Дүйнө өзгөрүүдө. ШКУ, КМШ, ЕАЭБ саммиттеринен кийинки эксперттик көз караш

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бишкектеги өткөн саммитте
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бишкектеги өткөн саммитте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Бишкекте 26-октябрда үч эл аралык иш-чара өттү. Анда ШКУга, ЕАЭБге жана КМШга кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлери чогулуп, коопсуздук, экономика, энергетика, суу ресурсу жаатында орчундуу маселелерди талкуулап, пландарын ортого салышты.
Sputnik Кыргызстан редакциясында дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров болду.
— Борбордо өткөн үч саммиттин жалпы жыйынтыгы тууралуу эмнелерди айтууга болот? Эгемендик алгандан бери Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) иштеп келе жатат. Булардын мааниси тууралуу айтып берсеңиз?
— 70 жыл жашаган Советтер Союзу тарап кеткен соң, 15 союздук республика өз алдынча эркин мамлекет аталды. Ага чейин Бишкекте эле 20га жакын завод иштеп турган. Өндүрүшү экспортко чыгып, союзга кирген өлкөлөр тыгыз интеграцияда эле. 1991-жылы көз карандысыздыкты алгандан кийин өз алдынча мамлекет катары дүйнө таанып, БУУга мүчө болдук. Ошол учурда экономикалык, саясий байланыштар үзүлүп бир топ кыйналдык. Коргонуу жаатында да байланышыбыз зор болчу. Дүйнөдө АКШ менен теңтайлашкан, коргонуу жаатында биринчи орунда турган мамлекет элек. Кийин абал өзгөрүп, турмуш кыстады. Ошонун негизинде көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү идеясы пайда болду. Муну алгач Нурсултан Назарбаев көтөрүп чыгып башкалар колдогон. Ага улай эле 1996-жылы Шанхай кызматташтык уюму түзүлдү. КМШнын алкагында чечиле турган маселелер азыр да көп. Учурда геосаясий чыңалуу күч. Жакынкы Чыгышта, Кытайдагы Тайвань өңдүү көйгөйлөр чиеленишип баратат. Ошол себептен саясий, экономикалык, аскердик коргонуу маселелерин КМШ, ШКУга мамлекеттердин лидерлери ийри отуруп, түз кеңешип талкуулап келет. Эми аларды дагы деталдуу, конкреттүү карап чыгуу үчүн өкмөт башчылар чогулуп, көп документтерге кол коюлду. Бул уюмга кирген мамлекеттер үчүн абдан зарыл нерсе. Башкача болушу мүмкүн эмес.
— КМШ кризиске такалды дегенге болобу? Россия — Украина маселеси, экинчи жагынан Армения да арсар абалда турат...
— Дүйнөдөгү бардык эле уюмдар мезгилдин өтүшү менен анын уставын, шартын өзгөртүп турат. КМШга кирген өлкөлөрдө да көйгөйлөр бар. Украина менен Армениянын уюмга карата көз карашы, ички саясаты бул алардын жеке иши. Уюмдун ишмердигине анчалык кедергисин тийгизбейт. Ошол эле Бириккен Улуттар Уюмунда деле көз караштардын дал келбестиги кездешет. Жакында эле Антониу Гутерриштин кайрылуусуна Израилдин өкмөт башчысы каршы чыгып, "БУУ өз милдеттерин так аткара албай калды" деген пикирин билдирип чыкты. Ошол эле НАТОго да көп сындар айтылды. Анын ичинде деле бир кылка көз караш жок. Венгрия менен Сербиянын өкмөт башчылары жана уюмга мүчө Түркия да такыр бөлөк саясат жүргүзүп жатат. Түркия НАТОнун принциптерине каршы келген маселелерди да көтөрүп салууда. Бүгүн дүйнө өзгөрдү.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуДипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров: СССР дүйнөдө АКШ менен теңтайлашкан, коргонуу жаатында биринчи орунда турган мамлекет эле. Кийин абал өзгөрүп, турмуш кыстады. Назарбаев көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүүнү сунуштап, калганы колдоп берди.
Дипломат, профессор международных отношений Кубанычбек Чекиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров: СССР дүйнөдө АКШ менен теңтайлашкан, коргонуу жаатында биринчи орунда турган мамлекет эле. Кийин абал өзгөрүп, турмуш кыстады. Назарбаев көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүүнү сунуштап, калганы колдоп берди.
— "ШКУ, КМШ уюмдарында көтөрүлгөн маселелер кынтыксыз аткарылып жатат" деп айта алабызбы?
— Чындыгында жалгыз мамлекет көп маселени жеке чече албайт. Мисалы, Россия ички дүң продукциясы жогору өнүккөн өлкө болсо да биздей мамлекеттердин жардамына муктаж. Анткени санкциядан соң көп товарлар кирбей калды. Алар коңшу мамлекеттен сатып алып жатат. 2022-жылы Кыргызстан Россияга мурунку жылга караганда 2,5 эсе көп товар экспорттоду.
Ошондой эле бизге да Россия керек. Казакстан менен Өзбекстанда да газга, энергетикага болгон таңсыктык пайда болду. Алар деле былтыртан баштап биздей эле Россиядан электр энергиясын экспорттой баштады. Азыр энергетика — жашоого керектүү башкы булак. Бул экономиканын мотору. Ушул багыттар боюнча уюм иштеп жатат. Экономикалык, энергетикалык, коопсуздук көйгөйлөрүн бирге чечүүгө аракет жасалууда.
— Ушул мамлекеттердин ичинде Евразиялык экономикалык биримдик түзүлдү. Бүгүнкү күндө мунун орду кандай?
— ЕАЭБдин орду абдан жакшы. Азыр эки миллионго жакын эмгек мигранты Россияда жүрөт. Анын 700 миңге жакыны орус жарандыгын алышкан. Алар 2019-жылдан 2021-жылга чейин жыл сайын мекенине эки миллиард доллардын тегерегинде акча которуп турушкан. Мисалы, 2022-жылы Россиядан жалпы 2 миллиард 900 миллион доллар жиберишкен. Бул абдан чоң цифра. Негизи биздин ички дүң продукция (ИДП) мындан 4-5 жыл мурун 6 миллиард доллар болчу. Ошонун 30 пайызы эмгек мигранттарынан которулган. Биздин ИДП быйыл 11 миллиардга чыгып калды. ЕАЭБге мүчө болгондон кийин өзбек, тажик мигранттарына караганда кыргыздарга жакшы шарт түзүлгөн. 2022-жылы Россия бизге 2 миллиард долларга жакын товар экспорттоду. Анын ичинде газ, мунай, өнөр жай буюмдары жана башкалар бар. Кыргызстан бир миллиард долларга жакын товар экспорттогонбуз. Учурда өз ара товар айлантуубуз 3,5 миллиард долларга жетти. Бул абдан чоң көрсөткүч. Муну ЕАЭБге киргендиктин натыйжасы катары билебиз. Аталган уюмга киргенден кийин ИДП көтөрүлүп, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулады. Эми Россия менен болгон экономикалык байланышты 5 миллиард долларга көтөрүү планы турат. Бул абдан жакшы. Азыр көп мамлекеттер товарын кайда сатарын билбей жатышат. Ал эми бизде жеңил өнөр жайы өнүгүп, Кыргызстанда тигүүчүлөр жетишпей турат. Муну дагы өркүндөтүү керек. Ошондой эле Россия, Казакстан, Беларусь да биргелешкен ишканаларды куруу боюнча ойлорун билдирүүдө. Себеби өлкөдө шарттар бар. Санкциядан кийин Россияда да, Беларуста да микрочиптерге болгон таңсыктык абдан күчөдү. Аны көбүнчө Тайвань жана батыш өлкөлөрү чыгарат. Ошондуктан Таш-Көмүр шаарындагы жарым өткөргүч заводду да жандандыруу маселеси көтөрүлөт деген ойдомун.
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
КМШ өлкө башчыларынын Бишкектеги саммитинин узак мөөнөттүү натыйжасы. Сереп
— Кыргызстандын уюм ичиндеги көйгөйлөрүнүн бири — иштетилбеген чийки сырьёну экспорттоп, кайра даяр продукция сатып алуудабыз. Эми 2045-жылга чейин интеграцияны күчөтүү айтылууда. Ишке ашабы?
— Ооба, бул маселе боюнча Россиядан ишкерлер келип жатат. Бирок канчалык деңгээлде ишке ашары белгисиз. Бул үчүн ишканаларды ачып, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү керек. Энергетика жаатында Нарынга чоң ГЭС куруу керек. Айыл элинин 60 пайызы кышында электр энергиясын пайдаланат. Россия да Өзбекстан менен Казакстанды катыштырып биргелешкен ГЭС куруу сунушун берди. Бул жагынан алардын да кызыкчылыгы бар. Муну биздин өкмөт тездетиши керек, бирок көзөмөлдөө пакети Кыргызстанда болушу шарт.
— Уюмдун ичинде атаандаштык да кезигип жатат. Товар жүгүртүү эркин болушу керек эле, бирок Казакстан транзит катары Кыргызстанга тоскоолдук жаратууда. Мунун чечүүчү механизмдери барбы?
— Механизмдерин табуу керек. Бир гана Казакстан аркылуу өткөн жолду карап отуруунун кереги жок. Сөзсүз альтернатива болушу зарыл. 2001-жылы ШКУ түзүлүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Россия кирген. 2017-жылы Индия жана Пакистан кошулду. Ал эми 2022-жылы буга Иран кирди. Ошентип тогуз өлкө болдук. Азыр Монголия, Беларусь жана Афганстан байкоочу болуп жүрөт. Уюмга дүйнөдөгү элдин 50 пайызга жакыны кирип, аянты 60 пайызды түзөт. Бул абдан чоң көрсөткүч. Ички дүң продукциясы боюнча алсак, дүйнөдө экономикасы экинчи орунда турган Кытай (ИДПсы 20 триллион долларга жакын) мүчө, демек, жаман эмеспиз. ШКУнун бюджетин, штатын кароо боюнча көптөгөн маселелер көтөрүлдү. Ар бир өкмөт башчы бир катар маселени койду. Мисалы, Кытайдын мамлекеттик катчысы сырткы бут тосууларды токтотуп, ага баарыбыз каршы турушубуз керектигин айтты. Казакстандын премьер-министри бажылык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маселелерди алып чыкты. Ал эми Россия өкмөт башчысы санкцияга каршы реакция жасоо керектигин, Өзбекстандын өкмөт башчысы болсо жасалма интеллектини колдонууну белгиледи. Жыйында ушундай ар тараптуу, актуалдуу маселелер козголду. Мунун биз үчүн мааниси чоң. 2024-жылды "Экология жылы" деп жарыялоо сунушталды. ШКУга кирген мамлекеттердин көбү менен коңшубуз, жакшы карым-катышта болушубуз керек.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуДипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров: ЕАЭБдин орду абдан жакшы. Азыр эки миллионго жакын эмгек мигранты Россияда жүрөт. Анын 700 миңге жакыны орус жарандыгын алышкан. Алар 2019-жылдан 2021-жылга чейин жыл сайын мекенине эки миллиард доллардын тегерегинде акча которуп турушкан.
Дипломат, профессор международных отношений Кубанычбек Чекиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров: ЕАЭБдин орду абдан жакшы. Азыр эки миллионго жакын эмгек мигранты Россияда жүрөт. Анын 700 миңге жакыны орус жарандыгын алышкан. Алар 2019-жылдан 2021-жылга чейин жыл сайын мекенине эки миллиард доллардын тегерегинде акча которуп турушкан.
— "Бир алкак – бир жол" долбоору Кыргызстанга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет? Негизи эле уюмдагы логистикалык долбоорлордун мааниси кандай?
— Кытай Европага, Жакынкы Чыгышка чыгуу үчүн көп альтернативалуу жолдорду карап жатат. Анын ичинде Кыргызстан аркылуу да өтүү кызыкчылыктары бар. Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолун салуу долбоору ишке кирди. Материктин ортосунда тургандыктан бизди Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан курчайт. Ошол себептен ар кандай транзиттик жолдорго Кыргызстанды катыштырууга аракет жасоо керек. Бул биз үчүн маанилүү. Себеби ортодо калып калбай дүйнөгө чыгуу зарыл. Кара жолго караганда темир жол аркылуу товар жөнөтүү арзан. Ошол себептен ал варианттарды да көз жаздымда калтырбоо керек.
— Ирандын уюмга кошулушу бизге эмне берет? Долбоорду өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзө алабы?
— 80 миллиондон ашык калкы бар Иран дагы долбоорлордун ишке ашышына кызыкдар. Пакистанда да 200 миллиондон ашык калк жашайт. Булардын рыногу чоң. Ошол себептен кызматташуу керек. Темир жол салуу, логистика жаатында да Европага чыгуу үчүн уюм бул өлкөлөрдү вариант катары карап жатат.
— Бирок Индия — Пакистан, Индия — Кытай тиреши бар эмеспи. Жалаң батышка каршылар биригип алгандыгын айтып, ШКУнун келечеги жок деген пикирлер да айтылууда. Буга кандай карайсыз?
— Мындай сындар ШКУга эле эмес, башка бардык уюмдарга айтылат. БУУну деле сындашууда. Европа биримдигинде деле машина өндүрүү, айыл чарба азыктарын сатуу боюнча тирешүүлөр бар. Мисалы, Сербия менен Венгриянын позициясы бөлөк, ал эми Францияныкы такыр башка. Ооба, бизде деле Индия менен Кытайдын же Индия менен Пакистандын ортосунда кээ бир чечилбеген маселелер бар. Бирок жалпы ШКУнун алкагында коопсуздук жагынанбы же дагы башкабы, айтор, маселени биргеликте, жалпы кызыкчылык менен чечкенге аракеттенебиз. Бул уюмдар өзгөчө экономикалык жактан бири-бирине керек.
— Биздин министрлер кабинетинин төрагасы уюшкан кылмыштуулукка биргеликте күрөшүү сунушун айтты. ШКУ бул жаатта кандай иштерди алып барат?
— Экстремизм, терроризм боюнча Пакистанда, Кытайда жана жалпы эле Орто Азия аймагында көп маселелер бар. Ошол эле баңгизат ташып өтүү жагынан да көйгөйлөр жок эмес. Мындай маселелерге каршы күрөшүү штабы Бишкекте жайгашса, анын пайдасы тиет. ШКУга киргендердин көбү чек аралаш мамлекеттер. Бардык маселелерди ШКУнун алкагында чечип турсак, уюмдун зоболосу да жогорулайт. Көп мамлекеттер ага мүчө болууга аракет жасайт. Экономикалык, саясий атаандаштык күч алып тургандыктан дүйнөлүк бирикмелердин да атаандаштыгы болушу керек. ШКУнун да уставы, эрежелери өзгөрүшү мүмкүн, аны келечек көрсөтөт.
Форель фермасынын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
ЕАЭБ ичинде Кыргызстандан чыккан балык жогору бааланат. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0