Күн сууктайт! Кыргызгидрометтин божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучулары Бишкектеги Жаштар аллеясында сейилдеп жүрүшөт. Архив
Мектеп окуучулары Бишкектеги Жаштар аллеясында сейилдеп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. 17-19-февраль аралыгында Кыргызстанда аба ырайынын температурасы кескин сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, 17-февралдан тарта күндүз -3...-5, түнкүсүн -15 градуска чейин сууктайт.

Чүй

14-15-февралда жана 16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
17-февралда жана 18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 19-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
20-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Бишкек

14-15-февралда жана 16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-февралда күндүз жаан жаайт.
17-18-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 19-20-февралда жаан-чачын жаабайт.
Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас

14-15-16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
17-февралда жана 18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 19-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
20-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош

14-15-16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
17-18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
18-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн. 19-февралда айрым жерлерде жаан, кар жаайт.
20-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад

14-15-февралда жана 16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
17-18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
18-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы ыктымал. 19-февралда айрым жерлерде жаан, кар жаайт.
20-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен

14-15-16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
17-18-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы ыктымал. 19-февралда айрым жерлерде жаан, кар жаайт.
20-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл

14-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 15-16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. 17-18-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал.
19-февралда айрым жерлерде жаан, кар жаайт.
20-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жааса, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-февралда жана 17-февралда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын

14-15-февралда жана 16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-февралда күндүз кар жаайт.
17-18-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. 19-20-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкекте кар жаап жаткан учурда аял көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Жаан жаап, кар түшөт. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0