Россиянын жолдорун курган. Кыргызстандык жолчулардын баскан жолу
15:32 02.12.2023 (Жаңыртылды: 16:10 02.12.2023)
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргызстандык жолчулар ашар жолу менен жол курууда. Архивдик сүрөт
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Жазылуу
Союз маалында республикадагы көптөгөн жолдор оңдолуп, анын аркасы менен транспорт тармагы да өнүккөн. Жолчулар алыскы кыштак, жайыттарга чейинки көпүрө, жолдорду салып, жүргүнчү, жүк ташыган каттамдарды ишке киргизген.
Sputnik агенттиги советтик жолчу, транспортчулар кантип кызматташып, аталган тармакты кантип жолго салганына кызыгып көрдү.
Ашар менен салынган жүздөгөн чакырымдар
Өткөн кылымдын 30-жылдары республика ичиндеги жолдордун басымдуу бөлүгү ашар ыкмасы менен түздөлүп, кеңейтилген. Колхоздоштуруу жылдары карапайым эл маанилүү курулуштарга жигердүү катышкан. Мисалы, күжүрмөн эл беш жылда Боом капчыгайы аркылуу эки катмар шагыл төшөп Фрунзе — Балыкчы жолун бүтүргөн. Кийин борбор калаадан Токмок шаарына чейинки темир жолдун курулушун жанданткан.
Кыргызстанда 30-40-жылдары төмөнкү жолдор ишке берилген:
Балыкчы — Нарын, 179 чакырым;
Бүргөндү — Таш-Көмүр — Кербен, 110 чакырым;
Ош — Сары-Таш, 185 чакырым;
Ош — Мырзаке, 77 чакырым;
Жалал-Абад — Көк-Жаңгак;
Үч-Коргон — Таш-Көмүр;
Нарын — Ак-Бейит.
Ошондой эле эл аралык маанидеги Ош — Хорог унаа жолунун курулушу үч жылда бүткөрүлүп, Фрунзе — Кант, Кант — Токмок, Токмок — Кемин, Кемин — Балыкчы темир жолунун курулушу аяктап, Ысык-Көлгө поезд каттай баштаган.
Колхоз-совхоздордо иштеген элге керектүү продукция, курулуш материалдарын аймактарга өз убагында жеткирүүдө жаңы жолдордун орду жогорулаган. Анткени өлкөдө автоунаалардын саны арбып, айдоочулар түз жолдорду эңсеген. Республикада 1930-жылы 30, 1935-жылы 200 автоунаа болсо, 1946-жылы анын саны 2500гө чукулдаган. Жолчулар кууш жолдорду кеңейтип, трассаларды автоунаа, оор жүк ташууга ыңгайлаштыруу аракетинде болгон.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКүжүрмөн эл беш жылда Боом капчыгайы аркылуу эки катмар шагыл төшөп Фрунзе — Балыкчы жолун бүтүргөн
Күжүрмөн эл беш жылда Боом капчыгайы аркылуу эки катмар шагыл төшөп Фрунзе — Балыкчы жолун бүтүргөн
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Согуш, адистердин тартыштыгы...
Кыргыз ССРиндеги ички жолдор Улуу Ата Мекендик согушка чейин биринин артынан бири жасалган. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган, стратегиялык делген Фрунзе — Ош унаа жолунун курулушу 1940-жылы башталып, колуна күрөк, кетмен, чукулдугун көтөргөн 18 миң колхозчу ашарга чыгып, аталган трассанын 83 чакырымын 65 күндө жасап, Төө-Ашуу аркылуу Суусамыр жайлоосуна жол ачылган. Ошол эле маалда эл Жалал-Абад — Токтогул жолун пайдаланууга берип, борбор менен Ош шаарын ортодо Чычкан капчыгайы, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары гана бөлүп турган.
"Ички жолдорду салууга элдин аракети күч. Алар жолчуларга кол кабыш кылууда. Бирок мал менен алектенгендер техниканы жакшы колдоно албай жатат. Ошондой эле тактай менен иштей алган жыгач усталардын тартыштыгы да бар. Мунун аркасында көпүрөлөрдү салуу кыйын болуп, айрым учурда иш токтоп калууда. Автоунаалар тартыш, жолчулардын турак жайы дагы жок", — деп жазылган архивдик документтерде.
Ал эми согуштун башталышы менен тармак каралбай, райондорду байланыштырган жолдор бир топ начарлап кеткен. Себеби эл күндүр-түндүр тылда эмгектенген.
© Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"Темир жол курулушунун башталышы
Темир жол курулушунун башталышы
© Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"
Кайра жанданган курулуштар, биринчи кыргыз министр
Аймактарда бара-бара айыл чарба, өндүрүш жакшырып, жолдорду оңдоо зарылчылыгы курчуйт. Ишкана, мекемелердин азык-түлүк, күйүүчү май, курулуш материалдарына болгон суроо-талабы жогорулап, аларды жеткирүү үчүн ички каттамдарды ишке киргизүү зарыл болгон. Ал иштер 1950-жылдары кызуу жанданып, мурдагыдай кетмен, күрөк, чукулдук менен эмес, ири техниканын жардамы менен башталган. 1950-жылы республикада техникалык талаптарга жооп берген, автоунаа каттаганга ылайыктуу 420 чакырым эле жол болгон.
1952-жылы Фрунзе — Ош жолунун курулушу кайра жанданып, 1965-жылы толук бүткөрүлгөн. Анда Төө-Ашуудагы заманбап тоннелди кыргыз жолчулары советтик кесиптештери менен курган. Ошондой эле 100дөн ашык көпүрө, 940 суу түтүгү, 420 метр узундуктагы алты кар көчкүгө каршы курулмалар салынган.
Аймактын экономикалык жактан алга жылуусу үчүн жалпы республикалык жолдор дагы салынган. Жамбыл — Киров — Талас — Суусамыр магистралынын курулушу 1956-жылы соңуна чыгып, Талас облусу менен Казакстандын Жамбыл облусу темир жол аркылуу туташкан. Өлкө ичинде айыл чарба, мал чарбачылыгы үчүн маанилүү делген курулуштар улана берген. Ал жылдары бул тармактын башына Кусеин Көлбаев келип, 18 жыл Транспорт жана жолдор министрлигин башкарган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген транспортчусу Кыдырма Орозалиев Көлбаев министр болгон жылдары аталган тармак бир топ алдыга жылганын айтат.
© Sputnik / Эмиль СадыровКыргыз ССРинин эмгек сиңирген транспортчусу Кыдырма Орозалиев
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген транспортчусу Кыдырма Орозалиев
"Кусеин Көлбаевич 1935-жылы Ленинграддагы институтту бүтүп келип, Ош облусунда көп жыл жолчу болуп иштеп, 1953-жылы министр кызматына бекитилген. 1971-жылга чейин иштеп, кыргыз жигиттерин өстүрүүгө чоң салым кошкон. 1957-жылы Фрунзеде Автомобиль-жол техникумун, студенттер үчүн жатакана, мугалимдерге бир имарат куруп, кадр даярдоого катуу көңүл бурду. Ар бир райондо окуу бөлүмдөрүн ачып, ал жактан айдоочуларды окутту. Кийин жогору жактагыларга кайрылып Политехникалык институтта жол жана механика факультеттерин ачтырды. Ал жакты бүткөн балдар кийин автотранспорт, жол тармагын башкарып калды. Чоң жыйналыштарда дайыма жол маселесин көтөрүп, ага акча бөлдүрүп көптөгөн трассаларды оңдотту. Облустардагы жолдорду кеңейтип, оңдоп өзүнүн тайманбастыгы менен бат эле курулушка элди мобилизациялай койчу", — деди Орозалиев.
Кыргыз ССРинде 60-жылдары республика ичиндеги жолдордун абалы жакшырып, алыскы Сары-Жаз, Сөөк, Ак-Сай, Арпа, Ак-Шыйрак, Эңилчек өрөөндөрүнө чейин жолдор ачылган. Гидроэлектростанция, завод-фабрикаларды куруу, баалуу металлдардын кору бар кендерди иштетүү үчүн облустардагы калктуу конуштарды байланыштырган жолдор колдонууга берилген.
Россиянын жолдорун курган кыргызстандыктар
70-80-жылдары жолчулар санга гана көңүл бурбастан, сапатка басым жасап, Ош, Талас, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Кеминде асфальтбетон заводдору ишке кирген.
1979-87-жылдары Кыргыз ССРинин транспорт жана жолдор министри болуп эмгектенген Кыдырма Орозалиев кыргыз жолчулары буюртма менен Россияда жол салганга жетишкенин кеп кылат.
"80-жылдары бизге жогору жактан көп тапшырма берилчү. Ал кезде биздин министрлик республиканын ичиндеги чоң мамлекет сыяктуу эле. 230дай ишканасында 65-70 миңдей киши иштечү. Автоунааларды оңдогон завод, дөңгөлөктөрдү жаңылаган эки завод, үч курулуш трести, жүргүнчү ташыган ишканалар, жардыруучу каражаттарды чыгарган өзүбүздүн өндүрүш бар эле. Ошондон улам жол, имарат куруп, анын канализация, сантехникасына чейин жасачубуз. Жада калса, Россиянын Ярославль облусуна өзүбүздүн техникаларды алып барып бир совхоз, айылдын жолдорун буюртма менен толук бүтүргөнбүз", — деп кошумчалады Орозалиев.
Жолдордун жакшырышы менен жүргүнчү, жүк ташууга каттамдар ачылып, район борборлоруна чейин автобекеттер салынган. Элге шарт түзүлүп, жүк ташуу арзандап экономиканын өсүшүнө жакшы таасир берген.
© Sputnik / К.Толенов1952-жылы Фрунзе — Ош жолунун курулушу кайра жанданып, 1965-жылы толук бүткөрүлгөн. Анда Төө-Ашуудагы заманбап тоннелди кыргыз жолчулары советтик кесиптештери менен курган.
1952-жылы Фрунзе — Ош жолунун курулушу кайра жанданып, 1965-жылы толук бүткөрүлгөн. Анда Төө-Ашуудагы заманбап тоннелди кыргыз жолчулары советтик кесиптештери менен курган.
© Sputnik / К.Толенов
Бири-бири менен катташкан советтик жолчулар
Союз маалында советтик жолчулар өз ара кызматташып, долбоорлоо институттарынын бири-бирине каралашып турган. Мисалы, Төө-Ашуудагы тоннелди, кар көчкүгө каршы курулушту Москвадагы "Метрогипротранс" менен жергиликтүү "Кыргызжолтрансдолбоор" институттары долбоорлогон. Ири курулуштарды ишке ашырууда алар ар тараптан кызматташып турган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу, ардагер жолчу Алмаз Калиевдин айтымында, башка республикадагы кесиптештер менен тыгыз байланышта иштешкен.
"Россия, Казакстандан жол курууга керектелген көптөгөн материалдарды алчубуз. Себеби бизде битум, күйүүчү-майлоочу майлар чыкпайт эле. Таш майдалаган, бетон асфальттарды даярдаган, жол салган оор техниканын түрүн Беларусь, Россиядан алып келчүбүз. Долбоорлоо институттар да өз ара кызматташып тажрыйба алмашып, кеңешип турушчу. Бул тармакта иштеген кыргыз адистердин көпчүлүгү Москва, Алматы, Ташкент шаарында окуп келгендер эле. Кыскасы, тыгыз байланышта болчубуз", — деди Калиев.
Ата мекендик жолчулардын күжүрмөндүгүнүн аркасында 1980-жылы республикада ар кандай категориядагы жолдордун жалпы узундугу 23 миң чакырымга жеткен.