Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
10:44 20.09.2023 (Жаңыртылды: 10:50 20.09.2023)
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев 78-я сессия Генеральной Ассамблеи ООН в Нью-Йорке
Жазылуу
Кыргызстан 2027-жылы II Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырууда. Жапаров БУУ трибунасынан дүйнө коомчулугун тоо экосистемаларын сактоо үчүн конкреттүү салым кошууга чакырды.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.
Ал глобалдуу маселелерге, көйгөйлөргө, геосаясий чыңалууларга токтолуп, бир катар чыр-чатактарды чечүү жолдорун Кыргызстандын мисалында айтып берди.
Глобалдуу көйгөйлөр, геосаясий чыңалуулар
Бүгүнкү күндө бүткүл аалам бурулуш учурунда турат. Биз баарыбыз дүйнөлүк тартиптин терс өзгөрүшүнө күбө болуп, ири державалардын жана алардын блокторунун ортосундагы геостратегиялык атаандаштыктын күчөшүн ачык-айкын сезип турабыз.
Геосаясий чыңалуу дүйнөнү регионалдык жана субрегионалдык, финансылык жана экономикалык блокторго, тутумдарга бөлүп-жарууга алып баратат. Өлкөлөрдүн жана өлкө топторунун ортосундагы ишенимдин төмөндөшү кооптондурат. Ошентсе да климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучу жана өсүп жаткан теңсиздик сыяктуу глобалдык чакырыктар жана тобокелдиктер, тескерисинче, эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүн бириктирет деп ишенем.
Кыргызстан адамзаттын алдында тынымсыз пайда болуучу чакырыктарды чечүүгө уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм катары Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдойт.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Садыр Жапаров: Кыргызстан адамзаттын алдында тынымсыз пайда болуучу чакырыктарды чечүүгө уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм катары Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдойт.
Садыр Жапаров: Кыргызстан адамзаттын алдында тынымсыз пайда болуучу чакырыктарды чечүүгө уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм катары Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдойт.
Борбордук Азия тууралуу
Орун алып жаткан глобалдуу процесстер бир жагынан Борбордук Азия регионундагы стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түз таасир этсе, экинчи жагынан анын ролун жана маанисин күчөтүп жатат. Региондун өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоо — биздин өлкө үчүн эң жогорку приоритет.
Мен биздин аймакты экономикалык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү түзүлгөн бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик, эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүнө өз ара аракеттенүүсүнө жана кызматташуусуна өз салымын кошкон геосаясий ортомчу, окшош маданий, тарыхый жана салттуу баалуулуктарды туткан жана колдогон жигердүү өз ара аракеттенип жана динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан коомдор катары көрөм.
Кыргызстан аймактык кооперацияны күчөтүүгө өз салымын кошууга, кызматташтыктын жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда ар кандай дүйнөлүк таасир борборлору менен активдүү өз ара кызматташууга ниеттенет.
Кыргыз-тажик чыры же согуш отун басуу тажрыйбасы тууралуу
Туура бир жыл мурда ушул трибунадан чыгып сүйлөп жатып, өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу болгон кайгылуу окуялар тууралуу жүрөгүм сыздап, кабарлагам.
Тынчтыкты сүйгөн элибиздин сабырдуулугунун жана эки өлкөнүн саясий эркинин аркасында биз чыр-чатактын андан ары ырбап кетишине жол бербей, аймактагы кандуу согушту токтото алдык. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан талаш маселелерди аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо же күчтү колдонуу менен коркутпоо сыяктуу эл аралык укуктун принциптеринин жана ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактап келгенин баса белгилегим келет.
Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз. Биз ар дайым диалог курууга жана региондо ишеним менен өз ара урматтоого негизделген өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө умтулабыз.
Былтыр декабрь айында, дээрлик 30 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөө боюнча келишимге кол койдук. Эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында жетишилген бул тарыхый чечим эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгына жана тынчтыкта жанаша жашоосуна кеңири перспективаларды ачты. Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө дал ушундай мамилени карманабыз.
Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашагыбыз келет.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Садыр Жапаров: Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз.
Садыр Жапаров: Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз.
Аймактагы коопсуздук же Афганстан тууралуу
Борбордук Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук жөнүндө сөз кылсак, аларды Афганстандагы кырдаалдын өңүтүндө кароо керек. Афганстандын эли бул өлкөдөгү кырдаалга карата дүйнөлүк коомчулуктун макулдашылган позициясынын жоктугу менен олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын эл аралык коомчулукка эскертип коюш өтө маанилүү деп эсептейм.
Кыргызстан Афганстандын тынч, туруктуу жана бакубат жашоосуна кызыкдар. Биз эл аралык коомчулукту афган элине гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырабыз.
Жакырчылык, климаттык өзгөрүүлөр тууралуу
Өтө жакырчылык жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерди глобалдык жамааттык жооп табуу менен гана чечүүгө болот. Мурунку саммиттерде жана климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияларда амбициялуу билдирүүлөр жана убадалар берилген. Париж келишиминин алкагында 2015-жылы жарыяланган жыл сайынкы каржылоо деңгээли бүгүнкү күндө жетишсиз. Климаттык өзгөрүүлөргө аярлуу өлкөлөрдүн реалдуу муктаждыктарына жооп берген каржылоо деңгээлин олуттуу көбөйтүү жагын кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Дагы бир көйгөй – бул климаттык каржылоонун олуттуу бөлүгү кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөргө насыя түрүндө берилет. Бир миллион же бир миллиард долларлык долбоорлорго насыя берүү жол-жоболорунда эч айырмачылык жок.
Бул климаттык келишимдердин маңызын жана максаттарын жокко чыгарат. Мен биздин өнөктөштөргө тышкы карызыбызды экологиялык долбоорлорго алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылгам. Бирок, тилекке каршы, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөн жооп ала алган жокпуз. Бир гана Германия өкмөтү көңүл бөлүп, 15 миллион евро карызын жойду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Германия тарапка ыраазычылык билдирем. Донорлорду муктаж болгон өлкөлөргө климаттык каржылоону гранттык негизде берүү маселесин карап чыгууга чакырабыз.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев 78-я сессия Генеральной Ассамблеи ООН в Нью-Йорке
78-я сессия Генеральной Ассамблеи ООН в Нью-Йорке
Дүйнө коомчулугун тоолуу аймактарды колдоого чакырык
Глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактар өзгөчө аярлуу болуп калды. Биздин өлкөдө тоолор аймактын 94 пайызын ээлейт. Тоо мөңгүлөрү Жердин криосферасынын ажырагыс бөлүгү. Алар биздин планетанын климатына гана таасир этпестен, флора жана фауна үчүн жашоо чөйрөсүн камсыз кылат, адамдарды суу менен камсыздайт.
Борбордук Азиядагы климаттык өзгөрүүлөр мөңгүлөрдүн эришине алып келди. Эгерде мурда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 2050-жылга чейин жарымына кыскарып, 2100-жылга чейин алар таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн деп болжолдонсо, эми бул процесс мындан дагы тез болот деп айтканга негиз пайда болууда. Мындай жагдай бүткүл региондо көйгөйлөрдүн күчөшүнө алып келүүдө: ичүү жана айыл чарбасы үчүн суу жетишпей, кыртыш деградацияланып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралууда.
Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактайт. БУУнун резолюциясын андан ары ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыкка кол койдум. "2023-2027-жылдар мезгилине тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын" ишке ашыруу боюнча улуттук "Жол картасы" иштелип чыкты, ал жакын арада кабыл алынат.
"Тоо беш жылдыгынын" жыйынтыктоочу этабы катары биз Кыргызстанда 2027-жылы, биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин, "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.
Ушул бийик трибунада туруп, бардыгыңыздарды жигердүү катышууга, тоо экосистемаларын сактоо үчүн конкреттүү салым кошууга чакырам.