https://sputnik.kg/20240313/ekspert-beyokmot-uyumdar-zhonundogu-miyzam-dolbooru-tuurasynda-aytyp-berdi-1083393246.html
Эксперт: бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү документ ызы-чуу эмес, талкуу жаратышы мүмкүн
Эксперт: бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү документ ызы-чуу эмес, талкуу жаратышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы советтик мамлекеттердин бардыгында окшош — бейөкмөт уюмдарды мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсүндө таасир этүүчү курал катары колдонуу көйгөйү бар. 13.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-13T19:16+0600
2024-03-13T19:16+0600
2024-03-13T20:36+0600
пресс-борбор
кыргызстан
бейөкмөт уюму
коомчулук
мыйзам долбоору
эксперт
эсен усубалиев
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0d/1083385347_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_6d053c28c707be119c9fcc307768a991.jpg
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорунан улам ызы-чуу чыкпайт, бирок кеп-сөз болушу мүмкүн. Бул туурасында эл аралык мамилелер боюнча адис Эсен Усубалиев айтты.Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган "КМШ өлкөлөрүндө бейөкмөт уюмдардын ишин эмнеге жөнгө салуу керек" аттуу видеоконференцияга катышып, пикирин билдирген.Эске салсак, Жогорку Кеңеш коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырып, президент Садыр Жапаров документ Кыргызстанда иштеген бейөкмөт же коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирген.Брифингде эгер мыйзам кабыл алынып калса АКШ ага кандай реакция кыларын сурашкан.Ал мурдагы советтик мамлекеттердин бардыгында бул жаатта окшош маселе бардыгын айткан. Ал — бейөкмөт уюмдарды мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсү, аны коомдук пикирге эле эмес, коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүчү курал катары колдонуу көйгөйү. Ага Грузияда эл көчөгө чыккандан кийин жогорудагыдай чараларды колдонуу аракеттеринин жасалганы мисал.Эксперттин айтымында, АКШ бейөкмөт уюмдарды колдонуу менен кырдаалды чайпалтышы мүмкүн. Бул коомдук-саясий айдыңга таасир этүүчү кубаттуу механизмдердин бири.Саясий кесепети тийиши мүмкүн деген көз караштан алып караганда, эксперт Кыргызстанда кандайдыр бир башаламандыкка алып келчү нерселерди көрбөгөндүгүн айткан."Азыр олуттуу деле ызы-чуу чыкпайт, бирок кеп-сөз болушу мүмкүн", — деп кошумчалаган кандайдыр бир чагымчылык жараларын четке каккан ал.
https://sputnik.kg/20240313/beyokmot-boyuncha-uyumdar-miyzam-aksh-kyrgyzstan-1083387350.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0d/1083385347_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_7cfb38971864070b2ab25180f9f3220f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бейөкмөт уюму, коомчулук, мыйзам долбоору, эксперт, эсен усубалиев
кыргызстан, бейөкмөт уюму, коомчулук, мыйзам долбоору, эксперт, эсен усубалиев
Эксперт: бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү документ ызы-чуу эмес, талкуу жаратышы мүмкүн
19:16 13.03.2024 (Жаңыртылды: 20:36 13.03.2024) Мурдагы советтик мамлекеттердин бардыгында окшош — бейөкмөт уюмдарды мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсүндө таасир этүүчү курал катары колдонуу көйгөйү бар.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорунан улам ызы-чуу чыкпайт, бирок кеп-сөз болушу мүмкүн. Бул туурасында эл аралык мамилелер боюнча адис Эсен Усубалиев айтты.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган "КМШ өлкөлөрүндө бейөкмөт уюмдардын ишин эмнеге жөнгө салуу керек" аттуу видеоконференцияга катышып, пикирин билдирген.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырып, президент Садыр Жапаров документ Кыргызстанда иштеген бейөкмөт же коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирген.
Брифингде эгер мыйзам кабыл алынып калса АКШ ага кандай реакция кыларын сурашкан.
Ал мурдагы советтик мамлекеттердин бардыгында бул жаатта окшош маселе бардыгын айткан. Ал — бейөкмөт уюмдарды мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсү, аны коомдук пикирге эле эмес, коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүчү курал катары колдонуу көйгөйү. Ага Грузияда эл көчөгө чыккандан кийин жогорудагыдай чараларды колдонуу аракеттеринин жасалганы мисал.
Эксперттин айтымында, АКШ бейөкмөт уюмдарды колдонуу менен кырдаалды чайпалтышы мүмкүн. Бул коомдук-саясий айдыңга таасир этүүчү кубаттуу механизмдердин бири.
"Эгерде элчинин (АКШныкы, жакында кенен интервью берген – ред.) сөзүнөн, балким, айрым аракеттеринен улам эмне болорун божомолдоого аракет кыла турган болсок, анда Кыргызстанда кандайдыр бир олуттуу толкундоолордун жаралышынан күмөнүм бар. Коомчулук, бейөкмөт уюмдар бул мыйзамды кабыл алууга мажбур болот деп ойлойм", — деген Усубалиев.
Саясий кесепети тийиши мүмкүн деген көз караштан алып караганда, эксперт Кыргызстанда кандайдыр бир башаламандыкка алып келчү нерселерди көрбөгөндүгүн айткан.
"Азыр олуттуу деле ызы-чуу чыкпайт, бирок кеп-сөз болушу мүмкүн", — деп кошумчалаган кандайдыр бир чагымчылык жараларын четке каккан ал.