Эмил Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип терезеден секирип кеткен

© SputnikЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Депутат окуя болгон учурда өзү иш бөлмөсүндө болбогонун белгиледи.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Эмил Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын 2-кабатта жайгашкан кабинетине кирип, терезеден секирип кеткен. Бул туурасында Алимжанова журналисттерге айтты.
Ал окуя болгон учурда иш бөлмөсүндө болгон эмес.
"Биз 3-кабатта, Жамгырчиевди кабинетинин жанында аны күтүп жатканбыз. Ал фракциябызда иштеген бир кыз менен кабинетиме кирип "өзүбүзчө сүйлөшүп алалы" дегенинен жардамчыларым чыгып турган. Бир аздан кийин комендант келип 2-кабаттан бирөө секиргенин айткан. Кирип карашса депутат жок, терезе ачык турган", — деди Алимжанова.
Эл өкүлү учурда Жамгырчиев менен байланыша албай жатышканын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгону белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0