00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мындан кийин айылдарда жүн таштандыга ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Бул тууралуу атайын көргөзмө-семинарда айтылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган семинарда жүндү кайра иштетип, жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн. Жабдуусунун орточо баасы 5 мин 455 долларга барабар экени айтылды. "Бул баа айылда фермерлерге ыңгайлуу, кирешелүү чакан өндүрүш болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ак жүндүн килограммы 60-100 сом, кара жүн 10-15 сомго бааланууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк, кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат", — деп айтылган маалыматта. Иш-чарага 7 облустун жана 40 райондун жетекчилери, өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышкан.
Быйыл "Өчпөс полк" акциясы өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев билдирди. Анын айтымында, афган ардагерлери жүрүштү өз айылдарында өткөрүүнү өтүнүп, жер-жерлерге чакырып жатат. "Быйыл бардык айылдарда, мейли 15-20 адам болсо да иш-чара өткөрүлөт. Бул кубанарлык көрүнүш", — деди ал.
Кыргызстанда TikTok ресурсун чектөө боюнча чечим кабыл алынганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты. Аталган ведомство мындай кат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен келгенин билдирди. "Мындай чечим чыгарууга TikTok тарабынан "Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамда каралган шарттар сакталбаганы себеп болгон. Мыйзамда кандай маалыматтар балдардын саламаттыгына, өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизери аныкталып, көрсөтүлгөн", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Кант шаарында милиция кызматкерин сабады делген шектүүлөр колго түшкөнүн Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди. Кабарга ылайык, 14-апрель күнү саат 4:00дөр чамасында Кант шаарынын Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар бир адамды токмоктошкон. Жабырлануучу жаагы сынып, ооруканага жаткырылган. Ал 33 жаштагы Ысык-Ата РИИБдин тергөөчүсү экендиги аныкталган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 35 жана 33 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Азия чемпионатында жеңишке жеткен япон балбандары ак калпак кийип, коомчулуктун көңүлүн бурду.82 килограмм салмакта күрөшкөн Тайдзо Йошида ирандык балбанды утуп, алтын тагынды. Өзүнүн желегин спортчу калпакчан болуп жамынып чыккан.Ал эми Шинго Харада 72 килограмм салмак категориясында финалдык беттеште дагы бир ирандык атаандашын артта калтырып биринчиликти багындырды. Бул балбан да байге тапшыруу аземине калпак кийип чыккан. Белгилей кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 11-16-апрель күндөрү болуп өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0