Балыкчы — Барскоон жолу качан курулуп бүтөрү айтылды

© пресс-служба мэрии города БишкекЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Трассанын узундугу 141 чакырымды түзөт.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Балыкчы — Барскоон трассасынын курулушу 2026-жылы соңуна чыгарын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматта курулушту эки жеке компания менен "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатканы айтылат.
Мындан тышкары, учурда Барскоон — Каракол жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканы белгиленди.
Балыкчы — Барскоон жолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Курулуш аяктагандан кийин анын төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө.
Жол оңдоо иштери. рхивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Төрөбаев 2024-жылы кайсы жолдор оңдоло турганын айтты. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0