00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
1 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Такие универсальные куклы: друг для взрослого, элемент коллекции или украшение на елку
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Рыноктогу адилеттүү атаандаштык: Монополияга каршы кызматтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү
09:05
51 мин
On air
09:56
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Тема дня
Экономические итоги года в Кыргызстане — рекордный рост ВВП и борьба с коррупцией
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандык медиктер балдарга орозо кармоо сунушталбай турганын эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин эски аянтында ыйык Орозо айт майрамына карата Айт-намазына катышкан өспүрүм балдар. Архив
Бишкектин эски аянтында ыйык Орозо айт майрамына карата Айт-намазына катышкан өспүрүм балдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Адистер баланын ден соолугу биринчи орунда турарын айтат.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Соңку мезгилде мектеп жашындагы балдар (7 жаштан 17 жашка чейин) арасында орозо кармоо көнүмүш адат болуп калды. Бирок дарыгерлер медициналык изилдөөлөргө таянып, бул практикадан баш тартууну сунуштап жатканын Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Кыргызстандык дарыгерлер буга төмөнкүдүй жүйөлөрдү келтиришкен:
Ден соолукка таасири. Мектеп курагындагы балдар дене бой менен психиканын өсүшүнүн маанилүү этабында болот. Тамактануу жана уйку режимдеринин бузулушу ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Окуудан артта калуу коркунучу. Толук кандуу тамактануу менен уйкунун жетишсиздиги концентрацияны, көңүл бурууну жана окууга болгон жөндөмдү бир топ төмөндөтөт. Бул нерсе өз кезегинде окуудан артта калууну шартташы ыктымал.
Стресс жана кыжырдануу. Тамактануу менен уйкунун жетишсиздиги балдарда ашыкча кыжырдануу менен стрессти жаратат. Бул өспүрүмдүн эмоционалдык абалына терс таасир берет.
Иммунитеттин начарлашы. Балдар өз убагында тамак ичпей, уйкудан калганда иммундук система жабыркашы мүмкүн. Мындан улам балдар ар түрдүү инфекциялык ооруларга чалдыгып калуу ыктымалдыгы күч болот.
Суунун жетишсиздиги өмүргө коркунуч жаратат. Балдардын узак убакытка тамак менен суу ичпей жүргөнү алардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Андыктан чоң адамдын көзөмөлү сөзсүз керек.
Дарыгерлер ата-энелерге баланын ден соолугу биринчи орунда турарын эскертип, аларды туура тамактандырууга жана уйкусун көзөмөлгө алууга чакырган.
Үй-бүлө Ыйык Рамазан айында кечки ооз ачуу учурунда (кечки тамак). Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Орозодогу туура тамактануунун жолдору. Дарыгердин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0