ЕАЭБ ичинде Кыргызстандан чыккан балык жогору бааланат. Адистин маеги

© AFP / PHILIPPE LOPEZФорель фермасынын кызматкери иш учурунда. Архив
Форель фермасынын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясында Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов жана Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Алмаз Шаршенбеков болду.
— Балык чарбасына ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттардын берилиши кандай болуп жатат?
Алмаз Шаршенбеков: — Ушул жылдын жаз айында Россельхознадзор тарабынан бизге чектөөлөр коюлган. Кыргызстанда балык чарба субъектилери жылдан жылга көбөйүп жатат. Бул жакшы көрүнүш болгону менен сапат маселесине кедергисин тийгизиши ыктымал. Ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттар эрежелерди кармаган чарбаларга берилет. Былтыркы жылдын тогуз айында 2 миң тонна балык экспорттолсо, быйыл ар түрдүү чектөөлөрдү эске алганда 2,9 миң тонна балык сатылды. Демек, ишкерлер чарбалардын ишин жогорулатып, ири көлөмдө рынокко алып чыгууда. Биз ЕАЭБге жаңы киргенде ишкерлерге преференция берилип, бир топ шарт түзүлгөн. Ошол учурда түптөлгөн чарбалар учурда ири көлөмдө экспорттоп, киреше алып келүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин рыногунда балыктын экспорту менен атаандаштыкка туруштук бере алат. Анткени бизде өндүрүлгөн балык экологиялык жактан таза, тоолуу шартта багылат.
© Sputnik / Асылбек БактыбековВетеринардык кызматтын директорунун орун басары Алмаз Шаршенбеков
Заместитель руководителя Ветеринарной службы при Министерстве сельского хозяйства Алмаз Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Алмаз Шаршенбеков
— Буга чейин канча компания же ишкер балык азыктарын экспортточу эле? Азыр канчасы калды?
Эдил Ниязов: — ЕАЭБдин реестринде Кыргызстандын 39 балык чарбасы катталган, анын бешөө учурда Россияга балык экспорттоодо. Буга чейин тогуз субъект Россияга балык жана балык азыктарын жиберип турган. Экспорт токтотулган жок. Казакстанга, Өзбекстанга да балык жөнөтүү реестрге киргизилди. Бирок алгач өлкө ичин камсыздоо зарыл. Эрежелер, санитардык нормалар лабораториялык аныктамаларга туура келиши керек. Ошондо гана экспортко чыгара алабыз. Бүгүн Балык чарба департаменти тарабынан бардык шарттар түзүлүп, лабораториялар толук иштеп жатат. Андан тышкары, биз экспорт кылган мамлекеттин да эрежелери бар. Ошондуктан чарбаны алгач өзүңдөн баштоо керек.
— Россельхознадзор койгон негизги талаптар кандай болду?
А.Ш.: — Негизинен Кыргызстанда өспөгөн чоң балыктарды жиберип жатканыбыз айтылган. Комиссия келгенде осётр балыктары бизде өндүрүлөрүн көрсөттүк. Бүгүн осётрды өстүргөн үч балык чарба бар. Аларды экспорттун саны көбөйгөнү да шек санаткан. Анткени балык чарбасында ири өсүш болду. Биз балыктан тышкары экспортко икра жөнөтө баштаганбыз. Муну кантип алып жатканыбызга таң калып, жөнөкөй эле көлмөгө өстүрүп жатканыбыздын жол-жобосун сурашты. Бир сыйра текшерип, анан талаптарды коюп кетишкен. Эми ар бир балык чарбасы онлайн экспертизадан өтүп, тийиштүү иш кагаздарын өткөрүп жатабыз. Ошого жараша улам бирден балык чарбасына уруксат берип жатышат.
Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБде балык экспорту боюнча атаандаша алат
— Былтыркыга салыштырмалуу экспортто балыктын көлөмү 900 тоннадан бир аз ашат экен. Беш чарба экспортту ушунча чоң көлөмдө бере алдыбы?
Э.Н.: — Кыргызстанда жалпы 415 балык чарба ишмердүүлүк жүргүзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга салым кошуп жатат. Россияга балык экспорттоочу үч чарба онлайн инспекциядан өтүп, Россельхознадзордун жыйынтыгы күтүлүүдө. Экспортко уруксат алган чарбалар башка ишкерлерден балыкты сатып алып да жөнөтүшүүдө. Бизде сапаттуу жем берип, таза көлмөлөрдө балык өстүргөн чарбалар көп. Бирок баары реестрге туруп, экспортко чыгаруусунун кажети жок. Муздаткычы бар, шарты түзүлгөн, эрежелерге жооп берген чарбалардын негизинде документтерди көрсөтүп экспорттоого болот. Калгандары аларга ыңгайлашып ишин жүргүзө берет.
© Sputnik / Асылбек БактыбековАйыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов
Директор департамента рыбного хозяйства Министерства сельского хозяйства Эдиль Ниязов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов
— Тоют маселеси негизги фактор катары белгиленген. Бул жагынан кандай иштер жасалып жатат?
Э.Н.: — Айыл чарба министрлиги 2022-жылы өлкөдө тоют чыгаруучу жеке менчик чарбаларды нарк сылыгынан бошотуу боюнча токтомун иштеп чыккан. Форель үчүн өлкөдө даярдалган тоюттун курамында 30-40тай ингредиент бар. Алар сырттан алып келинет, 13 пайызынан гана кошумча нарк салыгы алынат. Ал эми сырттан импорттолгон даяр жем кошумча нарк салыгынан бошотулду. Бул балык чарбасынын өсүшүн шарттады. Балык канчалык көп өстүрүлсө, алып келинген жемдин көлөмү да ошончолук чоң болот. Бул жагынан жардам көрсөтүлүп, иш жүрүп жатат.
ЕАЭБдин реестринде Кыргызстандын 39 балык чарбасы катталган
А.Ш.: — Кыргызстан боюнча идентификациялык базада катталган 1710 көлмө бар. Эки жылдан бери балык чарбалары менен тыгыз иштешип, жазылган эрежелерди так аткаруу талаптарын коюп жатабыз. Мисалы, икраны алып келип сууга коё бергенде эле карантинге коюлат. Андан кийин таза көлмөлөргө бөлүнүп, өстүрүлөт. Балыктар союлган соң дароо муздаткычтарга салынат. Бул бирден-бир негизги эрежелер. Ички рынокко сатардан мурун да ушул эрежелерди сактоосу керек. Балыктын суусу улам тазаланып турушу абзел. Балык чарбалар кызматка ветеринар алышын талап кылуудабыз. Алар күнүмдүк отчёт жүргүзүп турушу керек. Суунун температурасын, тоюттун сапатын карап, көлмөдөн бир балык өлүп калса аны лабораторияга жөнөтүп, себебин текшерет.
— Норма боюнча Кыргызстандын шартында балыктын саны канчага чейин болушу керек?
А.Ш.: — Ветеринардык, биологиялык жана экологиялык нормалар бар. Балыкты каалаган жерде, каалаган санда, каалашымча өстүрөм деген болбойт. Алгач Балык чарба департаменти суунун сапатына, көлөмүнө жараша кандай түрдөгү балыкты канча санда өстүрсө болорун аныктайт. Мындан тышкары, Кыргызстанда өспөгөн, балык болсо Улуттук илимдер академиясынан аныктама алуу керек. Андан кийин ветеринардык, экологиялык аныктамалар бар. Жоопкерчилик менен иш алып баруу зарыл. Кыргызстандагы суунун 0,02 пайызын колдонуу менен эле 100-150 тонна форель өстүрүүгө болот. Андан тышкары, карп, сазан, осётр деген балыктар бар. Эрежелерди туура сактап иштетсек, Кыргызстанда 150 миң тоннадай балыкты айлана-чөйрөгө зыян келтирбей өстүрүүгө болот.
© Sputnik / Асылбек БактыбековСотрудники Министерства сельского хозяйства Алмаз Шаршенбеков и Эдиль Ниязов
Сотрудники Министерства сельского хозяйства Алмаз Шаршенбеков и Эдиль Ниязов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
— Чүйдө форель үчүн тоют өндүргөн ишкана ачылды эле. Мындай ишканалар тууралуу кабарыңыздар барбы?
Э.Н.: — Бүгүн Аламүдүн районунда, Ысык-Ата районунда да жем чыгаруучу цехтер, заводдор ачылды. Биринчиден, булар өздөрү тажрыйба топтошууда. Анткени баарынын балык чарбалары бар. Кыргызстанда өндүрүлгөн товардык балык экологиялык таза шартта багылып, ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу сапаты жогору бааланат. Кыргызстан форель өстүрүү боюнча биринчи орунду бербейт.
Балыкты тоют менен туура камсыздап, эрежелерди, ветеринардык коопсуздукту сактоо керек. Суунун температурасын, кычкылтегин көбөйтсөк 25 килограмм өстүрө турган көлмөдөн 50 килограммга чейин балык өстүрсө болот. Чет мамлекетте 100 килограммга чейин өстүрүп жатат. Мисалы, бир гектардагы чарбаны жакшы даярдап, өнүмүн 2-3 эсе алса болот. Санды көбөйтүп, сапатты жакшыртуу үчүн жаңы көлмө, бассейндерди салып кереги жок. Болгону сууну туура даярдаш керек.
— Бүгүн ченемдик укуктук актыларды сунуштаган да учурлар болду. Негизинен балык чарбасынын ишмердүүлүгүнө кандай өзгөртүүлөр керек?
Э.Н.: — 2021-жылы балык уулоочулук жана суудагы жандыктарды сактоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынган. Быйыл ага өзгөртүү киргизип жатабыз. Себеби жашоо-турмуш, бизнес бир орунда турбайт. Мындан тышкары, ченемдик-укуктук актылар өзгөртүлөт. Мыйзамды аттап өтүп, жашырынуу чоң чыгымга дуушар кылат. Муну ишкерлер деле билет. Эреже бузган чарбаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айып пул салынат. Эң акыркы этапта жабууга чейин барабыз. Бирок жабылган чарбалар жок. Анткени түшүнүп калышты. Катасын оңдогонго аракет кылат. Эл балык сатып алып жатканда да сертификатын сурашы керек. Жарандык көзөмөл да болушу зарыл. Мындан тышкары, айрым балык түрлөрүн кармоого мораторий кирген. Аларды өрдөп жаткан убакта кармаганга болбойт.
Айыл чарба фермасынын короосундагы бодо мал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Эмдөө менен көп ооруну ооздуктап калдык, бирок көйгөй бар. Ветеринардын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0