Борбор Азия лидерлерин АКШда эмне күтөт? С5+1 саммити жөнүндө пикир

© AP Photo / Evan VucciАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
Украинада пайдасыз стратегиялык кырдаалдан улам Кошмо Штаттар борбор азиялык майданда "оюн кургусу" бар. АКШнын чөлкөмдө ынандыруу жана мажбурлоо инструменттери кыйла арбын. Президент Байден ушул тапта аргасыз көрүнгөнү менен залалсыз да эмес.
Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери АКШ президенти Жо Байденден С5+1 саммитине катышууга чакыруу алышты. Ал келерки айда, тагыраагы, 19-20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өтмөкчү. Расмий түрдө уюмдун штаб-квартирасы эл аралык территория болуп эсептелип, Кошмо Штаттардын юрисдикциясынан тыш. Бирок Байден борбор азиялык өлкөлөрдүн лидерлеринин бардыгына кат жөнөткөн.

"Лидерлердин дипломатиясы"

Эл аралык алакаларда соңку жылдары жеке мамилелер фактору олуттуу өңүт алды. Мамлекет башчылары достошуп, бири-бирин сыйлап, бири-бирине ишенип, өлкөлөр же мамлекеттер тобунун ортосунда мындай алака чечүүчү мааниге ээ. "Лидерлер дипломатиясынын" ийгиликтүү мисалдарына жакында эле күбө болгонбуз. Россия, Кытай, Түркия жана Борбор Азия республикаларында жогорку деңгээлдеги жолугушууларды айта алабыз.
Байдендин администрациясы өзү "тааныбаган" территорияга — "лидерлер дипломатиясына" баш багууга далалат кылып жатканы президенттин өзүнө оор милдет болушу толук ыктымал. Себеби Борбор Азия өлкөлөрү жана АКШнын мамлекет башчыларынын ортосунда жылуу жеке мамилеге өбөлгө жок. Ошентсе да чөлкөмдөгү мамлекеттер үчүн бул маанилүү окуя: жогорку деңгээлде диалог курууга болгон Вашингтондун умтулуусу – көп полярдык дүйнө түптөө процессинде Борбор Азиянын ролу канчалык маанилүү экени туурасындагы дагы бир эскертүү.

С5+1 аянтчасынын өзгөчөлүктөрү

С5+1 дипломатиялык платформасы 2015-жылдан тарта экономика, экология жана коопсуздук жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулоо максатында борбор азиялык мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин чогултуп келет. Ушул платформа киргизилгенден бери чөлкөм америкалык эки: "Борбор Азия боюнча стратегиянын" (2015, 2019–2025-жылдарга карата), ошондой эле С5+1 алкагында министр, эксперт жана жумушчу топтордун деңгээлиндеги көптөгөн жолугушууларга күбө болду.
Бул стратегиялардын чоо-жайына токтолбостон, алардын расмий түрдө чөлкөмдүн ар бир өлкөсүнүн "коопсуздугун, өсүп-өнүгүүсүн колдоого" багытталганын белгилеген оң. Кошмо Штаттар өздөрү да Борбор Азиядагы "тынчтык, коопсуздук, демократия, экономикалык өсүш жана гуманитардык маселелерге" бул мезгил аралыгында 9 миллиард доллардан ашуун каражат бөлүнгөнүн айтышат.
Бул чыгымдардын майнаптуулугун текшерүү кыйын, кудай жалгап америкалык салык төлөөчүлөрдүн бир даары Борбор Азия кайда экенинен кабары жок. Ал эми америкалык дипломаттар бул геостратегиялык чөлкөм экенин, АКШнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Борбор Азия маанилүү экенин белгилеп келишет. Анын маңыздуулугу адегенде Афганистандагы кырдаал жана эл аралык террорчулукка каршы күрөш менен аныкталчу. Кийин Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча АКШнын "кооптонуусуна" байланыштырышты, эми болсо Вашингтон Украинадагы кырдаал буга таасир гана этпестен, коркунуч жаратат деп эскертүү менен республикалардын суверенитети жана аймактык бүтүндүгү үчүн катуу "санаа" тартууда.
Борбор Азиянын президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп

Алдын ала корутундулар

Чөлкөмдөгү аянтчанын иши да кызыгуу туудурат. АКШ дипломатиясынын активине Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү аралашкан консультация механизмин да кошууга болот. Ошол эле учурда тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу көп учурда өзгөчө маалыматтык толкун менен коштолот. Анткен менен так белгилүү нерсе аз, бирок Вашингтон үчүн тийиштүү нуктагы процесстердин динамикасын көрсөтүп турган кооз кеп көп.
Маселен, АКШ Мамлекеттик департаментинин 2023-жылдын февралында маалыматтык бюллетенинде С5+1 платформасы туурасында: "Кошмо Штаттар менен өнөктөштүктө орток көйгөйлөрдү чече турган көз карандысыз, гүлдөгөн жана корголгон Борбор Азияны куруунун жалпы максаттарына карай кыймыл", — деп жазылган. Борбор Азия үчүн бул көйгөйлөр ортокпу же АКШ алар жалпы болушу керек деп ойлойбу, таптакыр маңызсыз. Албетте, жолугушуулардын мазмуну туурасындагы маалымат жана жыйынтык боюнча биргелешкен билдирүүлөрдүн тексти катышуучулардын баары менен макулдашылары ырас. Бирок алар канчалык тиешелүү кеп ошондо, бир жагынан Борбор Азия республикаларынын ар биринин кызыкчылыктарына жооп бергендей көрүнөт, экинчи тараптан түк тиешеси жоктой.
Натыйжада биз эмнеге ээбиз? Вашингтон чөлкөмдө өзүнүн консультативдик механизмин түптөгөн. Улам алдыдагы жолугушууларды уюштуруу жана пландоо менен алектенген катчылык С5 өлкөлөрү менен биргеликте 2022-жылы түзүлгөн. Айрыкча Афганстандагы аскердик базалары жабылып, күчтөрү чыгарылган соң Борбор Азияда туруктуу орун алуунун мүмкүн болгон формаларын иштеп чыгуу Кошмо Штаттардын пландарында экенин боолголоого негиз бар.

Дайымкы консультациялар жана биргелешкен билдирүүлөр

Борбор Азия — бүтүндөй Европа боюнча өткөн жаңы соода-экономикалык байланыш, транспорттук жана энергетикалык артерияларды тынымсыз түзүп жана өнүгүп келе жаткан чөлкөм. Борбор Азия калкынын саны өсүп, ал менен кошо электр булагы, суу жана башка ресурстардын таңсыктыгы да артууда. Чөлкөм өз керектөөсүн канааттандыруу, ага кошумча туруктуулук жана коопсуздукка кепилдик бериле турган багытта кызматташууну өрчүтүүдө пайда бар. Кошмо Штаттар муну консультациялар жана биргелешкен билдирүүлөр менен эле камсыздай албайт. Ошондуктан Борбор Азияда америкалыктардын орун алышы табигый тоскоолдуктарга кабылат.

Вашингтон Борбор Азияга эмне бере алат?

Бүгүнкү күндө кырдаал катуу өзгөргөнүн ушундан билиңиз, коопсуздук жана туруктуулук, эл аралык экономика, соода жана технология АКШ жана Батыштын башка мамлекеттеринен мурдагыдай көз каранды эмес.
БРИКС саммитинин жыйынтыгы да эл аралык батыш түзүмдөрүнөн көз карандылыкты басаңдатуу, бир өлкөнүн үстөмдүгү жана неоколониализмге жол бербөө, бардык экономикалык мажбурлоо, башкача айтканда, санкцияларды сынга алуу ниетин даана айгинелеп турат.
Ошол эле учурда чөлкөмдөгү өлкөлөр "Бир алкак – бир жол" өңдүү демилгелерге катышууга же Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өз ара аракет этүүнү кеңейтүү даярдыгы барган сайын даана белгиленүүдө. Мындан улам мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги С5+1 форматындагы биринчи кезигүүнүн тагыраак күн тартиби бир топ кызык болмок. Азырынча Байден кесиптештерине "коопсуздук, экономика жана айлана-чөйрөнү коргоонун жалпы максаттарын" талкуулоону сунуштап жатканы гана белгилүү.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Вашингтон эмнени күтөт?

Украинадагы кырдаал жана америкалыктардын Борбор Азиядагы активдүүлүгү бири-бирине таптакыр байланышсыз экенин болжоонун өзү – баёолук. Бул быйыл февраль айында Астанада өткөн министрлердин жолугушуусунда эле түшүнүктүү болгон. Анда Кошмо Штаттар чөлкөмдөгү мамлекеттер Россияга каршы санкцияларга кошулат деп үмүттөнүшкөн. Эми да абал борбор азиялык лидерлердин макулдугу жана америкалык дипломатиянын кептеринин көркөмдүүлүгүн кабыл алып же кабыл албай турганына жараша. Бирок дагы бир айдан ачык жагдай бар. Кошмо Штаттар Украинада ийгиликке жете албайт, бирок өлкөдө өз көйгөйлөрүнөн, анын ичинде Гавайидеги өрт кырсыктарынын кесепеттеринин айынан аскердик жана киевдик режимге берилген каржылык көмөккө нааразычылык өсүүдө.
Москваны оолак кармоо жана чабалдатуу боюнча Вашингтондун стратегиясынан да майнап чыкпай турганы улам айкындалып барат. Эгер АКШнын узак мөөнөттүү аракеттери ийгиликтүү ишке аша турган болсо, Борбор Азия Украина сымал Россия үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал. Эл аралык коомчулукка да, карапайым америкалыктарга да көрсөтө турган кандайдыр бир тышкы саясий натыйжага жетүү Байдендин администрациясы үчүн өтө маанилүү.
Украинадагы стратегиялык кырдаалдын Кошмо Штаттар үчүн пайдасыз шарттарында борбор азиялык майданда "ойноо" ниетинде камтылышы мүмкүн. Чөлкөмдө америкалыктардын ынандыруу жана мажбурлоо инструменттери, ошондой эле ички жана тышкы таасир механизмдери арбын. Башкача айтканда, Жо карыя кээде аргасы түгөнгөндөй көрүнөт, анткен менен сырттан туюлгандай таптакыр залалсыз да эмес.
Кыргызстан жана Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азияны өзгөртө алат. Пикир
Жаңылыктар түрмөгү
0