Түндө манас айтып армиядагыларды чочутуп... Уркаш Мамбеталиевди эскерүү
18:08 17.12.2023 (Жаңыртылды: 18:31 17.12.2023)
Жазылуу
Улуу көчтү улаган залкар манасчы Уркаш Мамбеталиев убагында Саякбай манасчыдан бата алып, Сагымбай манасчынын айткан вариантын алтын фондго жазып калтырган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде КР эл артисти, белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиевдин уулу Канат Мамбеталиев болду. Биз өз заманынын залкары аталган манасчынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.
— Уркаш ата манас дүйнөсүнө кичине кезинен эле аралашкан экен.
— Атамдын бала кези Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылында өткөн. Манасчылыгы да ошол айылда башталган. Согуш мезгилинде 10 жашта экен. 1944-жылы чөбү буралган жайлоодо Саты деген өзүнөн бир-эки жаш улуу агасы экөө мал жайып жүрүп, атам уктап кетет. Сайгактаган малдын артынан кеткен агасы келип ойготсо такыр турбайт. "Тирүүбү деги" деп жулкулдатса ойгонбойт. Ал ошол жерден боздоп, айылга чуркап барып туугандарга "Уркаш өлүп калды" деп кабар берет. Үйдөгүлөр чочуп, бир абабыз ат менен чаап барып баланы алып келет. Аталарыбыздын бири ажы экен, көп жыл араб жеринде жашап, өнөр үйрөнүп, табыпчылык кылчу экен. Анын табыпчылыгы атабыздын иниси Дүйшаалы абама өткөн го, ал да жөн киши болбоптур. Үйгө келген Уркаш абамды тегеректешип эле үйдөгүлөр чурулдап калышат. Анда Дүйшаалы абам баарын токтотуп, "бул жакшы жышаан, бети нурданып, кымыздын жыты келип жатат баладан" деп узунунан жаткыртат. Ошондо атам элдир-селдир эсине келип, алка-шалка манас айтып эле кайра жатып калат. Дүйшаалы атам дароо кошуналарды чакырып, кара эчкисин садага чаап союп жиберип, элден бата сурайт. Бир-эки күн ошентип манас айтып жөөлүптүр. Үйдөгүлөрдүн айтымында, атам бала кезинде көп эле азап тартыптыр. Бир күнү чайга отурганда көзүнө чоролор көрүнүп, найза сунгандай болот. Ошондо "айтам-айтам" деп эшикти көздөй чуркап баратып самоор алып келе жаткан чоң энеме урунуп колу күйүп калат. Бир жылдай ооруп, жөөлүп, мектепке да барбаптыр. Директор бир жаш мугалимди атамды таап келүүгө үйгө жөнөтөт. Келсе үйдө эч ким жок. Сыртка чыкса, манас айткан эле үн угулат. Чөмөлөнүн үстүн караса атам отуруп алып күпүлдөп манас айтып жатыптыр. "Ай, Уркаш, мектепке окубасаң караңгы болуп каласың, жүрү" десе, "агай, мен барам. Бирок азыр биринчи манас айтканды үйрөнүшүм керек. Бакай атам айтты" дейт. Муну уккан агайы жайына коёт. Ошондон кийин ал мугалим Фрунзеге окууга кетип, 5-6 жылдан кийин келсе 15-16 жаштагы Уркаш Көл өрөөнүндө аты чыккан манасчылардын катарына кирип калганын көрөт.
— Атаңыздын Саякбай манасчыдан да бата алганын билебиз.
— Саякбай атабыздан эки жолу бата алган. Биринчи жолу Саякбай Каралаев бир-эки артистти ээрчитип ууга чыгат. Кечкисин биздин айылга келип, башкарма Осмондун үйүндө конок болот. Осмон ата атамды да алдыртат. Саякбайдын манас айтканын көрүп, атам да айткысы келип отурат. Башкарма тааныштыргандан кийин Саякбай жанына чакырып, атам Манас менен Коңурбайдын чабышынан үзүндү айтат. Саякбай: "Оо, күчүгүм, жолборстун астынан күрмөлбөй манасыңды айттың", — деп чекесинен өөп, өз кесесинен шыбагасын ооз тийгизип, батасын берген экен. Ошондон кийин атам жеңилдеп калганын айтчу. Кийин филармонияга да атам Саякбай Каралаевдин жолдомосу менен кирген. 1970 -жылы Саякбай атанын батасын атам түшүндө алыптыр. Эркиндик бульварында отурган залкар манасчы элге жакшы бир нерселерди айтып, анын туруп кетип баратып "аа, карып калган турбайымбы, отургучта калган калпагым менен таягымды алып келчи" деп атамды жумшайт. Атам чуркап барып алат да, ичинен калпакка кызыгып коёт. "Ата, мына" деп манасчыга берсе, таягын алып, калпагын атама кийгизип, батасын берип кетиптир. 1972-жылы улуу манасчы бул дүйнөдөн өттү, анан 1975-жылы Тажикстанда маданият күндөрү өтөт. Тажик акыны Турсунзаде сахнада туруп "кыргыздан келген манасчылар бар бекен" деп сурайт. Ошондо атамды чыгарып, манас айттырышат. Манасты муюп уккан Турсунзаде бет аарчысы менен терин аарчып, Саякбайдын жолу уланарын айтып, батасын берген экен. Негизи атам талаада, сыртта манас айтканды жактырчу.
— Армияга да барыптыр...
— Мектепте балдардын баары эле "менин атам замбирекчи болгон, меники мындай" деп мактанышат. Мен да барып атамдан сурасам "армияда болгом" деди, "мылтык кармадың беле?" десем, "ант бергенде кармагам" деп койду. Көрсө, атам армияда да жөөлүп манас айтыптыр. Күндүз жакшы эле жүрчү экен. Түндө бүтүндөй ротаны чочутуп, ураан чакырып, жөөлүп, кыйкырып эпостон үзүндү айтып чыга калчу экен. Баары таң калып түшүнүшпөйт. Ал кезде азыркыдай эмес, кара терге түшүп, транска кирип башкача айтышчу. Талма сыяктуу оозунан көбүк чыгып, буту-колу тырышып кулап калчу. Офицерлер чочулап атамды аскердик госпиталга бир-эки айга жиберет. Алар да эч нерсе таба албайт, башын текшерет, баары эле жакшы. Түндө эле кайра баштайт. Өзүнөн сураса эч мойнуна албайт. Көрсө, унутуп калат экен. Орусча да билбейт. Ошентип эки-үч айдан кийин үйүнө жөнөтүшөт.
— Атаңызга арнап чыгарма жазыптырсыз. Ал кишиден сизге да талант өткөнбү?
— Менде атамдын чымындары калган го деп тамашалап калабыз. Бир ирет атам тууралуу чыгарма жазып көрүүнү чечтим. Эмнегедир куюлушуп эле ыр саптары чыга баштады. Атам аян берип түшүмө да кирди. Мага мукабасы көк, эски китеп берген. Ошондон кийин аз-маз жаза баштадым.
© Sputnik / Александр ФедоровКанат Мамбеталиев: Саякбайдын манас айтканын көрүп, атам да айткысы келип отурат. Башкарма тааныштыргандан кийин Саякбай жанына чакырып, атам Манас менен Коңурбайдын чабышынан үзүндү айтат. Саякбай: "Оо, күчүгүм, жолборстун астынан күрмөлбөй манасыңды айттың", — деп чекесинен өөп, өз кесесинен шыбагасын ооз тийгизип, батасын берген экен.
Канат Мамбеталиев: Саякбайдын манас айтканын көрүп, атам да айткысы келип отурат. Башкарма тааныштыргандан кийин Саякбай жанына чакырып, атам Манас менен Коңурбайдын чабышынан үзүндү айтат. Саякбай: "Оо, күчүгүм, жолборстун астынан күрмөлбөй манасыңды айттың", — деп чекесинен өөп, өз кесесинен шыбагасын ооз тийгизип, батасын берген экен.
© Sputnik / Александр Федоров
— Атаңыз үйдө кандай адам эле?
— Атам аябай жөнөкөй, оокат-тиричиликке такыр киришчү эмес. Эгер жалгыз болсо чай да ичпей ачка отура берчү. Газ күйгүзгөнүн көргөн жокпуз. Керек болсо лампочканы да бурап койгон жан эмес. Чыгармачылык менен гана алектенген. Ал киши көп жазчу. Он китептин автору болду. Бизди тартипке салып, тазалыкты аябай катуу кармачу. Бирок ошол эле мезгилде көп сүйлөп, насаат айтканды, аял кишинин ишине киришкенди жактырчу эмес. Ашканага өмүрү жолободу.
— Канча баланы тарбиялап өстүрдү?
— Биз беш бир тууганбыз. Тилекке каршы, улуу агам өтүп кеткен. Эжем жеке ишкер. Эки жогорку билимдин ээси. Бир карындашым каза болуп калды. Экинчи карындашым журналист. Учурда фрилансер катары долбоорлор менен иштеп жүрөт. Азыр атамдын чөбөрөлөрү бар. Карындашым экөөбүз чыгармачылыкка бир аз жакынбыз.
— Убагында үйгө көптөгөн белгилүү адамдар келсе керек?
— Ооба, Бексултан Жакиев, акын Рамис Рыскулов, Мар Байжиев, Байдылда Сарногоев келчү. Сарногоев биздин жездебиз болгондуктан анын үйүнө көп барчубуз. Атам экөөбүздүн жан дүйнөбүз жакын эле. Ал да муну сезчү беле, эркек балдарына өзгөчө жакшы мамиле жасачу. Бирок кыздарындай эркелетчү эмес. Мүнөзүндө кыргызчылык менен демократия айкалышып калган. Эч убакта бирөөнү кыйначу эмес. Шарт да койбойт. "Бир нерсе жасасаң май-талканын чыгара кыл. Уят болбош керек. Аягына чейин чыгар" дечү. Ушул насаатын алып калдык. Эгер адамкерчилиги болбосо, жөндөмдүүлүгү бир тыйынга турбайт дечү. Манасчылар башкача адамдар болот. Атам кээде чындыкты болгонун-болгондой бетке айтып койгону менен жоош киши болчу. Эч кимди сынга алчу эмес. Кичи пейил эле.
Сагынбай Орозбаковдун "Манасын" 28 саат айтып, сактап калган атам болду. Сагынбай атабыздын "Манасынын" үн жазмасы жок экен. Бул милдет атама жүктөлүп, ал "Кыргыз радиосунун" алтын казынасында сакталып калды.
Мындан тышкары, Чолпонбай Түлөбердиевге арналган поэманы манастын ыргагына салып айткан.