Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыш керек. Кыргыз-кытай кызматташуусу эмне берет

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Жакында эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытайга барып бир катар макулдашууларга кол коюп келди. Кыргыз-кытай алакасы экономикалык жактан кандай пайда берери баарына кызык.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илимий-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз өлкө экономикасын өнүктүрүүдө батыш баалуулуктарынын орду жана Кыргызстан — Кытай алакасы тууралуу сүйлөштүк.
— Акыркы убакта коңшубуз Кытай менен алаканы жакшыртууга аракеттер жүрүп жатат. Кыргыз-кытай мамилесинен дегеле эмнелерди күтсө болот?
— Жакында эле Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барып келди. Бул район Кытай үчүн соңку жылдары стратегиялык жактан маанилүү болуп баратат. Мурда Синьцзянда жалаң эле уйгурлар, кыргыздар, казактар жашачу. Азыр өлкөнүн чыгышынан ушул тарапка келип отурукташкан ири компаниялар да көбөйүүдө. Анткени, биринчиден, бул жерлерде газ, мунай кору кенен экен. Экинчиден, учурда АКШ Кытайды өзүнүн бирден-бир стратегиялык атаандашы экенин ачык эле айта баштады. Мунун артында Кытайдын Батышка товарларын кеме аркылуу жеткире албай калуу коркунучу турат. АКШ деңиз жолун бөгөп койсо, Кытай Батышка товарларын Кыргызстан, Казакстан жана Россия аркылуу жөнөтөт. Бул үчүн алар чоң-чоң инвестицияларды жумшоого даярдыгын ачыкташты. Кыргызстан, Казакстан, Россия аркылуу кургактан жол салуу Кытайдын негизги пландарынын бири.
© Sputnik / Асел АкматЭкономист Улукман Мамытов: Кеңейип бара жаткан Евразиялык биримдике кирүү үчүн Кыргызстанга да заводдор курулса жакшы болмок
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Экономист Улукман Мамытов: Кеңейип бара жаткан Евразиялык биримдике кирүү үчүн Кыргызстанга да заводдор курулса жакшы болмок
Биздин өкмөт башчынын Кытайга болгон соңку иш сапары мына ушул экономикалык багыттан алып караганда чоң мааниге ээ. Бирок калк арасында Кытай менен алака түзүүдө чочулоо бар. Акылбек Жапаров Кытайга барганда "Кыргызстанды колдонгула, бизде "ВСП +" (Всеобщая система преференций+) статусу бар" деп айтып келди. Бул статусту Европа биримдиги "товарыңарды бизге ташысаңар болот" деп ачып берген. Ага дүйнө жүзүндө он чакты эле мамлекет кирет. Тизмеде Кыргызстан да бар. Көп маселелерден улам ВСП+ статусун ишкерлердин баары эле пайдаланып, товарын ташый албайт. Анткени жол узак, жүктү бир канча чек арадан өткөрүү керек, унаалардын абалы да жакшы болушу шарт. Майда компаниялар муну көтөрө албайт. Европага товар ташуу үчүн алгач азыктын сапаты жакшы болушу шарт жана тапкан киреше жолго кеткен чыгымды жабышы керек. Бизде андай ири компания, заводдор жок. Ошол себептен соода жүгүртүү жагынан Кыргызстандын негизги өнөктөштөрү болгон Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Россия менен иштешүү бизге пайдалуураак. Ушундай себептерден улам буга чейин ВСП+ статусун кеңири пайдаланган эмеспиз. Акылбек Жапаров Кыргызстанды транзит катары эле пайдаланбастан, өлкө аймагына чоң-чоң заводдорду курууну Кытайга сунуштады. Кеңейип бара жаткан Евразиялык биримдике кирүү үчүн Кыргызстанга да заводдор курулса жакшы болмок. Бирок бул пландын өзү жакшы болгону менен стратегиялык даярдыктардын байкалбаганы чочулатып, келечеги күмөн санатат. Өкмөт ушундай максатты көздөсө бир топ даярдык болушу керек эле. Мүмкүн, даярдап жатышкандыр. Бирок Кытайга барганда ушул даярдыктарды көрсөтүшү керек болчу. Кыргызстан ачык өлкө. Чыгыш Азиянын экономикасын көп изилдедим, үйрөнүүчү нерселерибиз көп. Учурдагы глобалдаштырылган экономикадан баш тартып, жаңы экономикага өтсөк болот эле. Дүйнөлүк абал өзгөрүп баратат. Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн (Япония, Түштүк Корея, Филиппин — ред.) моделин пайдалануу менен Кыргызстандын экономикасын көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар.
Анан да ислам экономикасынын принциптери да аябай кызык. Анткени араб өлкөлөрү экономика жагынан өсүп, сооданын көбү ошол жакка ооп баратат. Валюта, каржы, товар — баары ошол араб өлкөлөрү аркылуу өтүүдө. Алар ислам экономика принциптерин алдыга түртүшүүдө. Быйыл муну изилдеп, институтка жаңы экономика курстарын киргизгени жатабыз. Бул жаңы багыт. Исламдык экономикада эң маанилүүсү киреше дешет. Бирок экономикада эң маанилүүсү реалдык сектор да.
Мамытов: Кытай менен алака түзүүдө стратегиялык программалар керек
— Кытай менен иштешүүдө эл кооптонуп, буга чейин да кен казуу жаатында каршылык билдирип келген…
— Ал да жөндүү. Анткени Кытай Эл Республикасынын багыты аныкталган, бир топ жылга мерчемделген стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт. Ал эми бизде ачык экономикалык рынок. Ошондуктан ким менен алака түзүп жатканыбызды эске алып, өкмөт олуттуу стратегиялык иш пландарды буга чейин иштеп чыгышы зарыл болчу. Эл мындай стратегиялык концепцияларды көрбөгөндүктөн бир аз кооптонуп жатат. Бирок коркуп отура бербей мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калышыбыз абзел. Кыргызстан бир эле транзиттик мамлекет эмес, Кытайдын товарларын бизден чыгара турган ири өндүрүштүк ишканаларды куруп, аны иштетүүдө өзүбүздүн адистерди окутуп, үйрөтүүгө кошо жетишишибиз керек. Эгер өкмөт тарабынан мына ушундай чоң-чоң стратегиялык пландар болсо, экономикалык алакаларды чочулабай эле жүргүзө алабыз.
Бизге кен иштеткени келген инвесторлор өзү гана жеке иштөө ниетин билдирет. Бирок "тоолор биздики, аны узак мөөнөттө иштетишибиз керек. Ошондуктан бизди да үйрөткүлө, керек болсо эки тараптуу иш алып барган ишканаларды куралы. Кыргызстандын да теңме-тең үлүшү болушу керек" деп талап коюу шарт. Негизи кен байлыктарыбызды чийки зат боюнча экспорттобой, аны кайра иштетсек жакшы болор эле. Бул үчүн накта экономикалык стратегия керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Улукман Мамытов: Америка менен Кытай согушуп кетеби деген кооптонуу бар. Анткени мурда батыштык технологиялар жаатында АКШ алдыда болсо, азыр Кытай лидерликти бербей жатат.
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Экономист Улукман Мамытов: Америка менен Кытай согушуп кетеби деген кооптонуу бар. Анткени мурда батыштык технологиялар жаатында АКШ алдыда болсо, азыр Кытай лидерликти бербей жатат.
— Кандай гана эл аралык экономикалык келишим болбосун, Кыргызстан керектөөчүнүн гана ролун аткарып келет. Эмне үчүн ушуга чейин экономикалык ири стратегиябыз жок?
— Мунун ар кандай себептери бар. Экономика министрлигинин Соода-өнөр жай палатасы деле стратегия даярдап чыгарышы керек болчу. Батышты эле карап отурабыз. Алар "эркин рынок өзү багыт көрсөтөт, ал үчүн бышыш керек" деген концепцияны карманат. Эч кандай стратегиянын деле кереги жоктугун айтышат. Бирок бул бизге туура келбейт. Чыгыш мамлекеттерин карасак, аз убакытта эле өнүгүп кетишти. Алар алдыга беш жылдык пландарды, экономикалык бийик максаттарды коюп, ошого убагы менен жетишип турушкан.
Биз принциптерибизди так коюп, стратегиябызды аныкташыбыз керек. Батыш валюталык жана маалыматтык жактан күчтүү болгондуктан рулду бербей жатат. Ал биздин багытты ачыктоого да кедергисин тийгизүүдө.
— Утурумдук акчанын арты менен жүрүп, идеологиялык жактан Кытайга алдырып койбойбузбу?
— Кытайдын дүйнөнү басып ала тургандай чоң идеологиясы жок. Мындан дүйнөлүк деңгээлде Америка менен Советтер Союзу гана идеология түптөй алышкан. Тескерисинче, Америка менен Кытай согушуп кетеби деген кооптонуу бар. Анткени мурда батыштык технологиялар жаатында АКШ алдыда болсо, азыр Кытай лидерликти бербей жатат.
— Серепчилер доллардын кунунун түшүшүнө эки ача пикир айтышат. Биз жашаган чөлкөмдө бирдиктүү валюта менен соода жүгүртүүгө убакыт келдиби?
— Күтүүсүз кризистен улам Американын экономикасы дароо түшүп калышы мүмкүн. Азыр АКШнын тышкы карызы 32 триллион доллар, ага карабай аябай көп акча басып чыгарышууда. Антпесе экономикасы кескин төмөндөп кетет. Азыр булар ушул эки коркунучтун ортосунда эптеп-септеп сакталып турат. Глобалдык экономикада бул 5-6 жылдай кармалышы мүмкүн. Ага чейин альтернатива табышы керек. Азыр чөлкөмдө бирдиктүү бир валюта чыгара албайбыз, бирок келечекте доллардай болбой баланстуу түрдө эсептелген валюта чыгып калышы мүмкүн. Ал негизги экономикалардын валюталык индекстеринен жана дүйнөлүк глобалдык биржада айланган чийки сырьёнун (нефть, газ, буудай) индекстеринен алынары айтылууда.
Йоханнесбургда өткөн БРИКС саммити. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Эски дүйнөнүн трагедиясы: БРИКС эки эсе кеңейүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0