Өз өндүрүшүбүздү колдобосок улуттук валютага басым күчөйт. Маек

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПахтадан буюмдарды чыгаруучу заводдо ондуруш процесси. Архив
Пахтадан буюмдарды чыгаруучу заводдо ондуруш процесси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Кыргызстандык ишкерлерди колдоо өлкөнүн келечегине жакшы. Ата мекендик өндүрүш учурда мамлекет менен бирге элдин колдоосуна, жардамына муктаж.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов жана "Би групп" компаниясынын жетекчиси Аман Арзиев болду. Биз өлкө өндүрүшү боюнча сүйлөштүк.
— Улукман мырза, Кыргызстандагы өндүрүшкө мүнөздөмө берип кетсеңиз?
Улукман Мамытов: — Кыргызстанга азыр өндүрүш абдан керек. Ошол эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу салынган күндө деле өндүрүшүбүз жолго коюлбаса, андан пайда көрбөйбүз. Коңшулардын экспортун карап эле отуруп калабыз. Өндүрүштүн алсыздыгынан жылына эки миллиардга жакын доллар сыртка чыгып кетүүдө. Ал биздин сомго чоң басым болуп, улуттук валютанын туруксуздугун шарттайт. Бул — чоң көйгөй. Аны чечүү үчүн экспортту көбөйтүп, импортту азайтуу зарыл. Технологиялык, химиялык товарларды өндүрүп, экспортко жиберишибиз керек. Ушул тапта жалаң эле экономист, соодагер эмес, инженерлерге да муктажбыз. Ишканаларды ЕАЭБ ичинде кичине товар жөнөтүүдөн баштап чоң-чоң экспортко даярдоо зарыл.
— Сиздердин компания күнүмдүк колдонулуучу каражаттарды өндүрөт экен...
Аман Арзиев: — Биздин компаниянын түзүлгөнүнө он жылдан ашык убакыт өттү. Төрт адам биригип бизнес ачканбыз. Өндүрүштүн алгачкы баскычы гаражда башталган, бир жылдан кийин 100 чарчы метр жерди ээлеп калдык. Башында идиш жуучу, ажаткана тазалоочу каражаттарды, суюк самындарды чыгарып баштаганбыз. Азыр 100гө чукул түрдүү тазалоочу каражаттарды өндүрөбүз. Жогоруда Улукман мырза айтып кеткен көйгөйлөрдүн баары башыбыздан өтүп жатат. Экспортко чыгуу, чет элдик компанияларга туруштук берүү кыйын. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр алсыз. Анткени маркетплейс, рекламалык пиар-кампаниялары күчтүү эмес. Азыр колунан иш келгендин баары эле чет элге кетүүнү максат кыла баштады. Өлкө үчүн бул — трагедия. Ошондуктан кичинебизден эле патриоттук сезим болгондуктан мекенге пайда келтирүүнү максат кылдык. Чет өлкөдө 5-6 жылдай иштеп, акча чогултуп келип Кыргызстанга инвестицияладык.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Би групп" компаниясынын жетекчиси Аман Арзиев
Директор компании Би групп Аман Арзиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
"Би групп" компаниясынын жетекчиси Аман Арзиев
— Өндүрүшчүлөргө кандай колдоо керек?
А.А.: — Өз күчү менен экспортко чыккандарга кандайдыр бир жеңилдик берүү, салыктан бошотуу сыяктуу өкмөттөн чоң жардам керек. Чет мамлекетте жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү аябай коргойт. Салык жагынан деле абдан айырма бар. Анткени бизде салык жогору болгондуктан сырттан келген продукциянын баасы ата мекендик өндүрүшкө караганда арзан. Эл да патриоттук сезим менен өзүбүздүкүн алып, анан да мамлекеттик сатып алууларда жергиликтүү өндүрүшкө артыкчылык берилсе. Биздин жагдайда, тендердин баарын карасаңыздар, мамлекет 95 пайыз импорттук продукция алат. Мындай шартта акча сыртка чыгып кетүүдө. Ишкерлер үчүн Эркин экономикалык аймак сыяктуу жер бөлүп берилип, өндүрүшкө шарт түзүлсө. Муну менен катар кадрдык көйгөйлөр да бар. "Иш жок" делгени менен учурунда жумушчуларды таппай калабыз. Инженерлер, технологдор, кээде орто билимдүү деле адистер керек. Мамлекет менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда тыгыз байланыш болсо жакшы болмок, анткени эмгекке жарамдуулардын көбү сыртка чыгып кетүүдө.
— Жакында эле соодагерлер көйгөйлөрүн көтөрүп чыгып, президенттин убадасы менен көп жеңилдиктерге жетишти. Сиздерде салыкка болгон кандай нааразычылыктар бар?
А.А.: — Мамлекет салык жагынан колдоо механизмдерин киргизип, азайтып же кайсы бир ата мекендик орто ишкерликти алга сүрөбөсө эл аралык атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн. Чоң корпорациялар бизди жутуп коёт. Эл жергиликтүү өндүрүштү алган сайын анын сапатына да оң таасири тиет. Бирок биздин продукциянын сапаты чет элдикинен кем эмес. Азыр Казакстан, Россияга экспорт кылуудабыз. Казакстандан тендерди утуп чыктык. Бул да болсо жетишкендик.
Тоодон аккан суу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Сууну товар катары кароо мезгили келди. Министрдин орун басары менен маек
— Бир катар көйгөйлөрдү уктук. Улукман мырза, мамлекет алгач кандай жардам бериши керек?
У.М.: — Туруктуулук менен кызыкчылыктар биргеликте иш кылса гана бизнес жүрөт. Экспортко өз күчү менен чыгып, мамлекетке пайда алып келип жаткан мындай ишканаларды колдобосок кимди колдойбуз? Алгач көмүскөдөгү импортту жок кылуу кажет. Супермаркеттерде жалаң чет элдик өндүрүш тизилип турат. Алар акчанын артынан чуркап, биздин ишканаларды колдобой жатат. Салык кызматы деле квота берип, Кыргызстанда жасалган товарларды алдыга түртүүнү колго алышсын. Антпесе болбойт. Мындай ишканаларга эки нерсе керек. Биринчиси — сапат, экинчиси — баа. Ушул жагынан убакыт берип, сапатын жакшыртып алууга мүмкүнчүлүк берүү кажет. Башында япондордун деле чыгарган машинасынын сапаты начар болчу. Өндүрүштүн саны өскөндө гана атаандаштыкка туруктуу баа келип чыгат.
— Сиздердин негизги кардарыңар ички рыноктобу же экспорттобу?
А.А.: — Негизги кардарларыбыз ички рынокто эле. Бирок өзүңөр билгендей, ички рынок абдан чакан. Андыктан учурда экспортко басым жасоодобуз. Экспортту болсо ошол эле ЕАЭБ мамлекеттери — Россия менен Казакстанга чыгарабыз. Мурда аталган өлкөлөргө саткан товарыбыз өндүрүмдүн 2-3 пайызын түзсө, азыр 10-15 пайызга жетип калды. Эмне үчүн ЕАЭБ мамлекеттери? Анткени уюмдун алкагындагы бизнеске болгон жагымдуу климат бизге экспортту күчөтүүгө жакшы шарт болуп берүүдө.
У.М.: — Маркетинг маселелеринде ата мекендик продукция экенин ажыратуу үчүн товардын аталыштарын кыргызчалап же супермаркеттерде Кыргызстанда жасалган товарлардын текчесин жайгаштыруу керек. Өндүрүшчүлөр маркетинг менен алынын келишинче алектенип жатат. Бирок мамлекет каржы жагынан колдоого алып, пайызсыз жеңилдетилген насыяларды бериши кажет. Ислам банктарындагы шериктеш маселеси абдан жакшы жолго коюлууда. Анткени акчаны берип гана тим болбостон, реалдуу сектордун көйгөйүн кошо чечишүүгө бел байлайт. Банк системасы менен реалдуу сектор бүгүнкү күнү абдан алыстап кетти. Пандемия же дагы башка кризис учурунда эл өтө кыйналып жатса да банк системасы акчанын үстүнөн акча жасап баюуда. Алар реалдуу сектордун көйгөйү менен башын ооруткусу келбейт, рынокто ойноп акча таап жатышат. Япондор да ушул ислам принциптериндей шериктештик системасы менен иштейт. Алар чакан жана орто бизнести колдоодо жакшы кадамдарга барышат.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
"Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
А.А.: — Абдан туура айтып жатасыз. Бизде да мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруучу чоң долбоорлор бар. Сырттан келген каржы булактарынын пайызы арзан, жеңилдетилген. Бирок алар чоң күрөө сурашат. Мамлекеттен кепилдик болсо инвесторлор бизге да көбүрөөк келмек. Ушул жагын да Соода-өнөр жай палатасы карап көрсө.
— Бизде көп мыйзамдар кабыл алынып, орто жана чакан бизнеске колдоо болуп жаткандай көрүнөт. Бирок алар ишке ашпайт. Себеби?
У.М.: — Буга Соода-өнөр жай палатасы жакшы киришсе болот эле. Бизге кооперативдик долбоорлор керек. Сырттан технологиялар келип өндүрүшкө жардам берилсе, бир топ товарлар экспорттолсо мамлекетке да, өндүрүшчүлөргө да пайда. Соода-өнөр жай палатасы бир катар байланыштарды түзүп, жаңы өндүрүш жайларын ачып берсе жакшы болор эле. Мамлекет каржы жагын чечип, көмүскө импортту чектеп, тендерлерде ата мекендик өндүрүшкө артыкчылык берип, Салык кызматы чекене сатуу менен алектенип, супермаркеттерди колго алса эле бир топ жардам болмок. Калган жарнамасын булар өздөрү эле жасап алышат.
А.А.: — Негизи мамлекет менен орто жана чакан бизнестин ортосунда көпүрө болуп берүүчүлөр жок. Көп жакшы мыйзамдар кабыл алынат, бирок реалдуу секторго жетпей калат. Алар үстүдө эле калкып калган сыяктуу.
— Өндүрүшчүлөрдүн көйгөйүн жеткирүүчү бирикмелер барбы?
У.М.: — Ошондой бирикме керек. Анткени Соода-өнөр жай палатасы баарын колго ала албай жатат. Ошол себептен багыты окшош өндүрүшчүлөр өзүнчө ассоциация түзүшү керек. Анан сунуштарын, пландарын жазып тийиштүү тармактарга киргизип, ошол эле супермаркеттерге барып түшүндүрөт. Ишти ушундан баштоо керек. Анан да "Кыргызстанда жасалган" деген логотип менен жарнамаларды жасоо кажет.
А.А.: — Буга чейин уюм түзүү демилгеленген. Мамлекет маркеттерди ата мекендик өндүрүштү колдоого мыйзам менен милдеттендирип койсо туура болмок.
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Кыргызстандан жылына эки миллиард доллар чыкканы ойлондурушу керек. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0