Ооруп өлгөн малдын этин саткандар бар. Министрдин маеги
21:45 07.11.2023 (Жаңыртылды: 21:49 07.11.2023)
© Sputnik / Табылды КадырбековЭт сатуу. Архивдик сурөт
Жазылуу
Өлкөдө айыл чарба азыктары таза болсо, калкыбыз да азык-түлүк, тамак-аш коопсуздугунан сак болот. Анткени дыйкандардын, фермерлердин эмгегинин натыйжасы калктын дасторконуна түшөт.
Sputnik Кыргызстан редакциясында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков болду. Биз айыл чарбасына тиешелүү бардык көйгөйлүү маселелер тууралуу баарлашып, министрдин пикирин уктук.
— Быйыл айыл чарба тармагы үчүн оңой болгон жок. Себеби суу, күйүүчү-майлоочу май тартыш болду. Минстрлик буга кандай чара көрдү?
— 2023-жыл дыйкандарга бир топ кыйынчылык туудурду. Учурда оруп-жыйноо иштери бүттү. Кылкандуу дан өсүмдүктөрү жылдагыдан беш центнер аз алынганы менен калгандары жакшы болду. Буга чейин ирригацияга бөлүнгөн каражат ийгиликтүү өздөштүрүлбөгөндө быйыл сугат суу боюнча көйгөй мындан дагы курч болмок. Быйыл дагы былтыркыдай деңгээлде иштер жасалууда. Келечекте 64 чоң суу сактагыч куруу зарыл. Мына ошолорго топтолгон суу дыйкандарга берилет. Бирок дыйкандар сугат сууну үнөмдөй турган технологияларды пайдаланып, тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өтпөсө көйгөй толугу менен чечилбейт. Бул үчүн дыйкандарга жеңилдетилген шартта лизингге сугат суу үчүн жабдыктарды алууга мүмкүндүк бар. Ошондой эле былтыр бир катар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жаңыртууга шарт түзүлдү. Түшүмдүүлүктү жакшыртууга өбөлгө болуучу дагы бир тармак — бул айыл чарба техникаларын жаңылоо. Былтыр үч миллиард сомго техника берилсе, быйыл бул көрсөткүч төрт миллиардга жетти. Эмдиги жылы беш миллиардга, ал эми 2025-2026-жылдары 10 миллиардга жеткирүү зарыл. Антпесе учурдагы техниканын жарымы 40 жылдан ашык убакыттан бери эксплуатацияланып келе жатат. Болгону 11 пайызы –10 жыл мурун чыккандар.
— Кыргызстан өзүн социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн үчөө менен камсыздайт. Калгандарын 2026-жылга чейин 80 пайызга чейин жеткирүү планда бар экенин айткансыз. Бул жагы кандай болуп жатат?
— План боюнча баратабыз. Өзүбүздү өзүбүз камсыздоо — бул 85 пайыздан жогору көрсөткүчтү билдирет. Ал эми сүт менен 116 пайызга, картошка, жашылча-жемиш менен 160 пайызга камсыздалдык. Быйыл кант кызылчасы көп көлөмдө өстүрүлдү. Өзүбүздү кант жана эт менен 85 пайыздан жогору камсыздоо оюбуз бар. Эки жылдан бери тоок фабрикалары эт багытындагы тоок өстүрүп, аны кыргызстандык кардарларга сата баштады. Буга чейин жылына 50 тоннага чейин сырттан импортточубуз. Ошону менен үч эмес, беш азык менен өлкөнү камсыз кыла баштадык. Президент 2026-жылга чейин 9 азыктын жетөөнү милдеттендирген. Биз буга ишенимдүү баратабыз. Божомолубузда өсүмдүк майынан башкасынын баары менен камсыз кыла алабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековАскарбек Жаныбеков: быйыл кант кызылчасы көп көлөмдө өстүрүлдү. Өзүбүздү кант жана эт менен 85 пайыздан жогору камсыздоо оюбуз бар.
Аскарбек Жаныбеков: быйыл кант кызылчасы көп көлөмдө өстүрүлдү. Өзүбүздү кант жана эт менен 85 пайыздан жогору камсыздоо оюбуз бар.
— Үрөндү сырттан алып келип жатасыздар. Канткенде ун чыгаруучу ишканаларды ата мекендик сырьё менен камсыздайбыз?
— Тармактык, аймактык адистештирүү тууралуу 2-3 жылдан бери айтылууда. Жаратылышына, жер шартына, климатына жараша ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүшү керек. Малина, кулпунай жана карагаттын аянттары абдан көбөйүп келе жатат. Булар жогорку маржалуу айыл чарба өсүмдүктөрүнө кирет. Алардын аянты көбөйүшү керек. Быйыл көчөт өстүрө турган 10 питомникти каттап, аларга атайын статус бердик. Мындан ары да жардам кылабыз. Бизде жалпы дан эгиндери 650 миң гектар жерге өстүрүлөт. Анын 232 миң гектары буудай, ал эми 239 миң гектары арпа болду. Бүгүн 7 миллион 34 миң кыргызстандыкты камсыз кылуу үчүн 786 миң тонна буудай керектелет. Аны өстүрүүгө көп аянт эмес, сапаттуу үрөн керек. Былтыр муну толук ишке ашырып, быйыл күздүк үрөндү да жаңыртып, 3000 тоннага жакын жаздык үрөн беребиз. Экинчиден, буга техника жана технология талап кылынат. Орточо эсеп менен гектарына 35-45 центнерден түшүм алуу зарыл. Ошондо 200 гектар жер менен эле кыргызстандыктарды толук камсыздай алабыз. Дыйканчылык маданияты заманбап техника менен алдыга жогорулайт. Унду сапаттуу унга айлантуу үчүн сапаттуу тегирмен керек. 2021-жылдын аягында 12 тегирмен иштесе, бүгүн 30дан ашык чоң тегирмен ун чыгарууда. Бизде бардык шарттар түзүлүп калды, эми көрсөткүчтөрдү оңдоо керек.
— Сиздердин ишмердүүлүккө бир топ сындар айтылууда. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн үрөндү сырттан алып келишүүдө, биздин селекцияны да колдоо керек деген пикирлер бар.
— Эң туура көз караш. Ата мекендик селекционерлерди колдоо керек. Дыйканчылык илим-изилдөө институтуна жаңы жетекчи дайындалып, бир жылга жетпеген убакыттын ичинде институтка тиешелүү жерлердин баарын кайра кайтарып алып иштетүүдө. Муну менен чарбалардын ишмердүүлүгү жогорулап, селекционерлерге жакшы мүмкүнчүлүк берилди. Мал чарба илим-изилдөө институттары менен дыйкан чарба илим-изилдөө институттарын колдоого аракеттер жүрүп жатат. Тез арада жаңы сорт чыгаруу кыйын. Ошол себептен импорттук жаңы үрөндөрдү алып келишибиз керек.
© Sputnik / Асель СыдыковаАскарбек Жаныбеков: азыр Кытай бизден балык алып кетүү ниетин билдирди. Бирок аларда тамак-аш коопсуздугу жогорку деңгээлге коюлгандыктан келип текшерип, анан мамлекетине киргизет.
Аскарбек Жаныбеков: азыр Кытай бизден балык алып кетүү ниетин билдирди. Бирок аларда тамак-аш коопсуздугу жогорку деңгээлге коюлгандыктан келип текшерип, анан мамлекетине киргизет.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Жазында Россиянын Ветеринария кызматы сүт өндүрүүчү фабрикаларга жана балык чарбачылыгына чектөөлөрдү койду. Мындан министрлик кандай сабак алды?
— Кыргызстандын азык менен камсыздалышы жана аны сатып алууга мүмкүн болгон баалар чени — бул азык-түлүк коопсуздугу. Ал эми тамак-аш коопсуздугу анын сапатынан көз каранды. Бизде ушул көрсөткүч төмөн экенин “Россельхознадзор” көрсөтүп, кайра кайтарды. Муну менен экспорт чектелди. Биздеги сүттүн сапатын көзөмөлдөө милдети Ветеринария кызматында жана кайра иштетүүчү мекемелерде жатат. Ал эми өндүрүлгөн чийки заттын сапатынын жоопкерчилиги дыйкан менен фермердин колунда. Алар антибиотиги көп сүттү “борбордогу неберем ичсе эмне болот” деп ойлонушу керек. Тилекке каршы, антпейбиз. Россиянын талабына шайкеш келтирүү менен бүгүн чектөө кирген 9 чарбанын алтоосу ачылып иштеп жатат. Азыр Кытай бизден балык алып кетүү ниетин билдирди. Бирок аларда тамак-аш коопсуздугу жогорку деңгээлге коюлгандыктан келип текшерип, анан мамлекетине киргизет. Көп өлкөлөр өз жарандарынын ден соолугу үчүн коопсуздукка дыкат карашат. Бизде бул бир аз төмөн деңгээлде.
— Жакында эле тамактануучу жайлардан ууланган эки чоң учур катталды. Жоопкерчилик фермерлерде болгону менен мамлекетте да муну алдын алуучу механизмдер болушу керек го?
— Эң туура. Адам үчүн биринчи байлык – ден соолук. Азыр кыргызстандыктардын көп акчасы дары-дармек сатып алууга жумшалат. Кээде эт бышып жаткан жерге барсаң дары жыттанат. Анткени ооруп жаткан малды кайра-кайра дарылап, айла кеткенде сатып жиберип жатышат. Биз мал союучу жайларды текшерип жаба баштаганда 10-15и чогулуп алып, “ишкерлерге тоскоолдук кылып атасыңар” деп чыгышат. Азыр Кыргызстанда өлгөн малдын этинен бизнес кылгандар көп. Ошолорго кайрыларым, кудайды, туугандарды кантесиңер? Ошондон тапкан каражат кантип жакшылыктарга буюрсун? Өлгөн малдын этин ташып, ооруп жаткан малды союп саткан жолдошторго кайрылат элем. Кудайыңарды карап эмитен ойлонгула! Ушунун баары чогулуп келип кыргызстандыктардын ден соолугуна зыянын тийгизип жатат. Ветеринардык кызматка талапка жооп бербеген мал базарларды көзүнө карабай туруп тыкыр текшерүүсүн талап кылуудамын. Айып пулдар салынууда. Бизде азыр 98 мал базар бар. Анын 28и талапка такыр жооп бербейт. Аны ветеринардык кызматтар барып жаап кетсе, түнүчүндө мал союп жатышат. Калктын ден соолугунун эсебинен бизнес кылгандарды токтотушубуз керек. Муну менен министрлик эле эмес, жалпы эл күрөшүүсү зарыл. Ошондо натыйжа берет.
© Фото / Зульфия ТургуноваАскарбек Жаныбеков: азыр Кыргызстанда өлгөн малдын этинен бизнес кылгандар көп. Ошолорго кайрыларым, кудайды, туугандарды кантесиңер? Ошондон тапкан каражат кантип жакшылыктарга буюрсун?
Аскарбек Жаныбеков: азыр Кыргызстанда өлгөн малдын этинен бизнес кылгандар көп. Ошолорго кайрыларым, кудайды, туугандарды кантесиңер? Ошондон тапкан каражат кантип жакшылыктарга буюрсун?
© Фото / Зульфия Тургунова
— Асыл тукум малдан абдан жакшы акча таап жаткандар бар. Бул жагын өркүндөтүүгө кандай шарттар түзүлүүдө?
— Өлкөдө 146 асыл тукум мал чарбасы бар. Булардын милдети асыл тукум малды өлкөгө жайылтуу, көбөйтүү. Азыр малды асылдандыруу үчүн элге жеңилдетилген насыя берилүүдө.
Ошондой эле базарда суроо-талап жогору болгон өсүмдүктү өстүрүү керек. Азыр биздин карагатка, кулпунайга эбегейсиз талап болууда. Бул үчүн өлкөдөгү 615 гектар кунарсыз жайыттар көп жылдык мөөнөткө ижарага берилип жатат. Жер-жерлерде дыйкандарга да маалымат жеткирүү, аларды окутуу зарыл.
— Деградация болгон жайыттарды жакшыртуу үчүн кандай иштер жасалууда?
— Кыргызстанда 246 миң гектар жер толук деградация болгонун окумуштуулар аныктады. Быйыл биринчи жолу ал жайыттардын 10 миң гектарына Россиядан 99,5 тонна үрөн сатып келип, 300 гектар жерге үрөн себилди. Эмдиги жылы дрон сатып алып, үрөн себүүгө даярданып жатабыз. Ушинтип жайыттарды оңдошубуз керек. Антпесек асыл тукум мал өстүрүү да жакшы жыйынтык бербейт. Жыл аягында 500 тонна үрөн алып келип, эмдиги жылы 50 миң гектар жерге себебиз. Суусамырда 18 миң алтыгана каптаган жер бар, аны эмдиги жылы химиялык жол менен тазалайбыз. Башка өсүмдүктөргө зыян келбейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековАскарбек Жаныбеков: Кыргызстанда 246 миң гектар жер толук деградация болгонун окумуштуулар аныктады.
Аскарбек Жаныбеков: Кыргызстанда 246 миң гектар жер толук деградация болгонун окумуштуулар аныктады.
— Кластердик өсүмдүктөрдү өстүрүү кандай натыйжа берүүдө?
— Былтыр агрардык өнөр жай кластерлерин өнүктүрүү долбооруна 10 миллиард сом каралган. Ошонун 3,4 миллиард сому каржыланып, 2 миллиард 700 миллиону өздөштүрүлүп, 700 миллиону агрегаторлор тарабынан алынбай калган. Быйыл 10 миллиард 800 миллион сом каралды. Бирок быйыл 8 кластердин үстүнө органика, балык, пахта өңдүү 6 кластер кошулду. Акчаны эт менен сүт кластери жакшы өздөштүрдү. Мөмө-жемиш менен ун кластери түзүгүрөөк иштеп жатат. Калгандары, тилекке каршы, жакшы көрсөткүчкө жете албады. Акча банкта турат. Дыйкандарга айтарыбыз, каражатты айыл чарба өндүрүшүнө пайдалан, натыйжа чыгар, өнүктүр.
— Мамлекет берген каражатты эмнеге албай жатышат?
— Менимче, көбүндө буга чейин алган кредиттери бар. Аны жабуу да кыйынчылыктарды жаратып жатса керек. Жаңы нерсеге кадам таштаганда ишенимдүү болуу оң. Коңшулар мал жана дыйканчылык жагынан абдан жакшы иштерди жасап жатат. Атаандаштыкка алдырбаганга аракет жасаш керек.
— Токой чарбасын да сиздердин министрликке өткөрүп берди. Токойлорду сактоо, аянтын көбөйтүү жана жасалма токойлорду түзүү жаатында кандай иштер аткарылууда?
— Кыргызстанда токой кыюуга уруксат жок. Бирок айыл жергесинде токойду кыйып, анча-мынча жеңил акча табам дегендер кармалып, айып пул төлөп калышууда. Жалпы жерибиздин 6,2 пайызын токой баскан. 2020-жылы 460 гектар жер токойлоштурулушу керектиги планга кириптир. Аны биз 650 гектарга чыгардык. 2021-жылы ал көрсөткүч 1 118 гектар болду. Быйыл 2 200 гектардан ашты. Акыркы үч жылда эки эселеп жогорулатып жатабыз. Эмдиги жылы 3 500 гектарга чыгабыз. 2025-жылы 5 000 гектарга, анткени союз убагында Кыргызстандын токойчулары ушунча аянтты жылына токойлоштурчу экен. Быйыл 8 миллион көчөт даярдап чыгардык, эмдиги жылы 16 миллионго жетет. Ал сатып алынышы керек. Себеби токойдун аянтын көбөйтүү менен гана мөңгүлөрдүн эришин алдын алабыз. Бул багытта Токой кызматы чоң иштерди аткарып жатат. Алар атайын каражатты 207 миллионго чыгаруу аракетинин үстүндө, себеби анын 50 пайызын маяна катары алышат. Калган 50 пайызы токой чарбасынын өнүгүшүнө жумшалат. Бул – бизде приоритеттүү багыттардын бири.