Бишкек мэри шаардагы автотыгын маселесин чечүүнүн үч жолун айтты

© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека Бишкекке “акылдуу жол чырактарды” орнотуу иштери
Бишкекке “акылдуу жол чырактарды” орнотуу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Жунушалиев шаардын чок ортосунда унаа токтотуу кымбаттай турганын айтып, тыгынды онлайн көзөмөлдөгөн "акылдуу жол чырактар" орнотула баштаганын белгилеген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, анда шаардагы жол тыгынды азайтуу үчүн кандай иштер жасалып жатканына токтолгон.
Мэр жолдогу тыгынды азайтып же болтурбоо үчүн үч ыкма бар экенин белгиледи. Алардын бири — "акылдуу жол чырактар".
"Февралга чейин "акылдуу жол чырактар" орнотулат. Алар тыгын жаралган кесилиштерди өздөрү онлайн көзөмөлдөп турмакчы. Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишим Россиянын Sitronics компаниясы менен түзүлгөн, февраль айында тестирлөөнү баштамакчы", — деди мэр.
Калаа башчысы автоматташтырылган (QR-код менен төлөө) жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды салып тыгын көйгөйүнөн арылса болорун кошумчалаган.
"Россиялык компания бул боюнча да кызматтарын сунуштап жатат. Тестирлөө башталды. Бишкектин ортосунда унаа токтотуу кымбаттайт. Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу үчүн жерди ижарага алууда инвесторлорго жеңилдик берүү пландаштырылууда", — деген Жунушалиев.
Ал транспорт агымын жеңилдете турган кесилиштерди куруу пландалып жатканын кошумчалаган. Мэрдин айтымында, Кытай грантынын эсебинен курулуш төрт жерге түшөт. Ошондой эле төрт көпүрө салынмакчы. Темир жолду жылдырбай, бул көйгөйдү эстакадалык көпүрөлөрдү куруу менен чечүү каралып жатканы белгиленди.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Акылбек Жапаров: Бишкек мэри тыгын көйгөйүн чечпесе иштен кетет
Жаңылыктар түрмөгү
0