Кыймылсыз мүлк жаатында документ алуу жеңилдеди. Жер ресурстары кызматынын иши

© Фото / пресс-служба Министерства сельского хозяйства КРАйыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Жакшылык Токтосунов (сол жакта) жана жер ресурстары кызматынын маалымат катчысы Тилек Тургуналы уулу
Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Жакшылык Токтосунов (сол жакта) жана жер ресурстары кызматынын маалымат катчысы Тилек Тургуналы уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жазылуу
Жер ресурстары кызматы санариптештирилип, калкка аралыктан кызмат көрсөтүлүүдө. Жарандар кайсы кызматтарды онлайн колдоно алат жана аны кантип пайдаланса болот?
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Жакшылык Токтосунов жана жер ресурстары кызматынын маалымат катчысы Тилек Тургуналы уулу болду.
— Жалпы өлкө боюнча санариптештирүү кандай жүрүп жатат?
Жакшылык Токтосунов: — Негизи биздин кызмат жер ресурстары, кыймылсыз мүлктү каттоо жана картография мамлекеттик саясатын ишке ашыруучу түзүмдүк орган болуп эсептелинет. Өкмөт тарабынан бекитилген бирдиктүү реестрге ылайык, Жер ресурстары кызматы калкка кыймылсыз мүлктү каттоо, кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимдерин каттоо, кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык изилдөө, жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү, жер участогуна укуктук күбөлөндүрүүчү документтерди (кызыл китеп) берүү, топографиялык, геодезиялык сүрөткө тартуу, картографиялык иштер боюнча маалыматтарды берүү жана эң көп талап кылынган кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтөт. Мына ушул кызматтардын баары санариптештирилип, электрондук форматка өткөн. Бүгүн кызмат көрсөтүү "Түндүк" электрондук порталы жана "О деньги", MegaPay мобилдик тиркемелери аркылуу берилип жатат. Башка мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлкү тууралуу системалары менен интеграцияланууда. Башкача айтканда, мамлекеттик органдар жарандардан кыймылсыз мүлкү тууралуу кагаз талап кылбай эле бизден түз алса болот. Ал үчүн "Түндүк" тиркемесин телефонго көчүрүп, ага катталуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна барып булут тамгасын алуу керек. "Түндүк" тиркемесинен мүлк бөлүмүнө кирип, керектүү маалыматтарды алууга болот. Жогоруда саналган кызматтардын баары санарипке киргизилген.
© Фото / пресс-служба Министерства сельского хозяйства КРЖакшылык Токтосунов: өлкөдө 3 миллион 464 миң кыймылсыз мүлк бар. Анын 95 пайызы санариптештирилди
Начальник управления геоинформационных систем и информационных технологий Службы земельных ресурсов Министерства сельского хозяйства Жакшылык Токтосунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жакшылык Токтосунов: өлкөдө 3 миллион 464 миң кыймылсыз мүлк бар. Анын 95 пайызы санариптештирилди
Тилек Туйгуналы уулу: — Электрондук порталды же мобилдик тиркемени колдоно албагандар бар. Алар үчүн бул кызматтар терминал аркылуу тийиштүү маалыматтарды алса болот. Алгач мамлекеттик кызматтарды, андан кийин Айыл чарба министрлигин тандайт. Ошол жерден идентификациялык кодун жазса электрондук документ даяр болот. Кагаз түрүндө чыкпагандыктан, WhatsApp номерине PDF форматында жөнөтүүгө мүмкүндүк түзүлгөн. Натыйжада терминал, тиркеме, порталдан быйылкы жылдын тогуз айында үч миллионго чукул маалымат алынган. Бул жарандардын жол киреге каражатын, убактысын жана башка чыгымдарын үнөмдөгөнүн билдирет.
— Башка мамлекеттик органдар менен интеграция жүрүп жатканын айттыңыз. Мында паспортун карап эле бардык маалыматты санарип аркылуу кызматкерлер өздөрү таап алат экен да?
Ж.Т.: — "Түндүк" маалымат алмашуу системасына 23 мамлекеттик кызмат кошулган. Ошондой эле санарип акимиат, санарип аймак деген системалар иштелип чыккан. Ага биз да кошулганбыз. Мамлекеттик ипотекалык компаниялар ипотека алуу үчүн барган жарандарын документтерин топтоодо маалымат каттарды талап кылбастан, түз эле бизден карап мүлкүнүн бар-жогун текшере алат. Ошондой эле бардык органдардын түз маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар. Салык кызматы да биздин маалыматтарды колдонот. Билим берүү министрлиги окуучулардын жашаган жери боюнча тактоо жүргүзгөн. Ал да биздин санариптик маалыматтар аркылуу ишке ашты.
— Калктын канча пайызы санариптештирилди? Баарын системага киргизип жетиштиңиздерби?
Ж.Т.: — Өлкөдө 3 миллион 464 миң кыймылсыз мүлк бар. Анын 95 пайызы санариптештирилип, каттоого алынды. Мындан тышкары, кыймылсыз мүлк боюнча архивдин 90 пайызы электрондук порталга киргизилди. Былтыр борборлоштурулган архив системасы иштеп баштады.
Т.Т.: — Жалпысынан алганда бардык мамлекеттик органдар жана жарандар тарабынан акыркы 9 айдын эсебинен 3 миллионго жакын маалымат алынды. Ушунча адам бизге келип убактысын коротпой, акчасын да үнөмдөп калды.
© Фото / пресс-служба Министерства сельского хозяйства КРТилек Тургуналы уулу: жергиликтүү райондук администрацияларда жана мэрияларда жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялар түзүлгөн
Пресс-секретарь Службы земельных ресурсов Министерства сельского хозяйства Тилек Тургуналы уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Тилек Тургуналы уулу: жергиликтүү райондук администрацияларда жана мэрияларда жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялар түзүлгөн
— Жеке менчикке келгенде көйгөйлөр көп. Калктын беш пайызынын санарипке кирбей жатышынын себеби эмнеде?
Ж.Т.: — Ооба, көйгөйлөр бар. Ушул санарипке кирбеген калктын беш пайызынын кыймылсыз мүлк жөнүндө документтери туураланган эмес же өзү чет жакта жүрүшү ыктымал. "Жер мунапысы" мыйзамынын негизинде өз алдынча салып алган үйлөр мыйзамдаштырылууда. Буга эки жыл мөөнөт берилген. Ушул убакыт аралыгында мүлкү мыйзамдаштырылып, каттоого алынат деген ойдобуз.
— Мыйзамдын негизинде кызыл китеп берүү жаатында президенттин да жеке тапшырмасы бар эле. Бүгүн кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
Ж.Т.: — Быйылкы жылдын 9 айынын ичинде 69 880 арыз ээсинин (жер тилкесинин номери көрсөтүлүп) тизмеси коомдук талкууга илинген. Учурда 19 745 техникалык паспорт, 27 миңден ашык адамга жерге жеке менчик тууралуу мамлекеттик акт берилди. Трансформацияланган жерлердин аянты 6590 гектар жерди түзөт. Анын ичинен 2281 метрден ашыгына кызыл китеп ыйгарылды.
© Фото / пресс-служба Министерства сельского хозяйства КРЖакшылык Токтосунов: кыймылсыз мүлк боюнча архивдин 90 пайызы электрондук порталга киргизилди
Начальник УГСиИТ СЗР Министерства сельского хозяйства Жакшылык Токтосунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Жакшылык Токтосунов: кыймылсыз мүлк боюнча архивдин 90 пайызы электрондук порталга киргизилди
— Процесстин жүрүшү тууралуу айтсаңыз. Президенттин айткан мөөнөтүнө чейин бүтүрө албай жатканыңарга эмне себеп болууда?
Т.Т.: — Жергиликтүү райондук администрацияларда жана мэрияларда жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялар түзүлгөн. Укугун мыйзамдаштырууну каалагандар арызын берет. Натыйжада тиешелүү документтерин же кайсы убакта курулганы тууралуу тил катын тапшыргандан кийин комиссия аны карап чыгып, чечим кабыл алып, анан коомдук талкууга илинет. Мунапыска жатпай турган жерлер да бар. 2021-жылдын декабрына чейин мыйзамсыз курулуп калган турак жайлар, дачалар, айыл чарба багытында деген мамлекеттик актысы бар жерлер жана убагында трансформацияга илинип, бирок иш аягына чыкпай калган жерлер мунапыска жатат. Коомдук талкууда 30 күн ичинде ал жер тилкесине эч кандай талаштуу арыздар түшпөсө, бир айда барып жерин ченеп, курулуштун планын түшүрүп, анан укугун таануу боюнча документке кол коюлат.
Учурда өлкөдө 132 миңден ашык арыз каралып жатат. 2024-жылдын май айына чейин бул ишти жыйынтыкташыбыз керек.
— Кайсы аймакта көйгөй курч?
Ж.Т.: — Бишкектин тегерегиндеги Аламүдүн менен Сокулук райондорунда маселе көп. Себеби бул жакта мыйзамсыз турак жайлардын саны өтө арбын. Бир жер тилкенин кайра-кайра сатылганы же башка мыйзамсыз фактылар кездешет. Түштүк тарапта Ош облусунун Кара-Суу районунда да ушундай көрүнүштөр бар. Негизи баары комиссиянын иштөөсүнө байланыштуу. Бизге кайрылганда 5 күндүн ичинде кызыл китебин беребиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, айыл чарба багытындагы жерлерге токой фондунун жерлерин кошкондо 28 миң гектар жер трансформацияланышы керек болчу. Бирок жалпы аянт мындан кыскарышы мүмкүн. Себеби анализдей келгенде амнистияга кирген жерлердин ичинде турак жай салынбаган да жер аянттары бар экен.
© Фото / пресс-служба Министерства сельского хозяйства КРТилек Тургуналы уулу: учурда өлкөдө 132 миңден ашык арыз каралып жатат
Пресс-секретарь Службы земельных ресурсов Минсельхоза Тилек Тургуналы уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Тилек Тургуналы уулу: учурда өлкөдө 132 миңден ашык арыз каралып жатат
— Алдыда кандай пландар бар?
Ж.Т.: — Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматы катары келишимдер бизден каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет. Азыр жарандарыбыз кыймылсыз мүлктү сатуу, каттатуу иштерин онлайн жасоодо. Учурда күрөөгө коюу келишимдери өзгөртүлүп, мыйзамга толуктоолор киргизилди. Азыр кыймылсыз мүлкүн күрөөгө коюу үчүн банк кызматкерлери менен биргеликте күбөлөндүрүү процедурасы жоюлду. Түз эле күрөө келишимдерин каттаса болот. Учурда биздин бардык картографиялык материалдарыбызды жаңылап, санарипке киргизип жатабыз. Банктарга да биздин системадан маалымат алууга уруксат берилген.
— Мүлктү эмне үчүн каттап коюу керектиги тууралуу түшүндүрмө берип кетсеңиз?
Ж.Т.: — Кыргызстандын мыйзамына ылайык, бардык кыймылсыз мүлктөр мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана күчүнө кирет. Мунун милдеттүү талап экенин көбү түшүнө бербейт. Айыл өкмөттөн маалым кат алгам же нотариустан күбөлөндүрүп алгам деп эле документтер менен жүрө берет. Азыр кадрдык ресурстарыбызды, кызматтык системаларды да оптималдаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Көп кабаттуу турак жайдын батириндеги эшиктин ачкычтары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Белекке алган батирге да салык төлөнөт. 10 пайыздык киреше салыгынын чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0