Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адамды ис урганда эмне кылуу керек? Адистин кеӊеши

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча инструктор Рысбек Букарадинов
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча инструктор Рысбек Букарадинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча инструктор Рысбек Букарадинов иске уулануунун белгилери жана биринчи жардам кандай болушу керектигин айтып берди.
Уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болгондуктан өзгөчө коркунучтуу. Бул тууралуу Рысбек Букарадинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адамды ис урганда эмне кылуу керек? Адистин кеӊеши
Анын айтымында, иске ууланган адамды байкап калганда аны токтоосуз сыртка алып чыгуу керек.
"Уулануунун негизги себептери: мешти жылытуу эрежелеринин бузулушу, мештин эшиги өз убагында жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мештин жана мордун туура эмес иштеши, андагы жаракалар. Ис кычкылтек менен кошо өпкөдөн кан тамырларларга тарап, кандагы гемоглобин менен аралашат да, карбоксигемоглобинди пайда кылат. Ал кычкылтекти ткандарга, клеткаларга жеткирбей тосуп калат. Мунун кесепетинен гипоксия келип чыгат. Кишинин организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануунун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат. Эң коркунучтуусу — адамдын өмүрү менен кош айтышуусу. Уулануунун жеӊил даражасында көӊүл айнып, баш айланып, адам шалдырап, муундары ооруйт. Экинчи даражада жүрөк катуу согуп, адам кусуп, мээ лукулдайт, көзгө буюмдар экиден болуп көрүнүп, кулак чуулдай (галлюцинация) баштайт. Ал эми үчүнчү даражасында жүрөктүн согушу бузулуп, көөдөндө оору пайда болот да, жүрөгү токтоп калчудай сезимдер байкалат. Бир кезде баш айланып, уйкусурап, адам эсин жоготот. Ис урганда адамды таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу, бөлмөлөрдү желдетүү үчүн терезелерди, эшиктерди ачуу, жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу, капталынан жаткыруу сунушталат. Эгерде адам эс-учун жоготпосо, анда таза абага үзгүлтүксүз чыгарып, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылып, денени сүртүп, таттуу чай, кофе берсе болот. Булар мээнин ишин жакшыртып, кычкылтектин тарашына жардам берет", — деди Букарадинов.
Ал жабырлануучу эс-учун жоготсо, тез жардам келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0