Окуу жайлар даярдаган кадрлар эмгек рыногунда жараксыз болууда. Насаатчылык жобосу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКостюмчан адам. Архив
Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
Министрлер кабинети насаатчылык институтун киргизүү боюнча типтүү жобону бекитүү токтомун кабыл алган. Анда тажырыйбасы жок жарандар ишканаларга алынып, көндүмдөргө үйрөтүлөт.
Sputnik Кыргызстан агенттигине киргизилип жаткан насаатчылык институту туурасында Эмгек, коргоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова жана JIA бизнес-ассоциациясынын тышкы мамилелер боюнча менеджери Азамат Дүйшеев кенен айтып берди.
— Насаатчылык боюнча сунуштар буга чейин эле айтылып келген. Анткени теория менен келген студенттер окууну бүткөндө ишке аралаша албай жатканы көйгөй жараткан. Устат-шакиртчилик документте кандай көрсөтүлгөн? Кимдер үйрөтүшү керек?
Наргиза Туркебекова: — Бул типтүү жобону киргизүүгө орто эсеп менен үч жыл убакыт кетти. Жаңы окууну бүткөндөрдүн тажырыйбасынын жоктугунан жумушка кирүү абдан кыйын болот. Жумуш берүүчүлөр менен биздин министрлик тыгыз иштешет. Кайрылган жарандарга жумуш сунуштайбыз. Бирок алардан да эмгек тажырыйбасы талап кылынат. Насаатчылык демилгеси бизнес-коомчулугу тарабынан көтөрүлгөн. Ири ишканалар буга чейин эле насаатчылык боюнча типтүү жобо бекитип, анын аркасында иш алып барып келишкен. Ал эми орто жана кичи ишканалардын мындай мүмкүнчүлүгү болбогондуктан 2020-жылы министрликке сунушташкан. Тажырыйбасы жок, жаңы ишке киргендерге же башка бөлүмгө которулган кызматкерлерге карата насаатчы институту уюшулат. Нормативдик документке ылайык, ал үч баскычтан турат. Биринчиси, үч жылдан кем эмес иш тажырыйбасы бар кызматкерди насаатчы катары буйрук менен бекитип берет. Ар бир тармактын оор-жеңилине карап шакирт үч айдан алты айга чейин тапталат. Анын негизинде тажырыйба топтоочунун кандай иштегени талданып, кадрлар бөлүмүнө өткөрүп берилет. Бир насаатчыга экиден шакирт алууга болот.
© Sputnik / Асел АкматЭмгек, коргоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова
Заведующий отделом содействия занятости МТСОиМ КР Наргиза Туркебекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Эмгек, коргоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова
— Кызматкер бирөөнү үйрөтүүгө макул болушу үчүн кандайдыр бир стимул керек го?
Н.Т.: — Туура, бул насаатчыга кошумча жумуш болуп эсептелинет. Анткени өзүнүн да тийиштүү кызматтык милдети бар. Бул жобо бардык ишканаларга сунуштоо иретинде берилет. Алгач насаатчыга кошумча акы төлөп берүү каралган, бирок кийин ал, тилекке каршы, алып салынды. Жеке ишканаларда өз мүмкүнчүлүгүнө жараша насаатчыга кошумча акы төлөп берүү укугу бар. Бирок эч кимди мажбурлоого болбойт.
Кыргызстанда ишкана, өндүрүштөргө насаатчылык боюнча жобо киргизилүүдө
— Ишкерлер үйрөтүп алууга даярбы?
Азамат Дүйшеев: — Эгемендик алгандан бери бизде кадрларга болгон таңсыктык курч. Акылдуу, тил билгендер чет өлкөгө кетип, ички рыноктон чыгып жатат. Сапаттуу кадрсыз эч бир реформа, өнүгүү болушу мүмкүн эмес. Рынокто сапаттуу кадрлар керек экенин дайыма айтып келгенбиз. Азыр биздин эмгек рыногубузда кыргыз эмес, чет өлкөлүк жарандар иштеп жатат. Буга чейин кайсы бир деңгээлде формалдуу эмес насаатчылык институту бар болчу. Эл арасында кайсы кесиптин же өнөрдүн ээси болбосун шакирт тарбиялап, жылдап таптап туурдан учурган. Азыр ири компанияларда адам ресурстары бөлүмү (кадрлар бөлүмү) бар. Алар алдыңкы университеттин мыкты бүтүрүүчүлөрүн кызматка алып келип жакшы иштерди аткарып жатышат. Мыйзам чыга электе эле жаш кадарларды үйрөтүп, даярдап, мыкты иштерди аткарып келишкен. Мыйзамдын чыгуусу менен бул институт формалдашты. Зергерлер, уздар, комузчулар мыйзамы жок эле кылымдардан бери шакирттерин даярдап келе жатышат жана даярдоодо. Бирок ишканада ансыз да иши көп кызматкерге "үйрөтөсүң" деп жетекчи шакирт таңууласа, каалоосу жок насаатчы кыйратып деле устат болуп бере албайт. Мурда кадрлардын практикасына абдан көңүл бурулчу. Азыр окуу жайлар жаштарды окутуп жатышат, бирок бизнес-коомчулук сураган кадрларды даярдап бере албай келишет. Заман талабына ылайык темалар окутулбайт. Азыр студенттер университеттин сабагын окугандан көрө курстардан кошумча окуп алууну эп көрүшөт. Демек, кадр даярдоочулар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы суроо-талап чынжыры үзүлгөн. Окуу жайлар эмгек рыногунун талабына жараша кадр даярдай албай калууда.
© Sputnik / Асел АкматJIA бизнес-ассоциациясынын тышкы мамилелер боюнча менеджери Азамат Дүйшеев
Менеджер по внешним связям бизнес-ассоциации JIA Азамат Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
JIA бизнес-ассоциациясынын тышкы мамилелер боюнча менеджери Азамат Дүйшеев
— Кадр тандоо кыйын. Кээде ишкер убактысын, акчасын сарптап даярдаган мыкты кадрлары баарын үйрөнгөн соң чет мамлекетке кетип калышы мүмкүн да...
А.Д.: — Мындай жагдайлар өтө көп. Акчасын, убактысын коротуп, окутуп-үйрөтүп алгандан кийин кадр кетип калышы мүмкүн. Мыйзам жагынан кызматкердин буга толук укугу бар. Ошол себептен бул тобокелчилик ойлондурбай койбойт. Жетекчи менен кызматкердин мамилеси жакшы болсо, кадр туруктуу болушу мүмкүн. Бирок эмгек рыногунда бирөө көп акча төлөйт, бирөө аз. Ошондуктан кепилдик бере албайсың.
— Тажырыйба топтоого келген студенттердин жөн эле "өттү" деп кол койдуруп алган учурлары көп кездешет. Билим берүү учурунда ушул жагын кароо пландары барбы?
Н.Т.: — Учурда Билим берүү министрлиги тарабынан тигүүчүлөр тармагында дуалдык окутуу пилоттук программасы жүргүзүлүп жатат. Жылдын башына чейин Ош шаарындагы 1000 орундуу тигүү фабрикасында 100 эле киши иштеп жаткан. Азыр жумушчулардын саны арбыды. Анткени ушул фабрикада студенттердин бардык шарты чечилип, дуалдык окутуу боюнча пилоттук долбоор жүрүп жатат. Бул жаатта да типтүү жобо бекитилет. Жаштар арасында жети облус боюнча пилоттук долбоор өткөрдүк. Анын алкагында тармагына жараша тажрыйба топтогон студенттерге стимул болуу үчүн кошумча маяна төлөнүп берилет. 2024-жылы Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 3000 жаш кадрды практикага тартууну пландап жатабыз.
— Назгүл айым, жогоруда окуу жайлар рынок шартына дал келбеген кадрларды даярдап жатканы айтылды. Сиз буга эмне дейсиз?
Н.Т.: — Ооба, 2012-жылы Кыргызстанда талаптарды прогноздоо боюнча жобо бекитилген. Ал жобонун негизинде эки ыкма бар. Биринчиден, биздин министрлик бардык министрликтердин арасында сурамжылоо жүргүзүп, беш жылда бир ирет ар бир кесипке болгон талап жаңыртылып, маалымат Билим берүү жана илим министрлигине берилет. Алар өз методологиясына кошуп, талап жогору болгон кесиптерге бюджеттик орундарды бекитет. Тилекке каршы, азыр тиешелүү мекемелер өз тармагында анализ жүргүзбөйт. Изилдөөлөр боюнча рынокко бир топ жаңы кесиптер кирди. Бирок өлкөдө бир да окуу жай ал кадрларды даярдабайт экен. Аталган кесиптерди окутууну министрликке сунуштадык. Ал үчүн программалар, стандарттар бекитилип, лицензия берилип, тиешелүү окуу жайларга киргизилиши керек. Мунун жыйынтыгында биз мыйзамга нормаларды киргизип, эки министрлик Статистика комитети менен биргеликте методология иштеп чыктык. 2024-жылы бүт Кыргызстан боюнча анализ жүргүзүүнү пландап жатабыз.
— Ишкерлер "5-10 жылдан кийин ушул багытта кеткени жатабыз, ал үчүн момундай адистер керек" деген тапшырык бере алабы?
А.Д.: — Азыр рынокту эл көрүп турат. Дүйнөдө глобалдашуу жүрүп жатат. Ошол катардан кыргыз эли да четте калбай интеграцияга катышуусу керек. Кайсы тармактын адиси болбосун англис тилин билүү талапка айланды. Он жыл окугандан көрө, жөндөмүң болсо үч жыл окуп деле ийгиликке жетесиң. Аны рынок өзү тастыктап жатат. Ийкемдүү жөндөмгө: иш кагаздарын сабаттуу жазуу, компьютердик программаларды, санариптик технологияларды билүү кирет. Ушуга окшогон сунуштарыбызды билим берүү тармагына жиберип келебиз. Азыр ишкерлер деле мамлекетке кадр даярдоо жагынан ишенбейт. Анткени 30 жылдан бери какшап, сунуштарын өткөрө алган эмес. Натыйжада чоң компаниялар өзүнө керектүү кадрларды өздөрү таптап алат. Окуу жайлар ишкерлерден "биздин студенттерди тажрыйба топтоого алып койгулачы" деп өздөрү жалдырайт. Бизде тескерисинче болуп жатат. Анын үстүнө улам жаңы кесиптер пайда болууда.
Техникалык колледждин студенти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Кесиптик лицейдин студенттери окуу менен катар маяна да алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0