Тенти Адышева — өмүр баяны

© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваТенти Адышева. Архив
Тенти Адышева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
Акын Тенти Адышева (Жунушбай кызы) 1920-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1937-жылы Фрунзедеги медициналык техникумду аяктап, 1939-1942-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда окуган. 1952-жылы Кыргызстан КП БКнын эки жылдык партиялык мектебин, 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1937-жылы фельдшер болуп иштөөдөн баштап, 1938-жылы кыргыз кыздарынын ичинен биринчи жолу Кыргыз ССРинин Лениндик коммунисттик жаштар уюмунун борбордук комитетинин катчысы болуп шайланган.
1949-1950 — Фрунзе шаарынын Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары;
1950-1951 — төрайым;
1950-1953 — Фрунзе шаардык кеңешинин Биринчи май райондук кеңешинин депутаты;
1956-1979 — Авторлордун укугун коргоонун бүткүл союздук башкармасынын кыргыз филиалын жетектеген. Бул кызматта 23 жыл иштеп, 1979-жылы ардактуу эс алууга чыгат;
1961-жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваНародный поэт республики Тенти Адышева
Народный поэт республики Тенти Адышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023

Үй-бүлөсү

Акындын биринчи жолдошу Жоомарт Бөкөнбаев болгон. Алар эки уул, бир кыздуу болушкан. 1944-жылы Жоомарт Бөкөнбаев автокырсыктан көз жумган. Тенти Адышева 3 бала менен жесир калган. 1954-жылы экинчи жолу бүлө күтүп, окумуштуу-геолог Муса Адышевге турмушка чыгып, жубайлар бир балалуу болушкан.
Тенти Адышева 1984-жылы 64 жашында көз жумган. Акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, Жоомарт Бөкөнбаевдин мүрзөсүнүн жанына коюлган. Тенти Адышева эки жолдошу менен болгон жашоосун "Кылы үзүлгөн комузум" чыгармасында кеңири сүрөттөгөн. Бул повесть акындын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн.
© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваНародный поэт республики Тенти Адышева
Народный поэт республики Тенти Адышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023

Чыгармачылыгы

Акындын чыгармачылыгы 1947-жылы башталат. Бул жылы анын алгачкы "Акын" деген ыры "Советтик Кыргызстан" журналында жарык көрөт. Ал эми биринчи ырлар жыйнагы болгон "Заманам" 1961-жылы чыгат. Тенти Адышеванын "Жарык дүйнө", "Ак пейил адамдар үчүн", "Ой толгоо", "Менин күнүм", "Тандалмалар" аттуу поэтикалык китептери, "Жаңылдын элеси", "Өмүр жолу", "Жүрөктөгү так" сыяктуу поэмалары окурмандардын жүрөгүнөн орун тапкан. Мындан сырткары, "Кеткендердин айылында", "Адам кызык", "Токто десем", "Ойнобо", "Алтымыштан ашкандарга", "Ысык-Көл", "Көк жайык", "Сары-Челек", "Эне-жер" аттуу ажайып чыгармалары бар.
© Фото / из семейного архива Кулубека БоконбаеваНародный поэт республики Тенти Адышева
Народный поэт республики Тенти Адышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023

Сыйлыктары

Тенти Адышева кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Ардак белгиси ордени, Эмгектеги каармандыгы үчүн, Лениндин 100 жылдыгынын урматына медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамоталары менен сыйланган. Аны менен бирге эле Кыргыз ССРинин эл акыны деген ардактуу наам да ыйгарылган. Бул наамды алган аялзатынын алгачкыларынын бири.
Калем. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Шабданбай Абдыраманов — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0