Атагы алыска кеткен кыргыз медицинасы кантип өнүккөн? Тарых барактары

© Sputnik / Борис УшмайкинКыргызстан мамлекеттик медицина институтунун студенттери микробиология лабораториясында. Архив
Кыргызстан мамлекеттик медицина институтунун студенттери микробиология лабораториясында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Жазылуу
Союз учурунда кыргыздардан атактуу дарыгерлер чыгып, алар ата мекендик медицинанын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ахунбаев, Миррахимов, Мамакеев, Айдаралиев өңдүү окумуштуулар эл аралык деңгээлге чыгып, чет жакта таанылгандар арбыган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги советтик ак халатчандар кандай жолдорду басып өтүп, өлкөнүн медицинасына кантип чыйыр салынганына кызыгып көрдү.

Элдик дарылоо, эпидемиялар...

Кыргызстанда илимий медицина 1860-жылдардын башынан тарта пайдаланылып, Бишкек, Ош, Нарын, Караколдо алгачкы медициналык мекемелер өз ишин баштаган. Ал ак халатчандан жергиликтүү калкка, келгиндерге өз кызматтарын көргөзгөн. Октябрь революциясына чейин аймактарда жети гана оорукана бейтаптарды кабыл алып, саналуу дарыканалар иштеп, ондогон дарыгер, фельдшерлер эле эмгектенген. Бирок көпчүлүк эл сапаттуу медициналык кызмат ала албай мурдагыдай эле тамырчы, сыныкчы, табып, бүбүлөргө каттаган.
Совет бийлиги орногон алгачкы жылдары өлкө аймагында түрдүү жугуштуу оорулар жүрүп, бийлик элдин саламаттыгына кам көрүп санитардык комиссия жана милицияны иштеткен. Кесипкөй дарыгерлер түрдүү илдеттерге каршы эмдөөлөрдү уюштуруп, эл аралап кызмат көргөзгөн. 1920-жылдары Ак-Суу, Жети-Өгүз, Арашан, Жалал-Абад, Кой-Сарыда санаторий, курорттор ачылып, көчүп-конуп иштеген медициналык кербендер аймактарды кыдырса, Бишкек, Токмок, Ош шаарында кошумча профилдик бөлүмдөр ачылган. Ал эми 1927-жылы Саламаттык сактоо эл комиссариаты уюштурулуп, кийинки жылы борбор калаада фельдшердик-акушердик техникум, ири ишканаларда медициналык пунктулар ачылган.
© Фото / из семейного архива АхунбаевыхАтактуу хирург, академик Иса Ахунбаев
Легендарный хирург Иса Ахунбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Атактуу хирург, академик Иса Ахунбаев
30-жылдары өлкөдө ак халачандардын саны арбып эл көпчүлүк жугуштуу оорулардан кичине арылып калган. Жаш республикадагы медициналык институт, облустардагы медициналык мектептерге жаштарды кабыл алуу жүргөн. Ооруканалардын саны 111ге жетип, ал жакта эмгектенгендердин саны 3000ден ашкан.

Фронттон келген жарадарлар, кадр даярдоо

Ал эми согуш жылдары Кыргыз ССРине жарадар болгон жоокерлер көп келгендиктен анын аркасы менен аталган тармактагы айрым маселелер чечилген. Мисалы, согуш шартында аскер кызматкерлерине медициналык кызмат көрсөтүү, бейтаптарды реабилитациялоо, дары-дармек чыгаруу жолго салынган. Кыргызстандык ак халатчандар да фронттогуларга өз кызматын көргөзгөн. Бирок өлкөнүн алыскы аймактарында абал анча жакшы эмес болгон.
Медицина илимдеринин доктору Мирсаид Миррахимов студент кезиндеги медицинанын абалын мындайча сүрөттөп жазган.
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүМедицина илимдеринин доктору Мирсаид Миррахимов
Руководитель института член-корреспондент Академии медицинских наук СССР, академик Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Медицина илимдеринин доктору Мирсаид Миррахимов
"1944-жылы Кыргызстандын түштүгүндө темгилдүү келте эпидемиясы тарап, ар кандай курактагы көп адамдар көз жуумп, фронтко жардам жиберүү үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн болгон. Бир күнү сабакта отурсак министрликтин өкүлдөрү келип, ал жактагы абалды айтып бизден жардам сураган. Медицина кызматкери жетишсиз болгондуктан студенттер арасынан мени жана Санжарбек Данияров экөөбүздү жөнөткөн. Биз Чоң-Алайга барганда ый чыкпаган, жакынын жоготпогон бир да боз үйдү көргөн жокпуз. Жаныбызга бирден студент-медайымды алып алыскы айыл, колхоздорду кыдырып дарылап, эмдеп жүрдүк. 45-50 күндөн кийин биздин ишибиздин жыйынтыгы көрүнүп, коркунучтуу инфекцияны токтотуп элге үмүт бердик", — деп жазган эскерүүсүндө Миррахимов.
Ал жылдары республикада кесипкөй кадрлар тартыш болгон. Харьков, Киев, Москва институттарынан Фрунзеге эвакуацияланган мугалимдер, студенттер кыргыз медицинасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин Кыргызстанда адистерди даярдоо жолго салынып, ошол маалда атактуу дарыгерлер тарбияланып чыккан. Алардын арасында айылдан жылаңайлак, жылаңбаш келген Мамбет Мамакеев да болгон.
© Фото / предоставлено Кыргызской государственной медицинская академией имени И. К. АхунбаеваФрунзедеги медициналык институтта билим алган белгилүү хирург Мамбет Мамакеев менен Касиет Жумаева, 1950-жыл
Известный кыргызский хирург Мамбет Мамакеев  в молодости - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Фрунзедеги медициналык институтта билим алган белгилүү хирург Мамбет Мамакеев менен Касиет Жумаева, 1950-жыл
Фрунзедеги медициналык институтта билим алган белгилүү хирург Мамбет Мамакеев менен Касиет Жумаева, 1950-жыл
Ошол жылдарды КРдин Баатыры, 96 жаштагы атактуу хирург Мамбет Мамакеев мындайча эскерет.
"Согуштан кийин ачарчылык болуп курсакты кантип тойгузабыз деп жүрчүбүз. Биз окуган медициналык институтта дарылоо бөлүмү эле болуп, ал жакта 170тей студент билим алчу. Мугалимдерибиз негизинен Россиядан келген агартуучулар болгондуктан кыргыздар анча деле көп эмес болчу. Мен айылдан 10-классты бүтүрүп келгем. Колумда бир мүшөк талканым эле болгон. Орусча же "жок", же "ооба" дегенди билбейт элем. Окуудан кыйналган күндөрү Иса Ахунбаевге барып "кетсекпи, эч нерсе түшүнгөн жокпуз, кыйналып кеттик" десем, ал "чыдагыла, кыргыздан кадр жок" деп окууну улантууга көндүрүп, өкмөткө айтып бир жылдык даярдоо курсун ачтырган. Бүткүчө кыйналып, күн-түн дебей окуп, берген тапшырманын маанисин түшүнбөй ырча жаттап айтып берген күндөр көп болду. Азыркыдай шарт жок, бир жатаканада 60 бала жатчубуз", — деди Мамакеев.
1950-жылдары бардык облус, район борборлорунда онкология, психиатриялык жана кургак учукка каршы диспансерлер жарандарга өз кызматтарын көргөзө баштайт. Республикада медициналык кызматтардын түрлөрү элге жетип, ири илим-изилдөө институттары иштей баштаган.

Кыргыз медиктеринин ийгиликтери

Ошол маалдагы кыргыз дарыгерлеринин жетишкендиктери башка союздук республикаларда да сөз боло баштаган. Алсак, 1959-жылы атактуу хирург, академик Иса Ахунбаев Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасап атагы алыска кеткен. Кыргыз аялдары арасынан чыккан биринчи хирург Какиш Рыскулова ампутация учурунда кесилген нервдерди тазалоо, алардын сезгичтигин кайра калыбына келтирүү, кан тамырларды тигүүнү мыкты өздөштүргөн. Анын тажрыйбасына чет элдиктер кызыгып, медицина илимдеринин докторун өздөрүнө кызматка чакырган.
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойКыргыз аялдары арасынан чыккан биринчи хирург Какиш Рыскулова
Первая женщина-хирург в Центральной Азии Какиш Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Кыргыз аялдары арасынан чыккан биринчи хирург Какиш Рыскулова
Медицина илимдеринин доктору, эндовидеохирург, Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун улук илимий кызматкери Асылбек Байгазаков Борбор Азияда жүрөк хирургиясы, нейрохирургия боюнча операциялар биринчилерден болуп Кыргызстанда жасалганын айтат.
© Sputnik / Асель СыдыковаМедицина илимдеринин доктору, эндовидеохирург, Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун улук илимий кызматкери Асылбек Байгазаков
Доктор медицинских наук, эндовидеохирург Асылбек Байгазаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Медицина илимдеринин доктору, эндовидеохирург, Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун улук илимий кызматкери Асылбек Байгазаков
"Союз кезинде биздин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы билим берүү сапаты боюнча СССРде үчүнчү орунда турган. Ал жактын бүтүрүүчүлөрү кыргыз медицинасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ал кезде Кыргызстанда жүрөк хирургиясы, нейрохирургия боюнча операциялар биринчилерден болуп бизде жасалган. Андай операцияларды жасатуу үчүн коңшу республикадагы бейтаптар бизге келип, сакайып кетишчү. Азыр да бизге келген учурлары бар. Бул Иса Ахунбаев, Миталип Мамытовдун эмгектери", — деди Байгазаков.
Союз маалында Кыргыз ССРиндеги медиктердин жетишкендиктери эл аралык деңгээлге чыга баштаган. Алсак, кыргыз кардиологиясынын атасы атыккан Мирсаид Миррахимов кесиптештери менен Ысык-Көлдө космонавттарга изилдөө иштерин жүргүзгөн. Окумуштуулар аларды ачык космоско чыгууга даярдоо, кайра учуп келгендерди реабилитациядан өткөргөн. Академик ошондой эле 1970-жылдары адамды биологиялык жактан изилдөөгө багытталган дүйнөлүк программага катышып, СССРдин атынан адам көйгөйлөрү жана бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуу боюнча изилдөө тобун жетектеп барган.
Атактуу физиолог Асылбек Айдаралиев болсо 1979-жылы кыргыз окумуштууларынан биринчилерден болуп Антарктидага экспедицияга барып, жаратылышы катаал аймакта жашаган адамдардын ден соолугун текшерген. Москвада космикалык жана авиациялык медицина боюнча докторлугун жактаган соң 20дан ашык космонавтты Кыргызстанга чакыртып, изилдөө иштерин Фрунзеде жүргүзө алган. Союз тарагандан кийин дагы Айдаралиев "Арктика" эл аралык илим-изилдөө борборунун директору болуп россиялык жана америкалык кесиптештери менен биргеликте изилдөө иштерин уланткан.
© Фото / из личного архива Асылбека АйдаралиеваАтактуу физиолог Асылбек Айдаралиев
Президент МУК, академик НАН КР Асылбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Атактуу физиолог Асылбек Айдаралиев
Кыргыз ССРинде 80-жылдары ата мекендик медицина бир топ жакшырган. Ак халатчандар автоунаа, тик учактар менен алыскы жайыттарга чейин жетип эл кызматында болгон. Ал жылдары оорунун өзү менен гана эмес, көбүнчө түрдүү илдет, ооруларды алдын алууга, жалпы элдин саламаттыгын жакшыртууга басым жасалган. Элге адистештирилген 35 медициналык кызмат толук жеткиликтүү болгон.
Тема боюнча:
Россиянын жолдорун курган. Кыргызстандык жолчулардын баскан жолу
Окумуштуулар кадырланган заман. Кыргызстанда илим кантип өнүккөн?
Октябрь революциясынан кийин өр алган кыргыз маданияты. Тарых барактары
Жаңылыктар түрмөгү
0