ТИМ: Кыргызстан өзөктүк курал таратпаган режимди жактайт

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловБишкекте "Өзөктүк куралды таратпоо режимин бекемдөө" деп аталган аймактык семинар
Бишкекте Өзөктүк куралды таратпоо режимин бекемдөө деп аталган аймактык семинар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Кыргызстан Борбор Азияда өзөктүк куралды таратпоо боюнча келишимдин катышуучусу.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстан Борбор Азиянын өзөктүк курал коопсуздугу боюнча кепилдик протоколуна кол коюуну жактай турганын тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев айтты.
Бишкекте "Өзөктүк куралды таратпоо режимин бекемдөө" деп аталган аймактык семинар өтүп жатат. Ага Борбор Азиянын (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) тышкы саясат ведомстволору жана илим изилдөө уюмдарынын өкүлдөрү, Ирандын, Кытайдын, Россиянын жана башка коңшу мамлекеттердин адистери катышууда.
Иш-чараны Энергетика жана коопсуздук борбору, Евгений Примаков атындагы Тышкы саясат боюнча борбор Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен уюштурду.
Исаев Өзөктүк куралсыз зона жөнүндө келишимге кол коюу аймакты өзөктүк куралды колдонбой турган коопсуздук менен камсыздоо болуп саналарын белгиледи.
© Sputnik / Таалайбек ОроскуловРегиональный семинар "Укрепление режима ядерного нераспространения" в Бишкеке
Региональный семинар Укрепление режима ядерного нераспространения в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
"Кыргызстан Борбор Азияда өзөктүк куралды таратпоо боюнча келишимдин катышуучусу. Африка, Латын Америкасы, эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташабыз. Бул семинарды өткөрүү ири саясий мааниге ээ", — деди Исаев.
Анын айтымына караганда, семинар өзөктүк куралды жайылтпоо идеясында Кыргызстандын ролун таамай белгилеп көрсөтөт.
"Маселе өтө олуттуу, татаал, Жер жүзүнүн ар бир бурчуна тиешелүү. Мындай конференциялар көп өтүшү керек. Канчалык көп айтып, маселени көтөрүп турсак, биздин дүйнө ошончолук коопсузураак болот", — деди дипломат.
Энергетика жана коопсуздук борбору 2009-жылы түптөлгөн, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет, баш кеңсеси Москвада жайгашкан. Изилдөө жүргүзчү приоритеттүү тармактары — атом энергетикасы жана өзөктүк куралды таратпоо. Борбордо аталган тармактагы эл аралык суроолор өзгөчө орунду ээлейт.
Евгений Примаков атындагы Тышкы саясат борбору (Примаков борбору) 2015-жылы түзүлгөн. Анын миссиясы — Евгений Примаковдун интеллектуалдык мурастарын өнүктүрүү жана топтоо, эксперттик-илимий деңгээлде эл аралык кызматташууну бекемдөө, жарандык коом институттарын тышкы саясий процесске тартуу.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Россиянын ТИМ башчысынын орун басары Бишкекке келип, Кулубаев кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0