Балам мектепте балдар менен мамиле түзө албай кыйналат. Эненин каты

© Sputnik / Виталий БелоусовМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына уулунун эл менен аралаша албай жатканына кабатырланган эне кат жазган.
Саламатсыздарбы! Мен 40 жаштамын. Эки баланын энесимин. Улуу балам 5-класста окуйт, бирок эмнегедир балдар менен жакшы аралаша албайт. Абдан таарынчак. Кек сактап калмайы бар. Мени капалантканы баламдын ушул кезге чейин досу жоктугу. Тамашаны да көтөрө албайт. Баарын өзүнө ала берген адаты бар. Акырындан түшүндүрүп жатам, бирок дароо эле оңолуп кетпейт экен. Мүмкүн генинде барбы, билбейм. Жолдошум кекчил эмес. Эл менен жакшы эле сүйлөшөт. Кичи пейил адам. Балам абдан чынчыл. Баарын түз түшүнөт. Куулукту билбейт. Ошол мүнөзүнөн да классташтары менен сүйлөшө албай жатабы деп ойлойм. Келечегинен кооптоном. Кандай болот билбейм. Азыр көп арызданып келчү болду. Балдар аны таарынтып жатканын, түкүнчө чаап койгонун, баланча шылдыңдаганын айтып келет. Жүрөгүм эзилет. Баламды аяйм. Бирок эки анжы ойдо калам. Мектепке барып болуша берсем, өз маселесин чече албай калабы деп чочулайм. Өз көйгөйү менен жалгыз да таштап коё албайм. Кээде эжесине чалып айтам. Балама тамашаны түшүнүү керектигин, балдар ошентип ойной турганын түшүндүрөм. Бирок ал жардам берип жатабы, билбейм. Ушинте берип ичине терс агрессия чогулабы деп чочулайм. Үйдө сабакты туура эмес окуп же билбей жатса катуу урушам. Анан кайра жүрөгүм ооруйт. Мындай учурда кандай мамиле жасашым керек? Кошуналар менен да көп аралаша албай жатканын байкайм. Кичинесинде балдарга көп аралаштырбай, өзүм кичине баладан колум бошобогондуктан көп чыгарбай, же чыгарсам да кайтара берчүмүн. Анткени ар кандай окуяларды угуп коркчумун. Жайына койбогондугумдун кесепетиби деп да ойлоном. Жардам керек. Кеңеш бергилечи.
Сажира Абдыкаимова, психолог: Саламатсызбы! Ар бир эне баласы үчүн өзгөчө кабатырланып жана тынчсызданып турат. Бул деген кадимки көрүнүш. Өткөөл курак учурунда баланы баары түшүнбөй жаткандай туюлушу мүмкүн. Мындай учурда баланы оңдоп-түзөөнүн кереги жок. Аны кандай болсо ошондой жакшы көрүү керек. Балаңыздын сизди ойлондурган терс сапаттарын эмес, өнүктүрө турган мыкты сапаттарына көңүл буруңуз. Бала эч убакта кекчил болбойт. Болгону болуп өткөн окуялар ага чоң таасир калтырат, ошону унута же түшүнө албай жатат. Куулукту үйрөтүүнүн кереги жок. Демек, сиз ар дайым чындыкты айткан мыкты инсанды тарбиялап жатыптырсыз. Эгер башка балдар тарабынан баланын ушул сапаттарына басым жасалып жаткан болсо, алар үчүн сиздин балаңыз күчтүү конкурент. Жашоодо чындыкты айткан, өз ордун коргой алган адамдар айланаңызда бар болушу керек. Ойлонуп көрүңүз. Бир нерсени эске алыңыз. Бала бул сиздин күзгүңүз. Атанын эмес эненин күзгүсү. Сиз балаңыздан көрүп жаткан белгилер сизде да бар эмеспи? Эгер балаңызды өзгөртүүнү кааласаңыз, анда өзүңүз өзгөрүшүңүздү сунуштайм. Ийгилик сизге!
Жубайлар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жолдошум дагы аял аларын айтып коркутат. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0