Санкцияга сынбаган Россия экономикасынын күчү эмнеде? Улукман Мамытов менен маек

© Sputnik / Владимир ТрефиловРоссиянын 1 рубль тыйындары. Архив
Россиянын 1 рубль тыйындары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Кыргызстанга Россиянын экономикасынын туруктуу болушу жана өнүгүп турушу түздөн-түз таасир этет. Акыркы эки жылда Россиядан бир топ компания келип, ишкерлик кылууну макулдашып кетишти. Иштеп кетсе биз үчүн чоң пайда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз Россия Федерациясынын экономикасы тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асылбек БактыбековМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
— Батыштын санкцияларына карабай Россия экономикасы туруктуулугун көрсөтүүдө. БУУнун экономисттери да 2023-жылы 2,7 пайыз өскөнүн айтууда...
— Мындай туруктуулуктун себеби көп. Америкалык агенттиктин маалыматына караганда, Россиянын өндүрүш тармагы рекорд көрсөтүп жатыптыр. Кээ бир тармактарда өсүү 15-20 пайызга чейин жетүүдө. Бул абдан таң калычтуу. Көпчүлүк Россиянын экономикасы чөгүп кетерин күтүп жаткан. Азыр, тескерисинче, Батыштын эсеби боюнча — 2,7 пайыз, Москванын маалыматында 3,5 пайыз өскөнү айтылууда. Мунун баары жөн эмес. Россиянын алдында накталай эле макроэкономикалык көрсөткүчтөр бар. 2017-жылдан бери мындай рекорд боло элек экен. Биз Россиянын экономикасы менен тыгыз байланыштабыз. Мунун бир топ эле себептери бар. Биздеги эң чоң көйгөйдүн бири — соода балансы. Ал негативдүү. Эки миллиардга жакын акча жылына өлкөдөн чыгып кетүүдө. Бул — абдан чоң туруксуздуктун көрсөткүчү. Бирок анын ордун Россияда жүргөн мигранттар толтурууда.
Ал эми Россиядан келген товарлар, атап айтсак, күйүүчү май, дан арзан келип жатат. Бизден чыккан өндүрүштү экспорттоодо да РФ негизги рынок боюнча кала берет. Мисалы, өндүрүш тармагыбыздын бири — тигүүчүлүк. Санап отурсак бир топ себептер, факторлор бар. Россия — көп жылдан бери келе жаткан соода өнөктөшүбүз. Андыктан бул өлкөнүн экономикасынын абалы биз үчүн маанилүү. Россия санкцияга түшүп калгандан тарта коңшу мамлекеттердеги бизнесмендер өз өлкөлөрү аркылуу ар кандай товарларды алып кирип, ортомчулук кылуу менен көмөктөштү. Бул бизге да пайда болду. Анткени ишкерлер анын эсебинен өлкөнүн бюджетине салык төлөштү. Маалыматым боюнча, 2023-жылы Россия үч триллион рубль ашыкча киреше алып, анын жарымын (1,6 триллион рублин) компьютер, жаңы технология, дары-дармек өндүрүүгө бөлдү. Учурда көп ийгиликке жетти. Донецкинин тегерегине 40ка жакын жаңы ишкана ачышыптыр.
— Санкция салган өлкөлөргө караганда Россияда инфляция да төмөн экен. Экономикасын туруктуу сактоого кайсы экономикалык рычагдар жардам берди?
— Согушка кирген өлкөлөрдүн көбү инфляцияга тушугат. Анткени согуш абдан көп каражатты талап кылат. Аны жабуу үчүн тарыхта көп мамлекеттер акча басып чыгара беришкен. Ошол эле Германия да ушундай жолго барган. Американы алсак, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен жалпы карызы 34 триллион долларга жетти. Бул да болсо Украинаны каржылоого каражат жумшоо себебинен болду. Көптөгөн америкалыктар нааразычылыгын билдирип, ар кандай митингдерге чыгып жатат, демек, бул алардын жашоосуна терс таасирин тийгизүүдө. Башында баары башкача болот деп болжошкон. Азыр Россияда монетардык саясатты жамандаган да, колдогон да тараптар бар. Ага ылайык, эки жак тең өз чындыгын айтат. Биринчилери Улуттук банк инфляцияны жеңүү үчүн пайыздык чендин көлөмүн аябай эле көтөрүп салганын, экинчилери бул ишкерликти басып, тоскоолдук жаратып жатканын айтууда. Монетардык саясатына карабай экономикасы өсүп жатат. Дүйнөлүк эксперттер эгер монетардык саясатты түшүрүп бизнеске жеңилдиктерди берсе экономикасы мындан да өсмөк дешет. Бул да өзүнчө кызык маалымат.
Канткен менен РФтин башчылары абдан күчтүү жана акылдуу саясат жүргүзүшүүдө. Батыш менен мына-мына согуш чыгып кетчүдөй кырдаалда Владимир Путиндин командасы Батыштан жүзүн буруп кетпей, "АКШнын кызыкчылыгын эле карай бербей өзүңөрдүн абалды байкап бир аз ой жүгүртсөңөр, силерге согуштун кереги жок. Эгер туура саясат жүргүзсөңөр силер менен иштеше беребиз" деп аябай прагматикалык саясат жүргүзүп жатат. Булар мамлекет эмес, система менен күрөшкөнүн жеткирүүдө. Батыш Россиядан албайбыз деген газ, мунайын болбой эле алууда. Анткени бул ресурстарсыз Батыштын, өзгөчө Германиянын экономикасы жүрбөйт. Буга чейин Германиянын экономикасы дүйнөдө алдыңкы ондукка кирчү. Бүгүн 27-орунга түшүп калыптыр. Тилекке каршы, бул башталышы гана. Дагы эмне болорун көрөбүз.
Пахтадан буюмдарды чыгаруучу заводдо ондуруш процесси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Өз өндүрүшүбүздү колдобосок улуттук валютага басым күчөйт. Маек
— Россиянын азыркы өндүрүш тармагын кандай баалайсыз?
— Россиянын жер байлыгы мол, өндүрүшү күчтүү. Бул экономикалык туруктуулуктукка багыттайт.
1990-жылдары реформаторлордун бири Егор Гайдар "учак, унаа чыгаруу жагынан артта калгандыктан мындай атаандаштыктын эмне кереги бар" деп чыккан. Ушул саясаттын айынан Россия өндүрүштөн бир топ алыстап кеткен. Ушуга чейин Германия станок жасоо жагынан алдына эч кимди өткөргөн эмес. Ошентсе да Россия баарын кайра колго алып, учурда станок чыгаруу боюнча 70 ишкананы ишке киргизиптир. Бул өкмөттүн атайын долбоору экен. Керектүү тармактарга мамлекет стимул бербесе болбойт. Экономиканы талкуулоо үчүн бизге ушундай стратегиялык программа, экономикалык өсүш керек. Учак, дары-дармек, жаңы технологияларды өндүрүүнү колго алуу кажет.
Негизи башынан эле Россияда кеме тармагы анча өнүккөн эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Россия Түштүк Кореядан чоң кемелерди сатып алып жатат. "Түндүк деңиз жолун өнүктүрүү үчүн бизге жаңы кемелерди, муз жаргычтарды чыгаруу зарыл" деп Россия 2027-жылга чейин план койду. Капиталисттик өлкө болсо да пландык экономиканын жолу менен баратат. Экономиканы алдыга сүйрөй турган өндүрүш тармактарын белгилеп, ошол жакка каражат салуу менен индустриялык жана монетардык саясат жүргүзүүдө. Батыштын либералдык экономисттеринин кебине карабай Россиянын экономикасы өнүгүп жатат. Мисалы, согушта эң маанилүү факторлордун бири — кимдин көп ок чыгарганында. Бүгүнкү күндө Украинада артиллериялардын согушу жүрүп жатат. Бүткүл Батыш биригип Россияга караганда беш эсе аз ок чыгарат экен. Аскердик техникалык заводдор — Россия экономикасынын локомотивдеринин бири. Алардын жарымынан көбү — жаңы ишканалар. Гайдардын айтканына карабай көп заводдорун сактап калышыптыр. Ага караганда АКШда ок чыгаруучу ишканалардын көбү жабылып, танк чыгаруучу завод жок экен. Курал-жарак чыгарган Детройт шаары өлүү шаарга айланып баратат. Америкада аскердик өндүрүш тармагы ири менчик ишканалардын колунда. Россияда бул тармактын көбү мамлекетке карайт.
Экономика дагы абдан маанилүү, бирок бүгүн геосаясат биринчи орунга чыгып бара жатат. Россия мындан ары да туруктуулугун көрсөтүп, мындан да кыйын кырдаал жаралса деле өсүүдө болот. Экинчи дүйнөлүк согушта деле 1943-жылдан кийин СССРдин экономикасы өр алган. Азыр деле ошол көрүнүш. Башында бир-эки жыл кыйналышты, андан кийин армиясы абдан бышып жетилди. Азыр кандай согушса да Россияга көп коркунуч туудура албайт. Өзөктүк согуш — ал башка маселе.
— Сиздин оюңузча Россиянын экономикасына өзөктүк согуш гана терс таасирин тийгизе алабы?
— Бул эми баарына эле катуу зыян алып келет. Россия абдан чоң да. Азыр тактикалык өзөктүк куралдар жөнүндө айтып жатышат. Ал шаардан кичирээк аймакты толук талкалап кетет. Ал эми чоң, жалпы масштабдуу өзөктүк курал биринчи кезекте Батыштын өзүнө зыян. Анткени алардын ПВО системаларына 30-40 жыл болуп кетти. Абдан эскирди, жарымы эффективдүүлүгүн жоготкон. Ал эми Россияныкы жаңы. Американыкы жакшыраак болгону менен атаандаштыкка туруштук бере албайт. Бирок эки тарапта согуш болсо Кытай, Индия сыяктуу үчүнчү тарап утушка ээ болот.
Миң сомдук купюраларынын топтому. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Быйыл 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон социалдык контракт берилет. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0