Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
"Эл үмүтү" стипендиясына документтер 1-майдан тарта кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, документтер 30-майга чейин кабыл алынмакчы. Аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат. "Бул стипендияга жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия каралган", — деп жазылат маалыматта. Сынакка катышуу шарттары жана керектүү документтер боюнча кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу edu.gov.kg кирип тааныша аласыз. "Эл үмүтү" стипендиясына магистратурада окууга 40 жашка, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки Кыргызстандын жарандарына уруксат берилет. Чет өлкөдө билим ала турган талапкердин окуу акысы 50 миң доллардан ашпашы керек.
Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнүн маршруту мурдагыдай эле болот. Бул тууралуу Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингге катышкан. "Түштүк магистралдан баштап "Өчпөс отко" чейин кеткен маршрут салттуу болуп калды. Бул тийиштүү органдарга жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылууда дагы абдан ыңгайлуу", — деди Ункуев. Коргоо министрлигинин өкүлү Белек Абдрахманов бул каттам жүрүшкө катышууну каалагандар үчүн оңтойлуу экенин кошумчалады. "Бул 7 чакырым аралыкты баса албагандарга ортодон кошулуп, иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк берет", — деп түшүндүрдү ал.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги өлкөнүн бардык жашоочуларын 20-апрелде масштабдуу экологиялык акцияга катышууга чакырат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, бул күнү республика боюнча ишембилик өткөрүлүп, бардык облус, район, шаарлар, андагы көчөлөр тазаланат. "Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндөгү" жарлык ишке ашырылууда. Иш-чаранын башкы максаты – таштандыны бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка жайылтуу, экологиялык маданиятты арттыруу", — дешти министрликтен.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кенелер активдүү мезгилине киргендигин эскертет. "Кене энцефалити — биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Анын кесепетинен адам майыптыкка жана өлүмгө да дуушар болушу ыктымал", — деп айтылат маалыматта. Министрлик кенеден жуккан оорунун инкубациялык мөөнөтү адатта бир күндөн 14 күнгө, кээде 60 күнгө чейин созуларын билдирди. Кене энцефалитине чалдыккан учурда адам чыйрыгып, баш
Жаңылыктар түрмөгү
0