Евразиядагы алаканын жаңы үлгүсү. ЕАЭБдин эркин соода аймагы тууралуу пикир

© AFP / JOE KLAMARИрандын мамлекеттик желеги. Архив
Ирандын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Жазылуу
Борбор Азия — Ирандын негизги өнөктөш, союздаштары болгон Россия жана Кытай менен кызматташтыгы үчүн маанилүү мейкиндик.
Аталган эки держава Тегеран чөлкөмдөгү өлкөлөр менен мамиленин өрчүшүн кандай көрөрүн билүүнү кааласа, бул мамлекеттер да Иранды терең түшүнгүсү келет.
Sputnik колумнисти бул сапар ушундай ойдун учугун чубаган. Евразия экономикалык биримдиги соңку он жылдыкта акырындап экономикалык интеграциянын арыштуу процесстеринин бирине айланып, өнөктөш өлкөлөр менен тышкы байланыштардын түзүлүшүнө алып келди. Бул көрүнүш Евразиядагы экономикалык жана саясий алакаларга кошумча түрткү да берет.

Евразиялык карым-катыш туурасында

Жаңы, кыйла адилеттүү дүйнө тартиби эл аралык мамилелердин маданий, цивилизациялык ар түрдүүлүгү, саясий плюрализмдин эсебинен түптөлөт. Евразиялык мейкиндик азыртан эле өзгөчө чөлкөм болуп эсептелет. Анын айырмачылыгы өлкө жана улуттардын улуттук, маданий жана диний өзгөчөлүгүнө көрсөтүлгөн ызаат бүгүнкү күндө да сакталганында. Мындай нерсе коомдун руханий-моралдык принциптерин жок кылып, аларды инсан менен коомду бузулууга кептей турган "универсалдык либералдык баалуулуктарына" алмаштырууга багытталган Батыш саясатынын дал карама-каршылыгы эмеспи.
Ушундан улам Борбор Азия евразиялык мамлекеттердин өз ара карым-катыш жана кызматташтыгынын негизги чөлкөмү, кандайдыр континенталдык дипломатия борбору сымал саналууда. Евразиядагы бул процесстерге Иран кошулбай коё албайт. Анан да Иран мурда деле бир катар тарыхый окуялардын жигердүү катышуучусу экени айныгыс. Алар кийин азыркы Борбор Азиянын калыптанышына таасир эткен. Ушул тапта ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ, КМШда өлкөлөрдүн кызматташтыгынын алкагында өз ара карым-катыштын жаңы евразиялык үлгүсү түзүлүүдө. Алдыда бул келечектин, кыйла адилеттүү дүйнөлүк түзүмдүн өзөгү болору талашсыз.

Эркин соода аймагы тууралуу

Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин 20-октябрдагы маалыматына караганда быйыл жыл аягына дейре Евразиялык экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлары күтүлөт.
2019-жылдан тарта Иран менен ЕАЭБдин ортосунда Эркин соода аймагын түзүүгө сүрөгөн утурумдук келишим иштеп, ал эми 2022-жылы анын мөөнөтү протокол менен узартылган эле. Учурда бардык маселелер макулдашылып, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жөнүндөгү келишимдин долбоору иштелип чыкканы айтылууда.
Утурумдук макулдашуу күчүнө киргенден бери эки тараптын ортосундагы товар айлантуу улам өсүп отуруп, 2023-жылдын майында 5 млрд. доллардан ашкан. Бул көрсөткүчтөрдү 10 млрд. долларга чыгаруу планын Эркин соода аймагы жөнүндөгү келишимге кол коюлгандан кийин бул процесс кыйла активдешерине үмүт арткан Иран тарап белгилейт.
Вьетнам жана Сингапур менен болгон ушундай эле макулдашууларга салыштырмалуу Иран менен эркин соода аймагын түзүү соода-экономикалык алакаларга гана эмес, Евразиядагы транспорт жана коммуникация тармагындагы долбоорлорго да олуттуу түрткү болмокчу.
Ирандын геосаясий абалы өзгөчө, өлкө бир эле убакта бир нече чөлкөмдүн бөлүгү болуп, аларга, атап айтканда Жакынкы Чыгыш, Перси булуңу, Түштүк Кавказ, Борбор жана Түштүк Азияга таасир этүүчү факторго ээ.
Мурда да бул чөлкөмдөрдүн элдерине тийгизген маданий-тарыхый, диний жана илимий таасири айныгыс жана бул анын азыркы саясий жана экономикалык маңызына негиз болуп берген. Соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык багытта ЕАЭБ менен Эркин соода аймагы эки тарапка тең пайдасын тийгизет. Иранга Евразия рынокторуна чыгууга шарт жаратып, экинчи жагынан Евразиялык экономикалык биримдиктин товар жана бизнесине Чыгыш, "глобалдык Түштүккө" карай жаңы багыттарды ачып берет.
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бишкектеги өткөн саммитте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Дүйнө өзгөрүүдө. ШКУ, КМШ, ЕАЭБ саммиттеринен кийинки эксперттик көз караш

Борбор Азиянын мааниси арта бермекчи

ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндөгү келишим иш жүзүндө Ирандан Кытайга чейинки жалпы мейкиндикти түзөт. Кытай менен Соода-экономикалык кызматташтык тууралуу макулдашуу 2018-жылдан бери күчүндө. Ушул багытта ЕАЭБ жана Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгелери алкагындагы транспорттук жолдору Борбор Азия аркылуу өткөндүктөн, чөлкөмдүн мааниси жогорулай берери бышык.
Бирок дал Иранга көңүлдү кунт коё турган болсок, бул – Россия, Борбор Азия мамлекеттери, Түштүк Кавказ менен Иран, Перс булуңу, Индияны ирандык Бендер-Аббас жана Чабахар портторун байланыштырып турган "Түндүк-Түштүк" мультимодалдык коридорунун негизги үч бутагын долбоорлоо жана жүзөгө ашыруу.
Перс булуңу жана Индия багытында Борбор Азиядан транспорттук жолдорду куруу боюнча пландар Ирандын эл аралык санкцияларга кабылышы, Афганистандагы абал жана ал жакта АКШ күчтөрүнүн жайгашканынан улам татаал болуп келген. Азыр жаңы эл аралык-саясий шарттардын таасиринен улам батыш санкцияларга тоскоолдук жаратпай калды. Бул багыт Евразиянын бир катар өлкөлөрүнүн биргеликте өнүгүшүнүн негизги инструментине айланышы мүмкүн.
Азыркы тапта Борбор Азиядагы ЕАЭБдин эки мүчөсү — Казакстан менен Кыргызстан бар, ошондой эле Өзбекстан аталган уюм менен өзүнчө келишим түзгөн. Мындан сырткары ЕАЭБдеги башка мамлекеттер жана бейтарап Түркмөнстандын тажрыйбасын ийне-жибине талдап келе жаткан Тажикстан бар. Булардын баары түзүлгөн жагдай жана учурдагы саясий мамилелердин мүнөзүнө жараша Иран менен ар кандай деңгээлдеги байланышта. Ошол себептен Ирандын 2022-жылы ШКУга мүчө болушу менен Борбор Азия менен байланыш кыйла жогорулаган. Шанхай уюмунун алкагында да, евразиялык мейкиндикте да ирандык дипломатиясы активдешкен сайын байланыш бекемделе берери ырас.
Эгер Иран Борбор Азия менен экономикалык байланыштарын күчөтүүгө ниеттенсе, ЕАЭБ мейкиндиги жакын арада бул мамлекет үчүн чоң мааниге ээ болот. Казакстан менен Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алсак, аталган эки мамлекет тең эки тараптуу жана чөлкөм деңгээлинде Ирандын экономикалык демилгелерин ишке ашыруунун маанилүү түйүнүнө айлана алышат.

"Иран жана Борбор Азия" аянтчасы боло алабы?

Ирандын чөлкөм аралык мамиле кылуунун зарылдыгы качан эле бышып жетилсе да, орток чек арасы бар аймактагы жападан жалгыз держава Борбор Азия менен алакада өз демилгесин али алып чыга элек. Сөздүн ачыгы, Борбор Азия бир топ убакыттан бери ирандык дипломатиянын артыкчылыктуу тизмегине кирген эмес. Тегеран башынан Жакынкы Чыгыштагы иштерге терең киришип, өзүнүн атомдук энергетикасы жаатындагы таламын талашып, чөлкөм жана эл аралык коопсуздук көйгөйлөрү менен көбүрөөк алектенген.
Ошентсе да Иран чөлкөм иштерине таптакыр аралаш эмес деген да натуура. Тескерисинче, эл аралык санкцияларга карабастан, Иран Борбор Азия мамлекеттеринин баары менен соода, экономика, маданий жана туристтик багытта кыйла жигердүү байланышта болуп келет. Албетте, байланыш деңгээли Иран менен Борбор Азиянын дараметине дайым төп келер-келбеси жөнүндө кеп бөлөк. Анткени бардык багыттар боюнча кызматташуу алда канча тыгыз болмок.
Ирандын президенти Эбрахим Раисинин коңшулар менен байланыштын артыкчылыгы жөнүндөгү демилгеси Ислам республикасынын чөлкөмдөгү жаңы мамилеси туурасында кеп козгоого жол ачты. 2022 жана 2023-жылдар аралыгында бирин бири улай Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери Иранга сапар алып, ал эми Кыргызстандын президенти 2022-жылы ШКУнун Самарканддагы саммити маалында жолугушуу өткөрдү. Ошентсе да көп тараптуу жолугушуулар Борбор Азияда Ирандын чөлкөм стратегиясы же Ирандын демилгелерин иштеп чыгууга алып келе элек. Балким бул Иран адатынча Борбор Азия менен кызматташка башка мамлекеттердин тажрыйбасын кылдат талдап жатканына байланыштуудур.
Албетте, Батыштын "Борбор Азия +" аянтчасын кайталабаш үчүн Иран чөлкөмдөгү өлкөлөр менен мамиленин өзгөчө бир форматына ээ болгусу келет. Бул демилге Иран менен Борбор Азия мамлекеттери менен тарыхый, этникалык жана маданий жалпылыгына, ошондой эле келечекте жалпы кызыкчылыктарга негизделиши мүмкүн. Кандай болгон учурда да Борбор Азия боюнча демилгелердин жаралышы кандай баскычта экенине карабастан, тез арада анын зарылдыгы келип чыгары ырас.
Борбор Азия ушул тапта Ирандын негизги тышкы саясий өнөктөштөрү Россия жана Кытай менен кызматташтыгынын негизги мейкиндиги, ошондуктан аталган эки өлкө Тегерандын чөлкөмдөгү мамлекеттер менен байланыштарды кантип өнүктүрө турганын билгиси келет. Ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрү да Иранды дурус таанып, аймактагы алакалар туурасындагы көз карашын жакшы түшүнүүнү көздөйт.

Кызматташуунун келечеги жөнүндө

Азыркы Иран – 1979-жылы Ислам революциясы, 1980-1988-жылга дейре созулган иран-ирак согушундагы жеңишинен кийин дароо киргизилген санкцияларга карабастан, экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү багытында жогору өнүккөн өлкө. Азыр илим, техника, медицинада албан ийгиликтерге жетише алды. Жакынкы Чыгыш жана Орто Чыгышта ал – илимий-техникалык жана билим берүү борбору. Өзүнүн космостук программасы, атомдук энергетикасы бар. Келечекте Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да ушундай эле ролду аткарары ажеп эмес.
Борбор Азия менен Ирандын ортосундагы экономикалык, саясий, маданий жана башка байланыштарды активдештирүү – аталган өлкөлөрдүн элдеринин качандыр бир кездеги тыгыз байланыштарын калыптандыруунун маанисин белгилеген табигый, көптөн күткөн жана акыры баштала турган процесс.
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
КМШ өлкө башчыларынын Бишкектеги саммитинин узак мөөнөттүү натыйжасы. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0