Садыр Жапаров Кыргызстандагы жолдордун начар сапатына түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй облусундагы жолдордун биринде оңдоо иштери жүрүп жатат. Архив
Чүй облусундагы жолдордун биринде оңдоо иштери жүрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Жазылуу
Акыркы үч жылда жол куруп, оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, эки жылда жалпысынан 297 техника өлкөгө жеткирилип, аймактарга бөлүштүрүлгөн.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстан өз күчү менен жол салууга былтыр гана киришти. Сапаты жакшырышы үчүн 3-5 жылдай убакыт керектелет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Өлкө башчы жолдордун абалына, Транспорт министрлигинин дарегине нааразычылыктарды байкап жатканын белгилеп, буга чейинки жол салуу системасына да токтолгон.

"30 жыл бою жол куруу багытында Транспорт министрлиги кандай иштеп келген? Мисалы, 100 чакырым жолго асфальт төшөш керек болсо жеке компанияларды чакырып туруп, аткарыла турган иштин баасын бычып, ошол акчанын 10 пайызын бизге бересиң деп жеке компанияларга берип коюшчу. Албетте, 10 пайыз акчаны бизге дегенде министрликке эмес, жеке өздөрүнүн чөнтөгүнө алышчу. Анан жеке компаниялар жолдорду салып бүткөн соң эксплуатацияга алардан дагы бир сыйра акча алып келишкен", — деди Жапаров.

Президент бул система акырындык менен талкаланып баратканын белгиледи. Анын айтымында, тыкыр ревизия жүргүзүлүп, натыйжада жолдорду Транспорт министрлиги өзү курсун деген чечим кабыл алынган.
"Бирок жарытылуу техникасы жок экен. Акыркы үч жылда жол курууга жана оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, 2022-2023-жылдары жалпысынан 297 техника өлкөгө жеткирилип, аймактарга берилди. Дагы алабыз. Быйыл 453 жаңы техниканын келиши күтүлүүдө. Техникалык базаны чыңдап, жол сала турган адистерди таап ишти жолго койгуча бир топ убакыт кетти. Анткени жол салган мамлекеттик компаниялар жок болгондуктан мыкты адистердин бардыгы ар кайсы жакка кетип калышкан", — деди өлкө башчы.
Президент Кыргызстан өз күчү менен жол курууга былтыр гана киришкенин кошумчалады. Жапаровдун айтымында, жылыш бар.

"Кыргызстанда жалпы 34 миң чакырым унаа жолу болсо, анын 19 миң чакырымга жакыны Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында. Эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, кармоо жана асфальт төшөө иштери министрликтин түздөн-түз милдети. 2023-жылы 621 чакырымды асфальттоо каралып, 673 чакырымдан ашык жол жасалды. Асфальт-бетон заводдор облустарга орнотулду. Алдыда жети дубанда тең мындай заводдордун ачылышына аракеттер көрүлүүдө", — деди мамлекет жетекчиси.

Жапаровдун айтымында, унаа жолдорун оңдоо жана салууда негизги материал болгон битум былтыртан тарта өлкөгө ортомчусуз, ыңгайлуу баада, өндүрүүчүлөрдөн түз алып келинүүдө.
"Албетте, сапаты жагынан бир аз кемчиликтер болууда. "Көч бара-бара түзөлөт" дегендей, транспортчуларбыз сапатка чыга баштайт. 3-5 жыл керектелет, менимче. 2023-жылдын мартынан тарта министрлик жол белгилерин өзү чыгара баштады", — деди президент.
Өлкө башчы Бишкектин жолдоруна да токтолгон. Анын айтымында, былтыр ордо калаадагы 18 көчө оңдолушу керек болгон. "Бишкек асфальтсервис" өз мөөнөтүндө аткара албасына көзү жетип, ишти кошумча 15 жеке компанияга бөлүштүрүп берген. Алтоонун жасаган ишинде кемчиликтер табылып, азыр кайра өз каражатына оңдомой болушкан. Президент алар "кара тизмеге" кирип экинчи мындай иштерге тартылбай турганын билдирди.
Жол оңдоо техникасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Курулган жолго үч жылга кепилдик берүү — бул коррупция. Адистердин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0