Кесиптик лицейдин студенттери окуу менен катар маяна да алат. Маек
19:07 23.08.2023 (Жаңыртылды: 10:39 24.08.2023)
© Sputnik / Виталий Аньков
/ Жазылуу
Кесиптик лицейлерге суроо-талап жылдан-жылга артып, жаңы кесиптерге да окутуулар башталды. Быйыл республикалык тестирлөөдөн 15 миңден ашык окуучу босого баллдан өтпөй калган, бирок алар каалаган башталгыч кесипке ээ боло алат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова болду.
— Кесиптик билим берүү системасында быйылкы окуу жылына карата кандай жаңылыктар бар?
— Быйыл план боюнча жалпы 18 миңден ашык абитуриентти кабыл алууну пландаганбыз, учурда студенттердин 50 пайызын алдык. Бүтүрүүчүлөргө аттестат менен кошо диплом беребиз. Былтыркы токтомдун негизинде үч жылдык окуу мөөнөтү эки жылга кыскарган. Кыргызстан боюнча 100 кесиптик лицей бар. Анын алтоо жаза өтөө жайында. Окуу жайларыбыздын жатаканасы да бар. Абитуриенттердин 15 пайызы жеңил өнөр жай тармагына, 21 пайызы ширетүүчү, автослесарь кесиптерине, 13 пайызы айыл чарба адистигине тапшырган. Санариптик технологиялар заманы болгондуктан ошол тармактагы кесиптерге кызыккандар көбөйдү. Быйыл президентке караштуу 99-лицейдин базасында IT лицейи ачылып, үч багыттагы кесип ээлери билим алат. Ал лицейлер бүгүн 100 пайыз толуп, кабыл алуу токтоду. Бул да жакшы көрсөткүч. Негизинен Нарын облусунда лицейге кабыл алуу жай жүрүүдө. Ал жакта алты кесиптик лицей бар. Нарын шаарындагы 87-кесиптик лицейде ашпозчу, ширетүүчү, жыгач уста, сантехниктер даярдалат. Кочкордо, Чаекте, Ат-Башыда да лицейибиз бар. Учурда корпустары салынып, базалары жаңыртылып жатат. Чаекке ветеринария факультетин ачуудабыз. Быйыл кесиптик лицейлерге тапшыргандардын саны 10 пайызга көбөйүптүр.
Азыр документтерди онлайн алып калдык. Биздин www.2020.edu.gov.kg сайтына абитуриенттердин паспортун, аттестатынын көчүрмөсүн жүктөп, тандаган кесипти белгилеп, жатакана керек болсо ага билдирүү калтырып коёсуз. Аттестаттын орточо баасы менен эле кабыл алабыз. Бюджетке же келишимдик негизде экенин да белгилейсиз.
Президент кол койгон жаңы билим берүү мыйзамында кесиптик лицейлер боюнча дуалдык окутуу, көз карандысыз сертификация, валидация, социалдык өнөктөш деген терминдер пайда болду. Бул биздин системабызга, заман талабына жооп берүүчү мыйзам болот деп ишенем. Мыйзамга комплекстик лицейлерди өз алдынча акча табууга багыттоо да жазылган.
Директорлор да конкурс аркылуу тандалды, аттестация да каралган. Мунун баары сапатты көтөрүүгө жакшы өбөлгө.
© Sputnik / Асель СыдыковаБилим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова: план боюнча жалпы 18 миң абитуриент кабыл алууну пландаганбыз, учурда студенттердин 50 пайызын алдык.
Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова: план боюнча жалпы 18 миң абитуриент кабыл алууну пландаганбыз, учурда студенттердин 50 пайызын алдык.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Кесиптик окуу жайлардын, лицейлердин окуу программалары колледждерден эмнеси менен айырмаланат?
— Негизи колледждер бизден бир тепкич өйдө программаны окутушу керек. Бирок кээ бир программалары биздики менен бирдей болуп, кайталанып калган. Мисалы, бизде штукатур, малярды окутсак, алар прорабды окутушу керек. Ар бирибиз өз деңгээлибизге жараша окуу программаларыбызды да жаңыртып туруубуз зарыл.
— Заман талабы менен бизге жаңы кесиптер кирип жатат. Байер, блогер, Event-менеджер, PR-менеджер жана сулуулук индустриясы жаатында да жаңы багыттар пайда болду. Айрымдар муну чет жерден окуп келе коюп эле курстарды ачып, акча таап жатышат. Сиздер бул жагын ойлодуңуздарбы?
— Бизде теориялык жактан үйрөтүүгө басым жасалат. Коопсуздук маселесине көңүл буруу керек. Ошондуктан бир-эки ай окутуп, кетирип жиберүүгө болбойт. Ошентсе да СММ, дизайнер-ойлоп табуучулук боюнча үч айлык кыска мөөнөттүк курстарды киргиздик. Бизде да окутуунун этабы, модулдары бар. Мисалы, англис тилин бир айда окутуучу курстар ачылды. Бул жерде кесип эмес, болгону көндүм алууда. Тигүү секторун алсак, Оштогу "Кыргыз текстиль" ишканасында 200 кызыбыз окуп да, иштеп да жатат. Алар иш үстүндө окууну реалдаштырышат. Жакшы жагы, тигүүчү материалдарга чыгым кетпейт, ошону менен бирге окуу жайлардын лабораторияларын, базасын жаңылап, жаңы техника алууга муктаждык жаралбайт. Ал эми бошогон лабораториялык кабинеттер башка тармактарга пайдаланылат. Бул жумуш берүүчүлөр менен тыгыз иштешкенибизден болууда. Аларга да жакшы. Ишканалар да өз талабын коёт. Экзамендер кадимкидей эле "Кыргыз текстиль" фабрикасында өттү. Ал эми мугалимдер көзөмөлдөп гана турушту. Экзаменди фабриканын мастерлери алды. Ар бир багытка ушундай көз карандысыз сертификациялоону киргизели деп жатабыз. Мисалы, ашпозчулар да лицейдин ашканасында жумуш берүүчүлөрдүн тапшырмасы менен кайсы бир тамактын түрүн жасап, анан алардын баасын алат. Биздин студенттер практикада айлык да алышат. Мисалы, "Дастан" заводунда токарь кесибине окуган 25-30 студент айына 15 миң сом маяна алат. Бул 10-класстын окуучусу үчүн жакшы акча да. Тигүүчүлөр андан көп табат.
— Кесиптик лицейлерди бүткөндөргө кайсы багыт болбосун жумушсуз калуу коркунучу жок экен да...
— Балдарыбыздын 70 пайызы ишке орношот. Ар бир лицейде ар кандай. Калган 11 пайызы миграцияга, 3 пайызы армияга кетип, бир канчасы өзүнчө ишкана ачат экен. Жогорку окуу жайларына тапшыргандар да бар. 2-курсту бүткөндөн кийин бүтүрүүчү өзү тандайт. Андан ары университетке түз өтүүгө да жол ачылган. Европанын айрым мамлекеттеринде мектеп бүтүрүүчүсү бир кесиптин ээси болуп чыгат экен. Биз да ушул багытта бир катар мектептер менен иштеше баштадык. Ал окуучуларга мектепти бутүп жатканда аттестат менен кошо диплом да берилет. Бул үчүн билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте 11-класстарга кесиптик окуу программасын иштеп чыгабыз.
© Sputnik / Жоомарт УраимовГүлнур Мамырова: Өкмөт ар бир окуу жай өзүнүн тармактык квалификациялык ченемдерин иштеп чыгуусу керектиги тууралуу тескеме чыгарган. Азыр ошол ишке ашып жатат.
Гүлнур Мамырова: Өкмөт ар бир окуу жай өзүнүн тармактык квалификациялык ченемдерин иштеп чыгуусу керектиги тууралуу тескеме чыгарган. Азыр ошол ишке ашып жатат.
Ошондой эле курулуш сектору менен азыркы стандарттарга жараша программаларыбызды жаңылайбыз. Иш берүүчүлөр, ар тармактын өкүлдөрү бизден бүгүнкү күндүн талабына ылайык кадр сурашы керек жана даярдоого көрсөтмө бериши абзел. Себеби жылдан-жылга техника жаңырып, технология, иштөө ыкмалары, принциптери өзгөрөт. Ал эми ар тармактын кесиптик стандарттарын билим берүү сектору карашы керек. Ошондо эмгек рыногу менен кадр даярдоо шайкеш келет.
Өкмөт ар бир окуу жай өзүнүн тармактык квалификациялык ченемдерин иштеп чыгуусу керектиги тууралуу тескеме чыгарган. Азыр ошол ишке ашып жатат. Бул бир күндүк жумуш эмес. Мыйзамдарга кесиптик стандарт, квалификациянын улуттук системасы өңдүү терминдер кирди. Эми Эмгек министрлигине кесиптик стандарт деген түшүнүктөр кириши керек. Азыр туризмге да стандарттар, жаңы кесиптерге программалар иштелип чыккан экен. Алар кадимкидей биздин тизмеге кирди. Мисалы, талаа ашпозчусуна суроо-талап бар. Быйыл кесиптик стандарттын негизинде 16 жаңы программа даярдык. Керек болсо официанттардын да стандарттары бар. Ал ар бир тамактын рецебин жакшы билип, конокту жаркылдап тосуп, дасторконду туура жасап, сүйлөгөндү өздөштүрүүсү зарыл. Бул кесипке суроо-талап да, маяна да жогору. Муну менен катар мугалимдердин квалификациясын да тынбай жогорулатып жатабыз. Күндө жаңы көндүмдөр пайду болууда.
— Педагогикалык курамга да эки ача пикир айтылат. Бири канааттанса, кээси баары эски, эч нерсе үйрөтпөй турганын айтышат...
— Тилекке каршы, ушундай көйгөйлөр бар. Башка окуу жайларга салыштырганда биз техника жагына көп көңүл бурабыз. Иш берүүчүлөрдүн талабына ылайык жаңы жабдыктар менен жаңылануудабыз. Ашпозчулук жаатында, ширетүүчү жаатында жаңы жабдыктар менен жабдылганбыз. Бизнестин негиздери сабагын да сегиз модулга бекитип, азыркы кодекстер менен жаңыладык. Ишкердикти, патент алууну үйрөнгөн соң, аны алдыга жылдыруу үчүн СММ курстарын окутабыз. Муну менен катар эле каржылык сабаттуулук, башталгыч веб-дизайнер, кантип өз бизнесиңди курууга болот деген кыска мөөнөттө окутуулуучу онлайн-курсубуз бар. Пандемиядан кийин онлайн-окууну каалагандардын саны 9 пайыздан 69 пайызга өскөн. Ошол себептен мигранттарга, балалуу келиндерге, убактысы жокторго, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыктап онлайн-курстарды киргиздик. Дагы көбөйтөбүз. Буга чейин үч миңдей адам окуду.