https://sputnik.kg/20230913/rossiyalyk-asker-onor-zhaj-kompleksinin-zhany-tabylgasy-1078587146.html
Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы: сууда сүзгөн гаубица
Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы: сууда сүзгөн гаубица
Sputnik Кыргызстан
"Пат-С" сууда өзү сүзүүчү гаубицасы классикалык артиллериялык курал ок күчүнүн, ок өткөрбөс коргоо, танканын мобилдүүлүгү, ок өткөрбөс транспортердун... 13.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-13T20:09+0600
2023-09-13T20:09+0600
2023-09-13T20:09+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
гаубица
атайын операция
артиллерия
курал-жарак
технологиялар
колумнисттер
https://sputnik.kg/img/07e7/09/0d/1078586870_0:229:3072:1957_1920x0_80_0_0_afe05515e60cbe1685542219000c321e.jpg
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы туурасында кеп учугун чубаган.Украиналык согуштук аракеттер театрындагы атайын операцияда артиллерияны пайдалануу тажрыйбасын эске алуу менен РФ Коргоо министрлигинде сууда сүзө ала турган ири калибрдүү артиллериялык түзүлүш менен жабдуу чечими кабыл алынды. "Курганмашзавод" БМП-3 шассисиндеги сынамык (советтик) САУ 2С18 "Пат-С" базасында жаңы 152 миллиметрлик өзү жүрүүчү гаубицаны жасап чыгууда.Буюртмачы ыраак аралыктан жабыркатуучу, жабык жайлардан таамай ок атуучу, мобилдүү жана "деңизде сүзүүчү" жаңы артиллериялык түзүлүш жогорку аскердик мүнөздөмөлөрдү талап кылат. Эксперименталдык 152 миллиметрлик өзү жүрүүчү "Пат-С" артиллериялык түзүлүшү – суу тоскоолдорун жеңе ала турган дүйнөдөгү биринчи ири калибрдүү гаубица. Бирок Европада кадимки куралдардын кыскарышынан улам сериялык өндүрүшкө берилген эмес.Ошентсе да россиялык артиллеристтерде саатына 4,5 чакырымдык ылдамдыкта суу бөгөттөрүнөн өз алдынча өтө ала турган 122 миллиметрлик орто калибрдеги "Гвоздика" гаубицасы бар. Бул артиллериялык түзүлүш МТ-ЛБ шассисинде, 15 чакырымга чейинки аралыктан душмандын аскер күчүн, курал-жарагын жана аскердик техникасын кыйратууга багытталган. Активдүү-реактивдүү дүрмөттөр менен октолгон болсо, бутасын 22 чакырымга чейинки аралыктан талкалай алат. Мүнөтүнө беш жолкуга чейин ок атат.Татаал технологиялык милдеттерди аткаруу үчүн "Курганмашзавод" тийиштүү жана бир топ илимий-өндүрүштүк дараметке ээ. Бир нече миллиард рубль 2023 – 2024-жылдарга ишкананын кубаттуулугун кайра жабдууга багытталган.Украинадагы атайын аскердик операция маалында "Курганмашзавод" БМП-3 жана "Бережок" аскердик модуль менен жабдылып, заманбапташтырылган БМП-2М өндүрүшүн кыйла өстүрдү. Көктөмдө эле бутасын 5 чакырымга чейинки аралыктан жабыркатуучу танкага каршы коргонуучу 125 мм 2С25М "Спрут-СДМ1" куралдын өндүрүшү башталган. Булардын баары ири калибр жана күчтүү, сууда сүзүүчү артиллериялык түзүлүштөрүнүн долбоорун бачым ишке ашырылышын болжоого мүмкүндүк берет.Чет өлкөлүк аналогдоруРоссиялык коргоо тармагы айкалышпасты ийгиликтүү айкалыштырып келет. Мындай аракет артиллерияда гана жасалып жаткан жери жок. Батыш курал чыгаруучулары аргасын таппай, амфибиялык советтик "Гвоздика" артиллериялык түзүлүшүнүн жогорку мүнөздөмөлөрүнө көз артат.Америкалыктар XX кылымдын биринчи жарымында Тынч океандагы аралдарда десанттык операцияларды колдоо үчүн сууда сүзө ала турган 105 мм артиллериялык түзүлүш же жеңил танк жасоого тырышкан. Иш патент алууга чейин жетпей, ошол убакта 76 мм танкага каршы Т50 (М18) замбирегин сериялык өндүрүшкө жөнөтө алышкан эмес. 1960-жылдары британиялык мамлекеттик Fighting Vehicle Research and Development Establishment (FVRDE) конструктордук бюросу 105 мм калибрдеги "Эббот" FV433 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшүн жасап чыккан.Суу тоскоолдуктарынан өтүү үчүн артиллериялык түзүлүштүн корпусунун периметри боюнча желим-кездемелүү экранды бекитүү керек эле. Анчейин ынанымсыз конструкция дайра, көлдөрдөн тез өтө албайт болчу. 1990-жылдардын ортосунда британиялык "Эббот" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр жарактан чыгарылган. 1993-жылы анын ордуна келген 155 мм калибрдеги AS-90 артиллериялык түзүлүшү да сууда сүзө алчу эмес. 2022-жылдын башында андай машинадан 90 бирдик калган. Алардын үчтөн бирин Лондон Украинага, иш жүзүндө россиялык атайын аскердик операция аймагында алардан арылуу үчүн берди. Колдо калган AS-90 түзүлүштөрүн Британия 2032-жылга чейин жок кылууну пландаган.Россиядан башка жакта ири калибрдүү артиллериянын амфибиялуулугу жок. Чет өлкөдө сууда сүзө ала турган артиллериялык түзүлүштөрдүн тизмегинде эки гана машина, алар да тарыхка айланып барат. Суу тосмолорунан ыкчам өтүү – учурдун татаал маселеси.Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин адистери жаңы физикалык принциптер менен жаңы куралдарды ийгиликтүү иштеп чыгууда. Ошол эле учурда эски, бирок сууда да, кургакта да жүрө турган артиллериянын жогорку аскердик майнаптуулугун эстен чыгарган жок.Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
https://sputnik.kg/20230831/rossiyalyk-sj-100dun-arymy-zhana-kelechegi-1078246910.html
https://sputnik.kg/20230804/mig-31-istrebitelinin-mumkunchuluktoru-1077554325.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Александр Хроленко
https://sputnik.kg/img/104415/39/1044153935_287:0:828:541_100x100_80_0_0_4bf1d65d8d876024c6677a4b0925dbf0.jpg
Александр Хроленко
https://sputnik.kg/img/104415/39/1044153935_287:0:828:541_100x100_80_0_0_4bf1d65d8d876024c6677a4b0925dbf0.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/0d/1078586870_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_996d2a7208b2391c3defb1efcf8997d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Александр Хроленко
https://sputnik.kg/img/104415/39/1044153935_287:0:828:541_100x100_80_0_0_4bf1d65d8d876024c6677a4b0925dbf0.jpg
дүйнөдө, россия, гаубица, атайын операция, артиллерия, курал-жарак, технологиялар, колумнисттер
дүйнөдө, россия, гаубица, атайын операция, артиллерия, курал-жарак, технологиялар, колумнисттер
Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы: сууда сүзгөн гаубица
"Пат-С" сууда өзү сүзүүчү гаубицасы классикалык артиллериялык курал ок күчүнүн, ок өткөрбөс коргоо, танканын мобилдүүлүгү, ок өткөрбөс транспортердун амфибиялуулук синтези – бул айкалышпаган нерсенин сынамык аракети эмес, замандын жана РФ Коргоо министрлигинин талабы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы туурасында кеп учугун чубаган.
Украиналык согуштук аракеттер театрындагы атайын операцияда артиллерияны пайдалануу тажрыйбасын эске алуу менен РФ Коргоо министрлигинде сууда сүзө ала турган ири калибрдүү артиллериялык түзүлүш менен жабдуу чечими кабыл алынды. "Курганмашзавод" БМП-3 шассисиндеги сынамык (советтик) САУ 2С18 "Пат-С" базасында жаңы 152 миллиметрлик өзү жүрүүчү гаубицаны
жасап чыгууда.
Буюртмачы ыраак аралыктан жабыркатуучу, жабык жайлардан таамай ок атуучу, мобилдүү жана "деңизде сүзүүчү" жаңы артиллериялык түзүлүш жогорку аскердик мүнөздөмөлөрдү талап кылат. Эксперименталдык 152 миллиметрлик өзү жүрүүчү "Пат-С" артиллериялык түзүлүшү – суу тоскоолдорун жеңе ала турган дүйнөдөгү биринчи ири калибрдүү гаубица. Бирок Европада кадимки куралдардын кыскарышынан улам сериялык өндүрүшкө
берилген эмес.
Ошентсе да россиялык артиллеристтерде саатына 4,5 чакырымдык ылдамдыкта суу бөгөттөрүнөн өз алдынча өтө ала турган 122 миллиметрлик орто калибрдеги "Гвоздика" гаубицасы бар. Бул артиллериялык түзүлүш МТ-ЛБ шассисинде, 15 чакырымга чейинки аралыктан душмандын аскер күчүн, курал-жарагын жана аскердик техникасын кыйратууга багытталган. Активдүү-реактивдүү дүрмөттөр менен октолгон болсо, бутасын 22 чакырымга чейинки аралыктан талкалай алат. Мүнөтүнө беш жолкуга чейин ок атат.
Татаал технологиялык милдеттерди аткаруу үчүн "Курганмашзавод" тийиштүү жана бир топ илимий-өндүрүштүк дараметке ээ. Бир нече миллиард рубль 2023 – 2024-жылдарга ишкананын кубаттуулугун кайра жабдууга
багытталган.
Украинадагы атайын аскердик операция маалында "Курганмашзавод" БМП-3 жана "Бережок" аскердик модуль менен жабдылып, заманбапташтырылган БМП-2М өндүрүшүн кыйла
өстүрдү. Көктөмдө эле бутасын 5 чакырымга чейинки аралыктан жабыркатуучу танкага каршы коргонуучу 125 мм 2С25М "Спрут-СДМ1" куралдын өндүрүшү башталган. Булардын баары ири калибр жана күчтүү, сууда сүзүүчү артиллериялык түзүлүштөрүнүн долбоорун бачым ишке ашырылышын болжоого мүмкүндүк берет.
Россиялык коргоо тармагы айкалышпасты ийгиликтүү айкалыштырып келет. Мындай аракет артиллерияда гана жасалып жаткан жери жок. Батыш курал чыгаруучулары аргасын таппай, амфибиялык советтик "Гвоздика" артиллериялык түзүлүшүнүн жогорку мүнөздөмөлөрүнө көз артат.
Америкалыктар XX кылымдын биринчи жарымында Тынч океандагы аралдарда десанттык операцияларды колдоо үчүн сууда сүзө ала турган 105 мм артиллериялык түзүлүш же жеңил танк жасоого тырышкан. Иш патент алууга чейин жетпей, ошол убакта 76 мм танкага каршы Т50 (М18) замбирегин сериялык өндүрүшкө жөнөтө алышкан эмес. 1960-жылдары британиялык мамлекеттик Fighting Vehicle Research and Development Establishment (FVRDE) конструктордук бюросу 105 мм калибрдеги "Эббот" FV433 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшүн жасап чыккан.
Суу тоскоолдуктарынан өтүү үчүн артиллериялык түзүлүштүн корпусунун периметри боюнча желим-кездемелүү экранды бекитүү керек эле. Анчейин ынанымсыз конструкция дайра, көлдөрдөн тез өтө албайт болчу. 1990-жылдардын ортосунда британиялык "Эббот" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр жарактан чыгарылган. 1993-жылы анын ордуна келген 155 мм калибрдеги AS-90 артиллериялык түзүлүшү да сууда сүзө алчу эмес. 2022-жылдын башында андай машинадан 90 бирдик калган. Алардын үчтөн бирин Лондон Украинага, иш жүзүндө россиялык атайын аскердик операция аймагында алардан арылуу үчүн
берди. Колдо калган AS-90 түзүлүштөрүн Британия 2032-жылга чейин жок кылууну пландаган.
Россиядан башка жакта ири калибрдүү артиллериянын амфибиялуулугу жок. Чет өлкөдө сууда сүзө ала турган артиллериялык түзүлүштөрдүн тизмегинде эки гана машина, алар да тарыхка айланып барат. Суу тосмолорунан ыкчам өтүү – учурдун татаал маселеси.
Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин адистери жаңы физикалык принциптер менен жаңы куралдарды ийгиликтүү иштеп чыгууда. Ошол эле учурда эски, бирок сууда да, кургакта да жүрө турган артиллериянын жогорку аскердик майнаптуулугун эстен чыгарган жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун
Telegram каналына жазылыңыздар.