Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн өнүктүрүү борборлору ачылат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрликтерде иштегендердин балдары үчүн "Бөбөктай" өнүктүрүү борборлору ачылат
Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн Бөбөктай өнүктүрүү борборлору ачылат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
Борбордо мекемеде иштегендердин балдары 2 сааттан 10 саатка чейин жүрө алат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн "Бөбөктай" өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алгачкысы Билим берүү жана илим министрлигинде 1-мартта ачылган. Борбордо мекемеде иштегендердин балдары 2 сааттан 10 саатка чейин жүрүп, бөбөктөрдү ушул тармакта окуп жаткан студент-практиканттар карай турганы белгилүү болду.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

11-апрелде борбор менен таанышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо ушундай борборлорду ачууну тапшырганы айтылды

11-апрелде борбор менен таанышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо ушундай борборлорду ачууну тапшырганы айтылды - Sputnik Кыргызстан
1/2

11-апрелде борбор менен таанышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо ушундай борборлорду ачууну тапшырганы айтылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Борбор түзүүнүн максаты кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер-жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү экени кошумчаланды

Борбор түзүүнүн максаты кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер-жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү экени кошумчаланды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Борбор түзүүнүн максаты кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер-жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү экени кошумчаланды

1/2

11-апрелде борбор менен таанышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо ушундай борборлорду ачууну тапшырганы айтылды

2/2

Борбор түзүүнүн максаты кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер-жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү экени кошумчаланды

11-апрелде борбор менен таанышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо ушундай борборлорду ачууну тапшырганы айтылды.
"Борбор өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, улуттук стилде, экологиялык таза материалдардан жасалган коопсуз килемдер менен жабдылган. Ошондой эле муздаткыч, микротолкундуу меш жана телевизор бар. Буга кошумча, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталган", — деп айтылат маалыматта.
Борбор түзүүнүн максаты кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер-жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү экени кошумчаланды.
Бала бакчада тамактанып жаткан бала. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Бала бакчадагы тамак-ашты ата-энелер гана каржылаган норма алып салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0