Россиянын ТИМ башчысынын орун басары Бишкекке келип, Кулубаев кабыл алды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Тараптар кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Рябков Кыргызстанга "Өзөктүк курал жайылтпоо" аттуу аймактык семинарга катышуу үчүн келди.
© Фото / пресс-служба МИД КРЗамглавы МИД России прибыл в Бишкек
Замглавы МИД России прибыл в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чаралар тууралуу пикир алмашты.
Маектештер Кыргызстан-Россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
ТИМ башчысы: Кыргызстан ЖККУ алкагында пайдалуу кызматташууга кызыкдар
Жаңылыктар түрмөгү
0