https://sputnik.kg/20240323/kyrgyzstan-elchilik-krokus-terakt-1083664423.html
Кыргызстандын элчилиги "Крокустагы" теракт боюнча үн катты
Кыргызстандын элчилиги "Крокустагы" теракт боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
Кырсыктан каза болгондор менен жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар-жогу тактала элек. 23.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-23T02:02+0600
2024-03-23T02:02+0600
2024-03-23T09:14+0600
подмосковьедеги “крокус сити холлдо” болгон теракт
кыргызстан
элчилик
россия
крокус сити холл
теракт
москва
https://sputnik.kg/img/104143/38/1041433857_0:712:4000:2962_1920x0_80_0_0_64f4b3534570b1ad6923a0819e1a8427.jpg
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт боюнча тиешелүү иш жүргүзүп жатканын маалымдады.Азырынча кырсыктан каза болгондор менен жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар-жогу тактала электиги айтылды.Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имаратта өрт күч алгандыктан аны өчүрүүгө тик учактар тартылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.
https://sputnik.kg/20240323/mokva-krokus-siti-kholl-terakt-1083662473.html
крокус сити холл
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104143/38/1041433857_0:0:4000:3000_1920x0_80_0_0_c730c8fb645f518ce67e596b05c76bd4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, элчилик, россия, крокус сити холл, теракт, москва
кыргызстан, элчилик, россия, крокус сити холл, теракт, москва
Кыргызстандын элчилиги "Крокустагы" теракт боюнча үн катты
02:02 23.03.2024 (Жаңыртылды: 09:14 23.03.2024) Кырсыктан каза болгондор менен жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар-жогу тактала элек.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт боюнча тиешелүү иш жүргүзүп жатканын маалымдады.
Азырынча кырсыктан каза болгондор менен жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар-жогу тактала электиги айтылды.
"Жеринде өрт өчүрүү, адамдарды куткаруу иштери жүрүп жаткандыктан жабыр тарткандар менен каза болгондордун өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлө элек. Ошол эле учурда элчиликтин консулдук бөлүмү бул маселе боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат", — деп билдирди элчилик.
Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имаратта өрт күч алгандыктан аны өчүрүүгө тик учактар тартылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.
23 Жалган Куран 2024, 01:26