Бишкектин жолдорунун жыртык-тешиги бүтөлө баштады. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин жолдорунун жыртык-тешиги бүтөлө баштады
Бишкектин жолдорунун жыртык-тешиги бүтөлө баштады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Мэр асфальт төшөө иштеринде кемчиликтер табылса жол оңдогондорго катуу чара көрүлөрүн эскерткен.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкектин жолдору кандай оңдоп-түзөлүп жатканын текшергенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
© пресс-служба мэрии города БишкекИнспектирование ремонта дорог мэром Бишкека
Инспектирование ремонта дорог мэром Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Билдирмеге караганда, жолдордун жыртык-тешигин "Бишкек асфальт сервис" ишканасы бүтөп жатат.
"Мэр жолдорду тез жана сапаттуу оңдоону тапшырган. Ишканага асфальт төшөө иштерин жакшылап көзөмөлдөө милдетин жүктөп, кемчиликтер табылса жол оңдогондорго катуу чара көрүлөрүн эскертти", — деп жазылат кабарда.
Мэр ошондой эле Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки тилкесинин курулуш иштери менен да таанышкан. Муниципалитет бул көчө 2024-жылдын 3-кварталында салынып бүтүп каларын кошумчалады.
Эске салсак, Бишкектеги алты ири көчө капиталдык оңдоодон өтмөкчү.
Чүй облусундагы жолдордун биринде оңдоо иштери жүрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Садыр Жапаров Кыргызстандагы жолдордун начар сапатына түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0