул жерде да болушу мүмкүндүгүнө катуураак кооптонуп турабыз", — деген Рэй. Анын айтымына караганда, АКШдагы террордук кол салуунун ыктымалдыгы 2023-жылдын күз айынан, Израилдин Палестинага каршы согуштук операциясынан кийин, өзгөчө жалгыз-жарымдап жүргөн экстремисттер тарабынан өтө эле өстү. ФБРдин башчысы америкалык чалгында коомдук жерлерде террордук ири уюмдардан жаралган шектенүүлөр күчөгөнүн, бийлик он жылдай мурда мындай нерсени "өтө маанилүү деле эмес" деп карап келгенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0