https://sputnik.kg/20231120/myktybek-orolbay-uulu-kancha-akcha-tapty-1080589408.html
UFC уюмунда жеңишке жеткен Мыктыбек Оролбай уулу канча акча тапты?
UFC уюмунда жеңишке жеткен Мыктыбек Оролбай уулу канча акча тапты?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчу менен анын атаандашынын акысы базалык бөлүктөн жана медиа иш-чараларга катышканы үчүн каралган акчадан турат. 20.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-20T12:07+0600
2023-11-20T12:07+0600
2023-11-20T12:07+0600
кыргызстан
мыктыбек оролбай уулу
ufc
спорт
акча
сый акы
https://sputnik.kg/img/104577/96/1045779644_0:177:3046:1890_1920x0_80_0_0_f2430d2e9f30a098758f9cf93f323e2d.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы алгачкы жеңишинен кийин 16 миң доллар алат.Жалпы сумманын 12 миң доллары базалык төлөм, калган төрт миңи медиа иш-чараларга катышканы үчүн берилген.Абсолюттук мушташ боюнча чемпионатта көбүрөөк беттеш өткөргөн анын атаандашы Урос Медич 44,5 миң доллар алды.Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу мелдештин экинчи раундунда Медичти муунтуу ыкмасы менен жеңген. Беттеш дем алышта Лас-Вегаста өткөн. Оролбай уулу алдыда 70 килограммга чейинки категорияда үч беттеши бар экенин айтып, дагы мыкты кармаштарды көрсөтө турганын белгилеген. Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңип, бир ирет утулуп калган.
https://sputnik.kg/20231022/rossiyalyk-mushkerdin-ukmushtuudaj-nokautu-1079740038.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104577/96/1045779644_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_d836a30e2df94a0ad4cf0863a84b2582.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мыктыбек оролбай уулу, ufc, спорт, акча, сый акы
кыргызстан, мыктыбек оролбай уулу, ufc, спорт, акча, сый акы
UFC уюмунда жеңишке жеткен Мыктыбек Оролбай уулу канча акча тапты?
Кыргызстандык спортчу менен анын атаандашынын акысы базалык бөлүктөн жана медиа иш-чараларга катышканы үчүн каралган акчадан турат.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы алгачкы жеңишинен кийин 16 миң доллар алат.
Жалпы сумманын 12 миң доллары базалык төлөм, калган төрт миңи медиа иш-чараларга катышканы үчүн берилген.
Абсолюттук мушташ боюнча чемпионатта көбүрөөк беттеш өткөргөн анын атаандашы Урос Медич 44,5 миң доллар алды.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу мелдештин экинчи раундунда Медичти муунтуу ыкмасы менен жеңген. Беттеш дем алышта Лас-Вегаста өткөн. Оролбай уулу алдыда 70 килограммга чейинки категорияда үч беттеши бар экенин айтып, дагы мыкты кармаштарды көрсөтө турганын
белгилеген.
Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңип, бир ирет утулуп калган.
22 Тогуздун айы 2023, 15:51