Макрондун аялы эркекпи? АКШдагы Франциянын биринчи айымы боюнча "иликтөө"

© Sputnik / ТАСС/POOL / Медиабанкка өтүүФранция президенти Эммануэль Макрон жубайы Брижит Марко менен. Архив
Франция президенти Эммануэль Макрон жубайы Брижит Марко менен. Архив   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит эркек деген маанайдагы маалыматтардын "далилдери" жарыялана баштады.
Америкалык журналист жана теле алып баруучу Кэндис Оуэнс Франциянын биринчи айымынын жашыраак кезиндеги сырлары деп бир катар маалыматтарды алып чыкканын РИА Новости жазды.

Кадыр-барк, бедел кыл учундабы?

"Бул кутумчулуктун акылга сыйгыс теориясы болуп калат деп маалыматтарды иликтеп чыктым. Бирок такыр андай эмес экен", — деген Оуэнс. Тапкан маалыматтарына үңүлүп, терең карап чыгуу үчүн эки күн жумшагандыгын айткан.
Айтылган фактылардын бири — Вероник атуу трансгендердин 1977-жылдагы видеомаеги. Аудиоанализ үндүн Брижиттикине окшоштугун көрсөткөн. Калган материалдар Франция президентинин аялынын жынысы тууралуу буга чейин айтылып келген божомолдорго үндөш. Конспирологдордун айтымында, Франциянын азыркы биринчи айымы 1961-жылы кумга сиңген суудай жок болуп кеткен чыныгы Брижиттин бир тууганы Жан-Мишель Тронье болушу мүмкүн.
Оуэнстин айтымында, бир катар саясатчылар жубайларды алардын колунда болгон маалыматтар менен опузалап, тигил же бул чечимдерди кабыл алышын талап кылышкан.
Брижиттин тарыхынан Британия падышасы Карл III маалымдар болгон дешет. Муну мамлекеттик иш-чараларда анын Брижиттин колун өппөй (этикетте каралгандай - ред.), жөн гана учурашып койгону менен түшүндүрүп жатышат.
Оуэнс эгерде айтылгандар калп болсо Брижит 30 жаштын тегерегиндеги сүрөттөрүн жарыялап, агасы менен маалымат жыйын өткөрүшү керек дейт. Мындай талабы менен теле алып баруучу беделин жана кесибин тобокелге салган.

Үй-бүлө сырлары

Биринчи айым тууралуу күбүң-шыбың кептер Макрон аборт жасатуу укугун Баш мыйзамда бекитүү боюнча айткан учурда — 8-мартта жүрүп баштаган.
Франция лидеринин сөзү феминизм жана сексизм менен күрөшүү жаатында жүргөн. Ал Брижитке каршы тарап жаткан "жалган маалыматка" терс реакциясын билдирген.
Айыңдар менен күрөш расмий маалыматтар менен чектелип калбайт. Былтыр июнда Париж соту биринчи айымдын доосун канааттандырып, Амандин Рой менен Наташа Рейге айып салган. Алар Брижит Макронду трансгендер деп аташкан. Айып пул символикалык мүнөздө болгон. Бирок экөө териштирүү учурунда "мамлекеттик сырды" ачууга жасалган аракеттер үчүн аларга басым жасалганын айтышкан.
Биринчи айым Брижит эмес деген айыңды 2021-жылы Ксавье Пуссар менен Рей айтып чыккан. "Фактылар жана документтер" деген басылмага Троньенин үй-бүлөсүнүн эски сүрөтү жарыяланган. Энесинин алдында кичинекей кыз, ал эми анын жанында биринчи айымга окшогон агасы Жан-Мишель отурат.
Расмий маалыматтарда Брижит болочоктогу лидер Эммануэль менен банкир Андре-Луи Озьердин аялы (үч балалуу болгон учурда) кезинде эле жолугуп жүргөнү айтылып келет. Анткен менен конспирологдор банкир жөн гана айтылган киши экенин, ал туурасында маалыматтар такыр жоктугун белгилешет. Аны социалдык тармактан да табышкан эмес. Бир гана үйлөнүп жатканда түшкөн сүрөтү жүрөт. Елисей сарайы журналисттерге Озьердин үйдө, чөп чапкыч машина менен жүргөнүн көрсөткөн. Маалыматта анын сүрөттөгү адамга такыр эле окшобогону жазылган. 2020-жылдын күзүндө Брижиттин мурдагы күйөөсү 11 ай мурда эле каза таап, жашыруун көмүлгөнү боюнча маалымат тараган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон Россия жеңсе Европага ишеним жоголорун айтты

Елисей сарайынын көлөкөлүү сырлары

"Брижит Макрон. Француз романы" фильминин режиссеру Виржини Линарга президенттин аялынын жаш кезиндеги сүрөттөрү керек болуп, бирок Елисей сарайынан эч нерсе ала алган эмес.
"Анын мурдагы жашоосуна байланышкан нерселер чытырман токойдой эле",— деген фильмдин автору.
Троньенин үй-бүлөсү баланы жакшылап карабай, ар кыл шектенүүлөрдөн алыс болуу максатында кичинекей Брижиттин чарчап калганын жашырып койгондой деп баяндалат материалда. Буга көп деле күч кетпеген өңдүү. Карындашынын өлүмү Алжирге окууга кеткен Жан-Мишелге катуу тийген деп айтылат. Ал жашыруун кызматтын агенти, атасы менен агасы Африкада мегаполис элитасында жакшы байланышы бар Жан-Луи Озьердин таасиринде калат. Озьер өзүнүн фамилиясындагы банкир-күйөөнү ойлоп тапкан дешет.
Журналисттер 1984-жылы Жан-Мишель Брижитке айланып, анын атында документ алган деп айтып келишет. "Трансгендердин" максаты — франциялык элиталык мектептерге таасирин арттыруу, анын аркасында келечегинен көптү үмүттөндүргөн өспүрүмдөрдү таап, аларга таасир этүү болгон дешет. Алардын арасында Франциянын болочоктогу президенти бар эле.
"Макрон айым кайсы жерде болбосун күйөөсү тандап берген жан сакчылардын жана эки пиарчынын коштоосунда жүрөт. Алар ашык сөз чыгып кетпеши үчүн көз албай карап турушат", — деп айтып берген Ксавье Пуссар.
Журналист Брижит менен цензурасыз интервью уюштурууга мүмкүн эместигин айткан. Кайсы бир маалыматтарды текшертип, тастыктатып алууга да болбойт. Анткен менен трансгендерлик тууралуу айтып-делген бир канча кеп-сөздөргө карабастан, Франциянын элинин көбү муну кутумчулуктун теориясы дешет.
Фактылардын көбү так эместей, ага далил катары жазылгандарга дагы деле ич чыкпай турат.
Прибытие глав делегаций на торжества по случаю 100-летия окончания I мировой войны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2018
Францияда Меркелди президент Макрондун аялы менен алмаштырып алышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0