УКМК: профсоюздар башчысы Көлбаевдин кишилерине "Ала-Тоодон" 2,3 га жер саткан

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүКишенчен адамдар. Архив
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
Кеп 2,34 гектар туурасында жүрүп жатат. Ал жерге Көлбаев менен байланышы бар кишилер коттедждерден турган "Каганат" комплексин курушкан.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (КПФ) мүчөлөрү 2014-жылы кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы бар кишилерге "Ала-Тоо" эс алуу үйүнө (Чолпон-Ата ш.) тиешелүү жердин бир бөлүгүн сатып жиберишкен. Мындай маалыматты УКМКдан таратышты.
"2014-жылы КПФнын кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Ала-Тоо" эс алуу үйү жайгашкан аймактан 2,34 га жер тилкесин КПФнын менчигинен мыйзамсыз чыгарып алышкандыгы, кийин аны уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевге байланышы бар адамдарга КПФга зыян келтирген шарттарда сатып жиберишкени аныкталды", — билдиришти УКМКнын маалымат кызматынан.
Ал жерге кийинчерээк коттедждерден турган "Каганат" (Көлбаевге жакын адамдарга таандык болгон жай — УКМК) комплексин курушкан.
"Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин кесепетинен коомдун кызыкчылыктары, атап айтканда, жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн берилген", — деп айтышты УКМКдан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 336-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") менен иш козголгон.
Андан улам төмөнкү адамдар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген:
билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Т.А.;
машина куруу жана башка тармактардын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары Т.Ч.А.;
токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы О.К.Д.;
"Ала-Тоо" эс алуу үйүнүн мурдагы директору К.Н.А.
Учурда КПФнын мыйзамсыз алынган мүлкүн аныктоо жана кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын баласы Александр Сан. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Ири ишкер Борис Сандын уулу кармалды. УКМКнын түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0