Чоң-Алайдан Акаевди тосуп алган атчандар. Куралдуу күчтөрдүн тарыхынан ирмемдер

© Sputnik / Табылды КадырбековКРнын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери. Архив
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
Эгемен Кыргызстандын 32 жыл мурун түптөлгөн Куралдуу күчтөрү ушул күнгө чейин далай сыноону башынан кечирди. Кыргыз армиясынын түптөлүшү боюнча көп фактылар ачыкка чыга элек.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү жаңыдан түптөлө баштаган кезде "улуттук армиянын кереги барбы" дегендер да болгон. "Кыргызстанга эч ким кол салбайт, өлкө Куралдуу күчтөргө муктаж эмес. Келген чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу үчүн Ардак кароол гана жетет" деп армияга өгөй мамиле кылгандар чыккан. Колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн аскердик тарыхындагы айрым окуяларды чогултканга аракеттенди.
© Sputnik / Жантай МакеновКудайберген Субанбеков жогорку пилотаж боюнча СССРдин спорт чебери, 1-класстагы учкуч-инструктору (сол жактан экинчи ) инструктор Виктор Мухаммедьяров (сол жактан биринчи) кесиптештери менен
Мастер спорта СССР по высшему пилотажу, летчик-инструктор 1 класса Кудайберген Субанбеков с коллегами  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Кудайберген Субанбеков, жогорку пилотаж боюнча СССРдин спорт чебери, 1-класстагы учкуч-инструктор
© Фото / из личного архива Абдыгула ЧотбаеваГенерал-полковник Абдыгул Чотбаев
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Улуттук гвардияда биринчи болуп парашюттан секирген Абдыгул Чотбаев
— 1992-жылы Фрунзе аэроклубунун жетекчиси элем. Ага чейин Кыргызстанда учкучтарды даярдап, парашюттан секиргенди үйрөткөм. 1990-жылдардын башында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү түптөлүп жаткан учур болчу. Жаңыдан түзүлгөн Улуттук гвардиянын жетекчилигине полковник Камчыбек Курбаналиев дайындалды. Жолукканда гвардиянын аскерлерин парашюттан секирүү боюнча даярдыктан өткөрүп, учактан секиртиш абзел деп сунуш бердим. Демилгем колдоого алынгандан кийин план түзө баштадым. Жоокерлерди парашютту чогултуу ыкмасынан баштап учактан секирүү жана жерге түшүү боюнча машыктыруу керек эле. Бир аз убакыттан кийин Курбаналиевдин ордуна подполковник Абдыгул Чотбаев (азыркы учурда отставкадагы генерал-полковник) дайындалды. Чотбаев да менин сунушумду колдоду. Гвардиянын жоокерлери бул багытта атайын машыгуудан өтүп, парашюттан секирүүгө даяр болушту.
Чотбаевге "Улуттук гвардиянын жетекчиси катары аскерлерге үлгү көрсөтүп, биринчи болуп парашют менен секиришиңиз керек" дедим. Ал күлүп, сунушумду кабыл алды. Буга чейин парашюттан секирип көрбөптүр. Ошентип 1992-жылы майдын аягында Абдыгул Чотбаев эгемен Кыргызстандын аскердик тарыхында алгачкы жолу Жайыл районунда жайгашкан Фрунзе аэроклубунун аэродромунан парашюттан секирди. Анын аркасынан гвардиянын аскерлери секиришти. Бардыгы аман-эсен жерге түштү.
Иш-чараны такшалган инструкторлор Виктор Мухаммедьяров менен Александр Кремлев өткөрүшкөн. Кийин бул багытты Улуттук гвардияга Литвадан которулуп келген дасыккан адис Табылды Окошев улантты. Менин көз карашымда, Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жоокерлердин бардыгы парашюттан секирүүнү үйрөнүшү керек.
© Sputnik / Акбар АкжигитовВетеран Министерства обороны КР, полковник в отставке Саламат Абдылдаев
Ветеран Министерства обороны КР, полковник в отставке Саламат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Саламат Абдылдаев, КР Коргоо министрлигинин ардагери, отставкадагы полковник

Минометтон үркпөгөн эшектер

— 1979-1981-жылдары Түндүк Афганстандын Кундуз аймагында 40-армиянын 201-мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөм. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү тоо болгондуктан аскердик техника көп жерден жүрө албайт. Моджахеддерге каршы тиреште жылкы менен эшекти пайдаланганбыз. Жүк, радиостанция, ок-дары, миномёт жүктөп ташычубуз. Бул жандыктарга ыңгайлаштырып чүпүрөктөн куюшкан жасаган учурлар да болду. Таң калганым, миномет атылганда жылкы үркүп, эшек үркпөй оттой берет экен.
Афганстандан Кыргызстанга кайтканда аскер комиссариаты жаатында иштедим. 1999-жылы Баткен коогалаңы башталганда Бишкекке кызматым боюнча келип, мейманканада афган согушунун ардагери Эмил Савданбеков менен жолугуп калдым. Ал да аскердик комиссариат системасында иштечү. Экөөбүз Афганстанда моджахеддерге каршы согушуп жүргөн учурда жылкы менен эшек советтик аскерлерге кандай жардам бергенин эстедик. 1988-1990-жылдары Эмил Ош шаарындагы тоо аткычтар бригадасынын курамындагы атчандар эскадронунда кызмат өтөптүр. Ал "жоокерлер курчоодо калганда атты жыгып окоптун ордуна колдонсо болот. Ошондой эле эшекти да атты үйрөткөндөй эле машыктырып, аны да аскердик багытта колдонсок болот" деп тажрыйбасынан бир топ кызыктарды айтып берди. Сөзүнө абдан баа бердим. Демек, биз дагы Баткенде жергиликтүү калктан жылкы, эшек чогултушубуз керек экен деп ойлодум. Афганстанда советтик 40-армияга да жылкы менен эшек чоң көмөкчү болгон. Биз да Баткенде ӨИКтин (КР менен РФте тыюу салынган "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук уюму) согушкерлерине каршы ушул тактиканы колдонолу деп Коргоо министрлигине сунуш бердик. Министрликтин кызматкерлеринин көбү экөөбүздү "эми бул жаныбарларды мобилизация кыласыңарбы" деп шылдыңдаган. Акыры биздин сунушубуз туура болуп чыкты. Себеби Баткенде да аскердик техника тоого чыга албай калган учурлар көп болду. Коргоо министрлигинин башкы мобилизация-уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси, маркум генерал-майор Борис Югай Афганстандагы советтик 40-армиянын тажрыйбасын колдонуу тууралуу демилгебизди колдоду. Анын тапшырмасы менен Ош шаарына учуп барып, облустун аскер комиссары, маркум генерал-майор Жолон Жумашов менен жолугуп, идеяны түшүндүрдүк. Жумашов өз кезегинде ГАЗ-24 "Волга" жеңил автоунаасын бөлүп берди. Эмил экөөбүз Баткен облусуна барып жылкы менен эшектерди жергиликтүү калктан ижарага алдык. Аларга Куралдуу күчтөр ай сайын 350 сомдон төлөп берүү шартын иштеп чыктык. Демилгебизди ага чейин Улуттук гвардиянын башчысы, Куралдуу күчтөрдүн ӨИК согушкерлерине каршы контроперациясынын жетекчиси, генерал Абдыгул Чотбаев да колдогон. Жандыктар чогултулган соң Савданбеков Чоң-Алайдагы Карамык айылына барып атчандарды даярдады. Бүгүнкү күндө аскер комиссариаттары мындай тажрыйбаны терең талдап, колдонуусу абзел. Жылкы менен эшек аскер комиссариаттарынын каттосунда турушу керек деп эсептейм.
© Фото / из личного архива Эмиля СавданбековаВетеран пограничной службы КР, полковник в отставке Эмиль Савданбеков
Ветеран пограничной службы КР, полковник в отставке Эмиль Савданбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Эмил Савданбеков, КР Чек ара кызматынын ардагери, отставкадагы полковник

Аскар Акаевди тосуп алган Чоң-Алайдагы атчан жоокерлер

— Мен 1986-жылы Одесса калаасындагы Жогорку артиллериялык командалык училищенин минометчу адистигин бүткөм. 1987-1988-жылдары Түндүк Афганстандын Кундуз аймагындагы 40-армиянын артиллериялык полкунун батареясынын ага офицери, заставанын жетекчиси катары кызмат өтөдүм. Биздин бөлүк да афгандык согушкерлерге каршы күрөштө жылкы менен эшекти пайдаланган. Бул согушта СССРдин Өзгөчө аскердик күжүрмөндүк көрсөткөндүгү үчүн медалы менен сыйлангам. 1988-1990 жылдары Ош шаарындагы тоо-аткычтар бригадасынын курамындагы атчандар эскадронунда миномет аткыч болдум. Бул эскадрон сыяктуу тактикалык бирикме Москвада гана бар эле. Анын толук аталышы "11-өзүнчө атчандар полку" болчу. Азыркы күндө бул полктун мураскери — РФ президентин коштогон Ардактуу атчандар кароолу. Оштогу эскадрондо атчандардан сырткары, камсыздоо, байланыш жана миномёт ротасы бар болчу. Тактикалык бирикмеде үч жүз жоокер кызмат өтөчү, анын ичинде кыргыздан мен жана аскердик ветеринар Нурлан Өмүралиев бар эле. Эскадронго жылкылар абдан тандалчу. Анткени 1960-1990-жылдары СССР менен Кытайдын ортосунда мамиле курч турган. Нарын менен Ош аймагы Кытайга чектеш болгондуктан тандалган аттар аскердик комиссариаттын атайын тизмесинде эле. Эскадронго тандалган жылкылар аскердик ыкмаларга үйрөтүлчү. Жоокер ат үстүндө чаап баратып мылтыктан атчу. Жылкы үркчү эмес. Ат үстүндө чабуул жасоо ыкмалары үйрөтүлчү. Андан тышкары, бул жылкыларга Москвада атайын жасалган башкача ээр токулчу. Аскерлер курчоодо калса аттарды жыгып, аларды окоптун ордуна колдонууга үйрөткөнбүз. Ошол эле убакта бул жылкылар жүк, радиостанция, ок-дары жана миномётту ташууга үйрөтүлгөн. Тилекке каршы, 1991-жылы жогорудагы эскадрон таратылды. Мен Чолпон-Ата шаарындагы аскердик комиссариатта кызматымды уланттым. 1999-жылы Баткен коогалаңы башталганда Афганстандагы абал кайталанды. Баткен тоолуу чөлкөм болгондуктан аскердик техниканы толук колдонууга мүмкүн болбой калды. Жетекчиликтин колдоосу менен Афганстандагы тажрыйбаны колдондук. Мен атчандарды даярдадым. Ошол убакта мобилизация болгон аскерлердин бир бөлүгү Чоң-Алай районунун Карамык айылындагы мектепке жайгаштырылган эле. Жылкыларды бир айдын ичинде даярдаганбыз. Жоокерлерге ат үстүндө чабуулга өтүү, ээр токуу жана жүк ташуу ыкмаларын үйрөттүк. Карамыкка келген Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевди атчан аскерлер тизилип тосушкан. Кызыгы, жоокерлерге "түз тургула" деп команда берилгенде жылкылар да ушул буйрукту аткарар эле. Анткени аскерлер аттын башындагы жүгөндүн ооздугун сол колу менен бекем кармап турат. "Түз тур" деп команда берилгенде жоокерлер сол колу менен жылкынын башын өөдө көтөрөт. Ошондо аттар да бул буйрукту аткаргандай болуп калат. Акаев аябай таң калган эле. Аскерлерди ушунча машыктырганыма ыраазы болуп, акчалай сыйлык берген.
Мен машыктырган аскерлер Баткен коогалаңында айрым ыкмаларды пайдаланышты. Баамымда, Коргоо министрлиги атчандар эскадронун кайрадан түзүшү абзел. Бул багытта офицерлер менен жарандык адистерди даярдоо керек, атайын адабият жана ат жабдыктарын Россиядан алдыруу зарыл. Мындан сырткары, Ошто тоо-аткычтар бригадасынын кампасында сакталган ээрлерди тапсак жакшы болмок. Бийик тоолуу шартка чыдаган жылкылардын породасын кайрадан селекция кылып өстүрүү керек. Бул боюнча Советтер Союзунун тажрыйбасын колдонуу абзел. Мында аскердик комиссариаттар маалымат топтоп, стратегиясын иштеп чыгышы керек
30 жылга созулган Вьетнам согушуна катышып келген Курсан Мадинов. Видеомаек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
30 жылга созулган Вьетнам согушуна катышып келген Курсан Мадинов. Видеомаек
Жаңылыктар түрмөгү
0