https://sputnik.kg/20230828/shabdanbaj-abdyramanov-omur-bayany-1078152787.html
Шабданбай Абдыраманов — өмүр баяны
Шабданбай Абдыраманов — өмүр баяны
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов Сузак районундагы Ак-Тоок айылында 1930-жылы 24-декабрда туулган. 28.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-28T17:48+0600
2023-08-28T17:48+0600
2023-08-28T17:48+0600
өмүр баяны
биография
шабданбай абдыраманов
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/04/1054481142_0:0:2730:1536_1920x0_80_0_0_9a6ee884c111c5580605f8c88243df34.jpg
1948-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1950-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун, 1955-жылы КМУнун филология факультетин, 1964-жылы Москва шаарындагы Горький атындагы институттун Жогорку адабий курсун бүтүргөн.Эмгек жолун 1943-жылы колхозчу болуп иштөө менен баштаган:Шабданбай Абдыраманов чыгармачылык жолун акын катары 1950-жылы баштаган. Мугалимдик кесибин аркалап жүргөндө эле анын "Сырдуу күмбөз", "Көл тууралуу баян" аттуу эпикалык поэмалары "Ала-Тоо" журналына жарыяланган. 1955-жылдан тартып биротоло кара сөзгө өтүп, бир топ аңгеме, повесть, романдарды жазган.1957-жылы "Май түнүндө" аттуу алгачкы поэмалар жыйнагы, ага удаалаш эле 1959-жылы "Каркыра" деген ырлар жана поэмалар жыйнагы, 1964-жылы "Тааныш адамдар", "Арстанбап аймагында", "Өкүм", 1973-жылы "Ак жүрөк адамдар" деген прозалык чыгармалары басмадан жарык көргөн.Ошондой эле жазуучунун "Гүлазык", "Дыйкандар", "Тагдыр", "Жашыл аалам", "Токуучулар", "Турмуш сырлары", "Дыйкандар" аттуу романдары эл арасына тарап, кыргыз айыл турмушун, айыл-апа тургундарынын маанайын мыкты чагылдырган жазуучу катары окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапты.Акын публицист, котормочу, драматург катары да белгилүү. Чыгармалары орус, өзбек тилдеринде жарык көргөн. "Кайыптын карды ооруганда", "Коркунучтуу оору", "Үркүнбай үйлөнгөндө", "Токуучулар", "Тагдыр нугу", "Кадамжай окуясы" аттуу драмалары театрлардын сахнасында коюлуп, көптөгөн көрүүчүлөрдүн купулуна толду.Өмүрүнүн соңку жылдары жазган "Арман" романын, "Ак Мактым" баянын чыгарууга үлгүрбөй кетти. Ал 1998-жылы 68 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.Эмгеги бааланып Кыргыз СССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. 1993-жылы болсо Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамы ыйгарылган.
https://sputnik.kg/20230828/kachkynbaj-artykbaev-omur-bayany-1078143156.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/04/1054481142_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_10fd16ce815fb6404c756cb5d5cc840d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
өмүр баяны, биография, шабданбай абдыраманов
өмүр баяны, биография, шабданбай абдыраманов
Шабданбай Абдыраманов — өмүр баяны
Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов Сузак районундагы Ак-Тоок айылында 1930-жылы 24-декабрда туулган.
1948-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1950-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун, 1955-жылы КМУнун филология факультетин, 1964-жылы Москва шаарындагы Горький атындагы институттун Жогорку адабий курсун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1943-жылы колхозчу болуп иштөө менен баштаган:
1950-1952 — орто мектепте мугалим;
1952-1959 — Кыз-Көл орто мектебинин директору;
1959 — Ош пединститутунда окутуучу;
1964 — Кыргызстан жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн адабий кеңешчиси;
1966 — жооптуу катчы, кийин Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде кабарчы болуп кызмат кылган.
Шабданбай Абдыраманов чыгармачылык жолун акын катары 1950-жылы баштаган. Мугалимдик кесибин аркалап жүргөндө эле анын "Сырдуу күмбөз", "Көл тууралуу баян" аттуу эпикалык поэмалары "Ала-Тоо" журналына жарыяланган. 1955-жылдан тартып биротоло кара сөзгө өтүп, бир топ аңгеме, повесть, романдарды жазган.
1957-жылы "Май түнүндө" аттуу алгачкы поэмалар жыйнагы, ага удаалаш эле 1959-жылы "Каркыра" деген ырлар жана поэмалар жыйнагы, 1964-жылы "Тааныш адамдар", "Арстанбап аймагында", "Өкүм", 1973-жылы "Ак жүрөк адамдар" деген прозалык чыгармалары басмадан жарык көргөн.
Ошондой эле жазуучунун "Гүлазык", "Дыйкандар", "Тагдыр", "Жашыл аалам", "Токуучулар", "Турмуш сырлары", "Дыйкандар" аттуу романдары эл арасына тарап, кыргыз айыл турмушун, айыл-апа тургундарынын маанайын мыкты чагылдырган жазуучу катары окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапты.
Акын публицист, котормочу, драматург катары да белгилүү. Чыгармалары орус, өзбек тилдеринде жарык көргөн. "Кайыптын карды ооруганда", "Коркунучтуу оору", "Үркүнбай үйлөнгөндө", "Токуучулар", "Тагдыр нугу", "Кадамжай окуясы" аттуу драмалары театрлардын сахнасында коюлуп, көптөгөн көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Өмүрүнүн соңку жылдары жазган "Арман" романын, "Ак Мактым" баянын чыгарууга үлгүрбөй кетти. Ал 1998-жылы 68 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Эмгеги бааланып Кыргыз СССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. 1993-жылы болсо Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамы ыйгарылган.