БМП үстүндө отурган командирдин буту жулунуп кетти. "Афганчы" Кенжеевдин маеги

© Sputnik / Максим МарочкинЭкинчи мусулман батальонун жоокери Марият Кенжеев
Экинчи мусулман батальонун жоокери Марият Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
35 жыл мурда 15-февралда Афганстандагы жарандык согушка аргасыз катышкан советтик 40-армия толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен. Кандуу тиреште Советтер Союзунун Куралдуу күчтөрү 15 миңден ашык жоокерин жоготкону маалым.
Согушка атактуу экинчи мусулман батальонунун катарында жердешибиз Марият Кенжеев да катышкан. Анын кан кечкен "афганчылар" тууралуу айтып бергенин колумнист Алмаз Батилов кагазга түшүрүп алды. Каарманыбыз учурда 65 жашта. Семипалатинск шаарында жогорку билимдүү болуп, 1980-жылы Советтик армиянын катарына чакырылган.
— Панжшер капчыгайында атактуу талаа командири Ахмад Шах Масудга каршы экинчи мусулман батальону согушкан. Бул батальонго кандайча кошулуп калдыңыз эле? Силердин эрдигиңердин аркасы менен миңдеген советтик аскер аман калган эмеспи.
— Алматы шаарынын жанындагы Капчыгай калаасында жайгашкан СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын өзгөчө даярдыктагы өзүнчө 177-отрядында кызмат өтөй баштадым. Бул отряддын курамында кыргызстандык жана казакстандык аскерлер көп болчу, теги кыргыз офицерлер да бар эле. Менин ротамдын биринчи командири, ага лейтенант маркум Таалайбек Шатемиров болчу (КР коргоо министринин орун басарлыгын аркалады). Кийин биздин отряд "Экинчи мусулман батальону" деп аталды. Батальондун командири даңазалуу Кара майор, ырамытылык Борис Керимбаев эле.
© Фото / из личного архива Марията КенжееваЭкинчи мусулман батальонун аскери Марият Кенжеев (алдыда) полктоштору менен. Түндүк Афганистан. 1981-жыл, күз.
Боец ​​Второго мусульманского батальона Марият Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Экинчи мусулман батальонун аскери Марият Кенжеев (алдыда) полктоштору менен. Түндүк Афганистан. 1981-жыл, күз.
— Командачылык батальондун Афганстанга бара турганын айткан эмес дешет.
— Кабулга барарыбызды Капчыгайдагы десант батальондо атайын даярдыктан өтө баштаганда гана билдик. Кыска убакыттын ичинде тактикалык машыгуудан өттүк, парашюттан секиргенди үйрөндүк. Мен БМДнын (аскер-десанттык автоунаа) аткыч-оператор адистигине даярдалдым. 1981-жылы 25-октябрда Түркмөнстанга жөнөдүк. Үч күндөн кийин совет-афган чек арасынын жанында эс алдык. Чек арадан өтөр алдында аскердик тик учак менен маршал Сергей Соколов учуп келди. "Мындан ары Афганстанга барасыңар. Кимде-ким баргысы келбесе бир кадам алдыга чыккыла" деп кайрылды. Эч ким чыккан жок. 29-октябрда түн ичинде Түндүк Афганстандын Фарьяб аймагына кирдик, бизди абадан аскердик тик учактар коштоду.
Фарьябга киргенде 201-мотоаткычтар дивизиясынын 122-полкунун тоолуу батальону тосуп алды. Алар Фарьябдын борбору Меймене шаарына чейин коштоп барды. Жолдон моджахеддер капысынан кол салып, аткылашты. Батальондун эки БТРинин таш-талканы чыкканын көрүп үрөйүбүз учту. Түштө эс алууга токтодук. Мен айдаган БМДнын радиаторун ок тешип кетиптир. Аны ширетип оңдойлу деп зым издеп калдым. Ошол учурда тент менен жабылган ГАЗ-66 автоунаанын жанынан өтүп баратып ачып жибердим. Ичинде бизди тосуп алган батальондун жоокерлеринин сөөктөрү экен. Кузовдон кан агып жатат. Кайра тентти жабайын десем колум карышып калды. Бир топко чейин туруп, анан эсиме келдим. Машинамды көздөй бастым. Менин бозоргон өңүмдү көрүп улуту казак куралдашым Эсентай чочуп кетти. Эмне болду дегенинен "тиги автоунаны карачы" дедим ага кол жаңсап. Ал да барып, өңү бозоруп келди. Үйгө тирүү кайтабызбы-жокпу деп ойлондук. Андан соң жолубузду улантып Меймене калаасына келдик.
© Фото / из личного архива Марията КенжееваЭкинчи мусулман батальонун жоокери Марият Кенжеев (оң жакта) куралдашы менен. Түндүк Афганистан. 1981-жыл, күз.
Боец ​​Второго мусульманского батальона Марият Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Экинчи мусулман батальонун жоокери Марият Кенжеев (оң жакта) куралдашы менен. Түндүк Афганистан. 1981-жыл, күз.
— Аймактагы аскердик операцияларга катышып, такшала баштадыңар да?
— Ооба. 1981-жылы 17-ноябрда биздин батальон Андхой шаарына чыкты. Ал жерден жүк ташуучу КамАЗ автоунааларына ок-дары, тамак-аш жана күйүүчү-майлоочу май жүктөлгөн эле. Бул автокербенди Мейменеге коштоп бара жатканыбызда көпүрөдөн өткөндө козголоңчулар буктурма уюштуруп, кол салышты. Адегенде колоннанын башындагы эки аскердик автоунааны РПГ-7 гранатомету менен атып талкалашты. Андан соң ок жаадырышты. Ротабыздын командири капитан Сейилхан Смаиловдун сол жагына ок тийип катуу жарадар болду. Мындан сырткары, үч полктошум окко учту. Дагы сегиз жоокер жаракат алды. Бизди абадан коргогон эки аскердик тик учак моджахеддерди аткылап чоң жардам беришти. Командирибизди ошол тик учактын бирине салдык, операция жасалып аман калды. Андан кийин ротага ага лейтенант Калибек Ахметов командир болду. Буга чейин Ахметов жарадар болуптур, батальондун командири Керимбаев аны госпиталга жиберсе баш тартып барбай койгон экен.
Андан соң командачылык бизди Фарьяб чөлкөмүнүн Дарзоб районуна жиберди. Бул райондо моджахеддерге каршы салгылашып, такшала баштадык. Ошол эле учурда батальон көп жоготууга учурады. Бир аскердик операциянын учурунда Мейменедеги капчыгайга кирдик. Ал жакта жердин асты менен кеткен туннель өтөт экен. Ошол жерден бурулганда бактан моджахеддер командирдин аскердик машинасын гранатометтон атышты. Үстүндө отурган Ахметовдун бир буту жулунуп кетти. Механик-айдоочу Мухтар Оспанов да оор жаракат алып, бир аз убакыттан кийин үзүлдү. Ахметовду аскердик тик учакка салалы десек ал бир топко чейин коно албай койду. Анын айынан командирибиз кансырап каза болду.
Ушул кандуу тирешүүдө полктоштор бири-бирибизге жөлөк болдук. Ал жерде өмүр менен адамгерчиликтин баасын билдик. Батальондун командири Борис Керимбаевди пир тутчубуз. Ал чыныгы офицер эле. Башка офицерлерди да бир туугандай көрчүбүз. Алардын көрөгөчтүгү менен далай буктурмадан аман чыктык. Бизге Борис Тукенович "уулдарым", "бүркүттөрүм" деп кайрылчу. Ошондо ал болгону 34 эле жашта экен. Отрядда эң улуубуз Керимбаев эле.
© Фото / из личного архива Марията КенжееваЭкинчи мусулман батальонун жоокери Марият Кенжеев (оң жактан биринчи) куралдаштары менен. Түндүк Афганистан. 1981-жыл,күз.
Боец ​​Второго мусульманского батальона Марият Кенжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Экинчи мусулман батальонун жоокери Марият Кенжеев (оң жактан биринчи) куралдаштары менен. Түндүк Афганистан. 1981-жыл,күз.
— Афгандык боордошторго жолуккан учурлар болдубу?
— Ооба. Бир жолу Дарзобдогу бир айылга рейд кылып кирдик. Бир короого кирсек беш аял бала-чакасы менен килем токуп жатышкан экен. Бизди көрүп үйдүн ээси чыкты. Өңү кыргызга окшоп кетти. Сөздөн сөз чыгып, чынында эле кыргыз болуп чыкты. Көрсө, Октябрь революциясына чейин ата-энеси бир байдын малайы болуптур. 1920-жылдары Советтер Союзунда коллективизация башталганда баягы бай бир нече малайды үй-бүлөсү менен кошо Афганстанга ала кетет. "Анын ичинде менин шордуу ата-энем да бар эле. 1979-жылы Советтик армия бул өлкөгө киргенде байдын урпактары бизди таштап Пакистанга качышты. Мени үй-бүлөм менен Кыргызстанга алып кетчи" деди муңканып. "Мен катардагы жоокермин, сизди алып кетүүгө укугум жок" деп каңырыгым түтөп жооп бердим. Кандашымдын ысымын да сураганга үлгүргөн жокмун. Бир аздан кийин эле айылдан чыгып кетүүгө буйрук келди. Артыман боордошубуздун муңканган бойдон карап калганы эч качан эсимден чыкпайт. Азыр эстесем, азыр жаным кейип кетет.
1982-жылы 12-майда армиядан демобилизацияландым. Ажалым жок экен, аман-эсен Ата Мекенге кайттым. 1984-жылы Семипалатинскиден институтту бүттүм. Эки уул, эки кыздуу болдум. Ал аймакта Советтер Союзу ураганга чейин иштедим. Андан кийин Алматыда эмгектендим. Кыргызстанга көчүп келгениме алты жылдан ашты.
 Афганистандан кайтып келген Советтик аскерлердин биринчи колоннасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети
Жаңылыктар түрмөгү
0