Кесиптик лицейлердин, колледждердин жетекчилик кызматына сынак жарыяланды

© AFP / JIM WATSONАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
Каалоочулар документтерин 23-январь күнү саат 18:00гө чейин тапшырса болот.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилик кызматтарына сынак жарыяланганын билдирди.
Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
арыз;
паспорттун көчүрмөсү;
кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган баракча (жашаган жеринин дареги жана байланыш телефон номерин жазуу керек);
резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалым кат);
билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
окуу жайды өнүктүрүү боюнча иш планы;
Дело №.
Документтерди кабыл алуу 10-январда башталып, 23-январь күнү саат 18:00гө чейин уланат.
Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257, Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет.
Сурап-билүү телефондору: 0312 62 05 09.
Толук маалымат бул шилтемеде.
Жаңы ишканаларга кадрлар даярдалсын. Акылбек Жапаров ректорлорду чогултту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жаңы ишканаларга кадрлар даярдалсын. Акылбек Жапаров ректорлорду чогултту
Жаңылыктар түрмөгү
0