Зилзала менен цунамиден жабыркаган япон элине суу жеткирген Кыргызстан. Маек

© Sputnik / Акбар АкжигитовКыргызстандын Япониядагы экс-элчиси, Кыргыз-япон ишкерлер кеңешинин төрагасы Рысбек Молдогазиев
Кыргызстандын Япониядагы экс-элчиси, Кыргыз-япон ишкерлер кеңешинин төрагасы Рысбек Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түзүлгөн 80 жылдан бери далай сыноодон өтүп, такшалды. Өлкө дипломаттары 17-март күнү кесиптик майрамын белгиледи.
Өлкөнүн кызыкчылыгын күнү-түнү коргогон дипломаттар өмүрүн тобокелге салган учурлар да кездешет, бирок мындай маалыматтар көп учурда ачыкка чыкпайт. Алсак, 2011-жылы катуу жер титирөө болуп, андан кийин топон сууга кабылып кыйналып турган япон элине Кыргызстан кандай көмөк көрсөткөнү жөнүндө коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кабары жок. Тарыхтагы айрым белгисиз окуялар тууралуу Кыргызстандын Япониядагы экс-элчиси, Кыргыз-япон ишкерлер кеңешинин төрагасы Рысбек Молдогазиев менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
— Япон тилине кандайча басым жасап калдыңыз эле? Оор деп айтылат эмеспи.
— Бул тилге кызыгуум мектепте эле башталган, ата-энем да түрткү болду. Экөө тең чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү эле, үйдө Япония жөнүндө адабият көп болчу. Мындан сырткары, советтик журналисттер Владимир Цветов жана Всеволод Овчинниковдун япон эли тууралуу жазган макалаларын кызыгып окучумун. Ошол эле убакта мени атактуу япон жазуучулары Рюноскэ Акутагава менен Кобо Абэнин чыгармаларынын философиялык мазмуну аябай кызыктырган. 1986-жылы Кыргыз улуттук университинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө өттүм. Андан соң Советтик армиянын катарында кызматымды өтөдүм. Аскерден келгенден кийин экинчи курстан кайра окуумду уланттым. Ошондо маркум Исаак Аксенрод Бишкекте биринчилерден болуп япон тилин үйрөнүү боюнча курстарды ачкан. Ал 1940-жылдары аскердик училищеде япон тилин окуган экен. Андан соң 1945-жылы туткунга түшкөн япондорго котормочу болуп иштеген. Аксенродон эки жыл тил үйрөндүм. Бишкектеги №1 мектеп-интернатында япон тилин үйрөтүү боюнча класстарды ачкан, мен ага жардам берип, ушул мектепте сабак бердим.
© Фото / из личного архива Рысбека МолдогазиеваРысбек Молдогазиев(оң жактан биринчи) япон таануучу Исаак Михайлович Аксенрод. Бишкек. 1992-жыл.
Экс-посол Кыргызстана в Японии Рысбек Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Рысбек Молдогазиев(оң жактан биринчи) япон таануучу Исаак Михайлович Аксенрод. Бишкек. 1992-жыл.
— Тышкы иштер министрлигине кантип келип калдыңыз?
— 1993-жылы бир курсташым экөөбүздү 5-курста окуп жүргөн маалда деканат практиканы тышкы саясий ведомстводо өтөсүңөр дешти. Ошол кезде ТИМде маалымат кызматы түзүлө баштаган экен, көмөк көрсөткүлө деп жиберди. Кызматты Жаңыл Иманалиева жетектечү, иштедик. 1990-жылдардын башында министрликтин имараты мурунку Пишпек шаарынын акими Илья Терентьевдин эки кабат үйүндө жайгашкан болчу. Бир нече бөлүмдүн кызматкерлери залда чогуу иштечүбүз. Жадагалса стол менен отургучтар да жетишсиз болчу, айлыгыбыз да төмөн эле. Буга карабастан жумушубузду так аткарууга умтулчубуз.
— 1995-жылы министрликтин сунушу менен Токиодогу Аояма Гакуин Дайгаку университетине окууга барыптырсыз. Японияга тез эле көнүп кеттиңизби?
— Жарым жыл Осака шаарындагы чет тилдер институтунда стажировкадан өткөм, ошондо япон тилин түшүнбөй аябай кыйналдым. Чын эле ушул тилди үйрөндүм беле деп күмөн санаган учурлар болду. Көрсө, жергиликтүү кансай диалекти адабий тилден айырмаланат экен. Бара-бара тилди өздөштүрүп, илимий жумушума кириштим. Ошол убакта Япония Борбордук Азия менен кандай кызматташары тууралуу маалымат абдан аз болчу. Илимий жетекчим СССР боюнча адис Шигэки Хакамада магистрдик диссертацияны япон тилинде жазууну сунуштады. "Сени менен чогуу окуган чет элдик курсташтарыңа дипломдук иштерин англис тилинде жазууга уруксат берилген. Ооба, кыйналасың, бирок бул эмгектин үзүрүн көрөсүң" деди. Мен аргасыз макул болдум. Натыйжада 1999-жылы "Япониянын Борбордук Азия менен кызматташтыгы жөнүндө" магистрдик диссертациямды коргодум. Хакамада агайдын ушул кеңешине абдан ыраазымын. Чынында эле эмгегимдин үзүрүн көрүп жатам.
© Фото / из личного архива Рысбека МолдогазиеваКР ТИМинин маалымат кызматынын жетекчиси (2-катарда сол жактан экинчи) Жаныл Иманалиева жана 3- катчысы маалымат кызматынын кызматкери ( 2-катарда биринчи) Рысбек Молдогазиев. 1993-жыл. Бишкек. КР ТИМинин маалымат кызматынын бөлмөсү.
Экс-посол Кыргызстана в Японии Рысбек Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
КР ТИМинин маалымат кызматынын жетекчиси (2-катарда сол жактан экинчи) Жаныл Иманалиева жана 3- катчысы маалымат кызматынын кызматкери ( 2-катарда биринчи) Рысбек Молдогазиев. 1993-жыл. Бишкек. КР ТИМинин маалымат кызматынын бөлмөсү.
— 1999-2004-жылдары Япониянын "Эн-Эйч-Кей" коомдук телерадиокорпорациясынын өкүлү болуп иштептирсиз. 2001-жылы Кабулдан "Түндүк альянстын" күчтөрү "Талибан" кыймылын кетиргенин көргөн экенсиз. Ошол жерден афгандык кыргыздар менен жолуккан учурлар болдубу?
— Ооба. 2001-жылы "Эн-Эйч-Кей" коомдук телерадиокорпорациясында Афганстанда жүрүп жаткан саясий окуяларды чагылдырууга катыштым. Жогорудагы телерадиокорпорациянын базасы Душанбе шаарында жайгашкан. Ал жерден Афганстанга барып келчүбүз. Кабулдан талибдерди афгандык атактуу талаа командири Ахмад Шах Масуд баштаган кошуундар сүрүп чыкканын көрдүк. Ошол учурда Кабулдун тургундары аларды кубаныч менен тосуп алганына күбө болгонбуз. Түндүк Афганстандын Бадахшан аймагынын борбору Файзабад шаарында жергиликтүү кыргыздарга жолуккам. Башка улуттагы жергиликтүү тургундар менен таанышып, тегим кыргыз десем абдан таң калып суктанышчу. Мынча эмне таң калдыңар десем "Афганстанга советтик аскерлер кире электе ай сайын Памирден Рахманкул хан атчан жигиттери менен биздин калаадагы базарга соода-сатык жасоо үчүн түшчү. Атчандары менен базарга киргенде ушунчалык сүрдүү эле. Биз базардан чыгып кетчүбүз. Рахманкул хандын жан-жөкөрлөрү соодагерлер менен шашпай соодасын кылып, калааны шашпай аралап кайра тоого кетип бара жатканын суктанып карап турчубуз" деп Файзабаддын тургундары уламыш кылып айтып бергени өзгөчө эсимде калды. Мындан сырткары, Афганстандан Душанбеге келгенде мени дайыма Тажикстандагы Кыргызстандын элчиси маркум Эрик Асаналиев байке тосуп алып, экөөбүз түн бир оокумга чейин маек курчубуз. Мен ага Афганстандагы абал тууралуу айтып берчүмүн. Кээ бир маалыматтар Кыргызстан үчүн пайдалуу эле. Эрик Акматбаевич мага кесиптеш жана ага катары көп кеңешин айтчу, мыкты инсан эле.
© Фото / из личного архива Рысбека МолдогазиеваЯпониянын “Эн-Эйч-Кей” коомдук телерадиокорпорациясынын өкүлү Рысбек Молдогазиев. Афганистан Джабаль-Ус-Сарадж шаары. 2001-жыл.
Экс-посол Кыргызстана в Японии Рысбек Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Япониянын “Эн-Эйч-Кей” коомдук телерадиокорпорациясынын өкүлү Рысбек Молдогазиев. Афганистан Джабаль-Ус-Сарадж шаары. 2001-жыл.
— 2011-жылы 11-мартта Япониянын Хонсю аралында жер титиреп, андан соң топон суудан Фукусима шаарында өзөктүк электр станциясы жабыркаган. Кыйналып турган япон элине Кыргызстандын көмөк көрсөткөнүн көпчүлүк биле бербейт.
— Токио бул кырсыкты Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң алаамат деп атаган. Япониянын полиция агенттигинин маалыматы боюнча, кырсыктан 15,9 миң адам каза таап, 2,5 миң киши дайынсыз жоголгон. Мен Кыргызстандын Токиодогу элчилигинен жаңы эле Бишкекке кайтып, ТИМдин борбордук аппаратында иштеп жаткам. Ошол учурдагы Кыргызстандын башчысы Роза Отунбаева жабыр тарткан Японияга жардам берүү зарыл деп, бизге, анан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырма берди. ТИМ жетекчилиги Япониянын элчиси Син Маруо менен бул багыт боюнча сүйлөшүүнү мага тапшырды. "Бизге иче турган таза суу керек" деди Маруо. "Шоро" компаниясынын жетекчиси Жумадыл Эгембердиевге кайрылып, Кыргызстан өкмөтү Японияга гуманитардык жардам берерин айтып, таза суу керектигин айттым. "Бир тууган япон элине колубуздан келген жардамды аябайбыз" деп Жумадыл байке 3,5 тонна таза суу берди. ТИМ менен ӨКМ Бишкектен бардык гуманитардык жардамды Токиого учак менен жеткизип, аны менен кайра КР жарандарын борбор калаага алып келмек. Суу Мияги префектурасынын Сендай шаарына жеткизилип, жабыркаган аймактын тургундарына таратылган. Кыргызстандын Токиодогу элчилигине зилзала болгон чөлкөмдүн жашоочуларынан терең ыраазычылыгын билдирген каттар көп келген. Кыргызстан Борбордук Азиядан биринчи болуп бизге кол сунду деп япон дипломаттары чын жүрөктөн алкышын айтышты.
© Фото / из личного архива Рысбека МолдогазиеваКР Кагосима калаасындагы ардактуу консулу Масахиро Мидзусако менен Кыргызстандын Токиодогу элчиси Рысбек Молдогазиев (оң жактан экинчи) жана элчиликтин атташеси Тимур Чоңмурунов (арт жакта фотоаппарат менен). Кюсю аралы, Япония. 2013-жыл.
Экс-посол Кыргызстана в Японии Рысбек Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
КР Кагосима калаасындагы ардактуу консулу Масахиро Мидзусако менен Кыргызстандын Токиодогу элчиси Рысбек Молдогазиев (оң жактан экинчи) жана элчиликтин атташеси Тимур Чоңмурунов (арт жакта фотоаппарат менен). Кюсю аралы, Япония. 2013-жыл.
— Ушул зилзаладан чыга албай калган кыргызстандыктарды эвакуациялоодо маркум дипломат Тимур Чоңмурунов зор роль ойногон деген маалымат бар. Бул окуянын чоо-жайын айтып бере аласызбы?
— "Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат" деген макал ошол кырсыкта Тимурдун ишмердүүлүгүнө дал келет. 1998-жылы Тимур Чоңмурунов Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин япон тили боюнча бөлүмүн аяктаган. Андан соң ушул адистик боюнча илимий ишин уланткан. Тимур Токиодо аспирантурада окуп жүргөн учурда Кыргызстандын элчилигине көп көмөк көрсөттү, япон тили менен үрп-адатын мыкты билчү, Бишкек менен Токио ортосундагы байланыштарды чыңдоого чоң салым кошту. Ошондуктан Япониядагы Кыргызстандын элчилигине штаттан сырткаркы кызматкер болуп алынган. 2011-жылы мартта Бишкектен барган жогорудагы гуманитардык жардамды тосуп алууда да чоң жумуш жасады. Өзү демилге көтөрүп, Япониянын алыскы аймактарынан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялаган. Андан тышкары, Тимур элчиликтин дагы бир кызматкери Арслан Кудайберген уулу экөө өмүрүн тобокелге салып, жабыр тарткан Фукусима шаарынан автоунаа менен өтүп, башка чөлкөмдөрдөн Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн жарандарын аман-эсен алып чыккан. Булардын ичинде россиялыктар да бар эле. Суу жеткирген учак менен Бишкекке кыргызстандыктардан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Россиянын жарандары эвакуацияланган.
© Фото / из личного архива Рысбека МолдогазиеваКР Кагосима шаарындагы ардактуу консулу Масахиро Мидзусако менен Кыргызстандын Токиодогу элчиси Рысбек Молдогазиев (ортосунда) жана элчиликтин атташеси Тимур Чоңмурунов (оң жактан биринчи) . Кюсю аралы. Япония. 2013-жыл.
Экс-посол Кыргызстана в Японии Рысбек Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
КР Кагосима шаарындагы ардактуу консулу Масахиро Мидзусако менен Кыргызстандын Токиодогу элчиси Рысбек Молдогазиев (ортосунда) жана элчиликтин атташеси Тимур Чоңмурунов (оң жактан биринчи) . Кюсю аралы. Япония. 2013-жыл.
2011-жылы май айында мен Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Японияга элчи болуп дайындалдым. Тимур экөөбүз кайра чогуу иштештик. Экөөбүз дагы бир кызык окуяга туш болгонбуз. Мени өзүм окуган Токиодогу Аояма Гакуин Дайгаку университетине чакырышты. Чоңмурунов менен чогуу барып профессорлор менен студенттерге Кыргызстан жөнүндө лекция окудум. Ошол жерден университетте иштеген теги орус профессор мага япон тилинде кайрылды. "2011-жылдын март айында Япониянын жабыр тарткан аймактарынан кыргызстандык дипломаттар өздөрүнүн атуулдары менен чогуу РФ жарандарын да эвакуация кылган. Ошон үчүн Токиодогу Кыргызстандын элчилигине ыраазычылык билдиргим келет" деп алкыш айтты. "Ошол кыргызстандык дипломаттардын бири Тимур Чоңмурунов мына ушул жерде отурат" деп Тимурду ордунан тургуздум. Орус профессору ага чын дилинен дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди. Тилекке каршы, 2019-жылы Тимур 43 жашында узак оорудан улам акка моюн сунду. Анын өмүрү "баатырдын өмүрү кыска, даңкы узак" дегендей болду. Япониядагы зилзала учурунда көрсөткөн эрдиги үчүн жогорку мамлекеттик сыйлыкка татыктуу деп ойлойм.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Чоң-Алайдан Акаевди тосуп алган атчандар. Куралдуу күчтөрдүн тарыхынан ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0