Кадыр Сайдилкан: Эверестке чыкканым менен арманым ичимде калды

© Фото / из личного архива Кадыра Сайдилкана“Жети чоку” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан альпинисттердин бири — Кадыр Сайдилкан
“Жети чоку” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан альпинисттердин бири — Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Жазылуу
“Жети чоку” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан альпинисттердин бири — Кадыр Сайдилкан. Ал ишкердиктен тышкары дүйнөдөгү эң бийик чокуну, 8 848 метр Эверестти, багындырган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Альпинизм федерециясынын вице-президенти, ишкер, “Кыргыз изи” долбоорунун негиздөөчүсү, Эверестти багындырган альпинист Кадыр Сайдилкан болду.
— Сиз өзүңүз тоолуу Алайкууда чоңойгонсуз. Тоолордун, чокулардын маанисин баарыбыз эле түшүнө бербейбиз. Кызыгууңуз кандайча пайда болду?
— Менин тоого болгон кызыгуумдун түпкүрүндө Алайкууда чоңойгонум жатса керек. Үйдүн кичүүсү болгондуктан 24 жашыма чейин Алайкууда, ата конушумда жашадым. Андан кийин шаарга келип, 1990-жылдары рынок шартына байланыштуу Казакстанга барып соода кылдым. Ары-бери урунуп жүрүп, 2006-жылы Түштүк Кореяга барып келгенден кийин өз алдымча бизнес баштап акыркы 20 жылда тоо жөнүндө унутуп калгам. Тоого маани деле берген эмесмин. 2020-жылы covid менен ооруп калып КТ тарттырсам, өпкөмдүн 18 пайызы жабыркаптыр. Дарыгерлердин кеңеши менен Ала-Арчага барып суу бойлоп бастым. Ал убакта шаар жабык, эл карантинде отурган учур болчу. Бир жолу Ала-Арчанын жогору жагындагы Ак-Сай, Муз-Төр тараптан түшүп келген кишилер менен баарлашып калдым. Кызыгып, биринчи жолу июнь айынын аягында мен да Рацектин таш үйүнө чыгып, ошол жерден биздин альпинизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү менен таанышкам. Кызыгуум ойгонуп, кайрадан тоолорду башка бир тарабынан көрдүм. Бала кездеги унутта калган сезим ойгонду. Шаарда 20 жыл жүргөндөн кийин кайрадан тоолорду таап, ошондон бери эле түшө албай жүрөм.
© Sputnik / Асылбек БактыбековАльпинизм федерециясынын вице-президенти, ишкер, “Кыргыз изи” долбоорунун негиздөөчүсү, Эверестти багындырган альпинист Кадыр Сайдилкан
Вице-президент Федерации альпинизма Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Альпинизм федерециясынын вице-президенти, ишкер, “Кыргыз изи” долбоорунун негиздөөчүсү, Эверестти багындырган альпинист Кадыр Сайдилкан
— Буга чейин деле Кыргызстандагы чокуларды багынтып, Эверестке чыккан альпинисттер саналуу болгону менен (биздин аймактан – ред.) аларды эл анча тааный берчү эмес. Эми сиздер келдиңиздер. Тоолорду кайрадан башка жагынан көргөнүңүздү айтып жатасыз. Кайсы тарабынан?
— Мен бала кезден эле спортко жакын өскөнүм менен өзүмдү таба албай жүрдүм. Спорттун көп түрлөрү менен алектенгенге аракеттендим, япондордун кэндо спорту менен да машыктым. Бирок “кой, уят, ушунча жүрүп бир ийгиликке жетишим керек” деп өзүмдү кыйнап жүрчүмүн. Анан эле тоо спортуна баш-отум менен кирип кеттим. Көбү “мынчалык азап чегип, кыйналып эмне кереги бар?” деп калышат. Ошол азаптардын баарын тоого болгон сүйүүм жеңип кетет. Булактын шылдыраган дабышы, улардын сайраганы, кийик менен текелердин жүргөнүн көрүүнүн өзү сүйүүмдү ойготту. Орто Азиядагы чыгууга кыйын, 7000 метрлик чокулардын арасында Жеңиш да бар. Атактуу альпинисттердин айтымында, биздин 7000 метрлик чокулар Непалдын 8000 метрлик чокуларына барабар экен. Буларга чыгуунун да өз мезгили болот. Жайында чыккандар көп эле. Бирок Сергей Селиверстов, Михаил Даничкин деген биздин мекендештер ошол тоолорго кыштын кычыраган чилдесинде чыгып, “Ак илбирс” статусунун ээси болушкан. Ошолор менен таанышып, алар машыктыруучу катары мени көп даярдашты. 1985-1986-жылдары “Жаныбарлар дүйнөсү” телеберүүсүн калтырбай көрчүмүн. Бир ирет Килиманжарону көрүп алып, ушул жакка барууну эңсегем. Бул менин балалык кыялым эле. Машыктыруучуларым ошол кыялымды эске салды. Ал кезде тоо менен мынчалык алектенип кетем деп ойлогон деле эмесмин. Ошентип Килиманжарого баруунун жолдорун изилдеп баштадым. 2021-жылы 31-декабрдын түнү саат 3:45те аталган чокуда 2022-жылды тоском. Ошол жердеги альпинисттер “Жети чоку” долбоорун жасап жатасыңбы?” деп сурап башташты. Ага чейин ал долбоор тууралуу билген деле эмесмин (“Жети чоку” долбоору — бул жети континентте жайгашкан эң бийик чокуларга чыгып келүү). Көрсө, көпчүлүгү “Жети чоку” долбоорун Килиманжародон баштайт тура. Ошондон баштап изилдеп отуруп, Непалда жайгашкан Эверестти кошкондо алты материктин эң бийик чокусуна барып келдим. Австралиядагы Косцюшко чокусу гана калды.
© Фото / из личного архива Кадыра СайдилканаКадыр Сайдилкан: көбү “мынчалык азап чегип, кыйналып эмне кереги бар?” деп калышат. Ошол азаптардын баарын тоого болгон сүйүүм жеңип кетет. Булактын шылдыраган дабышы, улардын сайраганы, кийик менен текелердин жүргөнүн көрүүнүн өзү сүйүүмдү ойготту.
Вице-президент Федерации альпинизма КР Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Кадыр Сайдилкан: көбү “мынчалык азап чегип, кыйналып эмне кереги бар?” деп калышат. Ошол азаптардын баарын тоого болгон сүйүүм жеңип кетет. Булактын шылдыраган дабышы, улардын сайраганы, кийик менен текелердин жүргөнүн көрүүнүн өзү сүйүүмдү ойготту.
— Кандай адамдар ушундай чокуларга чыгышат? Айрымдар өздөрүнүн күчүн сынамакка барышат дешет. Сиз альпинизмге кандай сыпаттама берет элеңиз?
— Аларды эки түрдүү сыпаттагы адамдар деп билем. Биринчиси — бала кезинен максат койгон чыныгы тоо сүйүүчүлөрү. Экинчилери — ишкерлик менен алектенип, оокатынын баарын жайлап койгон, эч муктаждыгы жок бай бизнесмендер. Альпинизм чыныгы спорттук жана коммерциялык болуп экиге бөлүнөт. Мен өзүмдү экинчи топко кошом. Акча төлөп, атайын компаниялардын эсебинен барып келип жатам. Биринчи топтогулардын көбү 13-14 жашынан бул спортко келген. Алар — өмүрүн альпинизмге арнап койгондор.
— Альпинизм адамдын ден соолугунун чыңдыгына да байланыштуу. Психологиялык жактан мыкты болбосо мындай бийиктиктерди багындыруу кыйын да. Профессионал альпинист болбогондон кийин дүйнөдөгү жети чокуга кантип чыгам деген ойлор болдубу?
— Альпинизмге спорттон алыстап кеткенден кийин, арадан 14-15 жыл өтүп келдим. Ал убакта 98 килограмм болчумун. Биринчи жолу Рацекке араң 4,5 саатта чыгып, кыйналдым. Кайра келе жатып машинама жетпей, тизем ооруп, 46 жашымда эле ушундай майып болуп каламбы деп аябай ардангам. Арадан алты ай өтүп алты килограмм салмак таштап, Килиманжарого чыктым. Жаңы жыл тосуу үчүн ар өлкөдөн 800дөй турист келген экен. Биздин тайпада 80 киши болду. Ошолордун ичинен Эдуард Кубатов, мен жана россиялык спортчу кыз Лена үчөөбүз чокуга биринчи чыктык. Ошондо өзүмө ишеним пайда болгон.Келип эле “Жети чоку” долбоорун аткарам деген чечим кабыл алып, тоодо жашап калдым. Жогоруда айткан Сергей Селиверстов, Михаил Даничкин, Андрей Ерохин, Алексей Потоцкий деген күчтүү альпинист машыктыруучуларым менен алмак-салмак тоого чыгып жүрдүм. Ала-Арчада катуу даярдыктан өтүп, экинчиси Европадагы Эльбурс тоосуна, анан Түштүк Америкадагы Аконкагуага, Түндүк Америкадагы Деналиге, былтыр декабрда Антарктидадагы Винсон массивине бардым. Ал чокулар да машыгууга, тажрыйба топтоого чоң өбөлгө болду. Ошол аралыкта абдан катуу даярдыктан өттүм.
© Фото / из личного архива Кадыра СайдилканаКадыр Сайдилкан: альпинизмге спорттон алыстап кеткенден кийин, арадан 14-15 жыл өтүп келдим. Ал убакта 98 килограмм болчумун. Биринчи жолу Рацекке араң 4,5 саатта чыгып, кыйналдым. Кайра келе жатып машинама жетпей, тизем ооруп, 46 жашымда эле ушундай майып болуп каламбы деп аябай ардангам.
Вице-президент Федерации альпинизма КР Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Кадыр Сайдилкан: альпинизмге спорттон алыстап кеткенден кийин, арадан 14-15 жыл өтүп келдим. Ал убакта 98 килограмм болчумун. Биринчи жолу Рацекке араң 4,5 саатта чыгып, кыйналдым. Кайра келе жатып машинама жетпей, тизем ооруп, 46 жашымда эле ушундай майып болуп каламбы деп аябай ардангам.
— Килиманжаро Африкадагы эң бийик тоо эмеспи, Кыргызстан менен ал жактын климаты эки башка. Кандай өттү?
— Бала кезде телевизордон көргөн, мөңгүсү белине чейин түшкөн кыялымдагы тоо жок экен. Башында эле анча-мынча карлар калганын байкадым. Ал мен барган чокулардын эң жөнөкөйү болду. Климаты жагымдуу, өтө суук эмес. Болгону биз тоого чыкканда бир аз муз аралаш кар жаап турду. Бирок анчалык катуу суук болгон жок. Башка тоолордой ызгаар шамал көрбөдүм.
— Эверестти айтпаганда жогоруда санаган алты чокунун эң кооптуусу, татаалы кайсы болду?
— Мен үчүн эң оору Түндүк Америкада жайгашкан Денали чокусу болду. Абдан суук, кооптуу, татаал жана кооз. Анда башка тоолордой кызмат көрсөтүү жок. Украиналык шеригим экөөбүз эле чыгып келдик. Башка тоолордой жүгүңдү көтөрүп, чатырыңды тигип, тамагыңды жасап берген эч ким жок. “Дагы бир жолу чыксам, мындай кылар элем” деп кыялданган чокумдун бири ушул Денали болуп калды.
— Асман тиреген чокуга чыкканда альпинисттерге ар кандай бийик ойлор келет дешет. Ал жакта эмнелер жөнүндө ойлондуңуз?
— Чокуларга чыккан азап. Ошондо “мени ким кыйнады, жөн эле үйдө жатпайт белем” деп Бишкектеги жылуу ресторанда достор же бир туугандар менен отурган күндөр эске келет. Ал жакта бир сындырым нандын, жылуу төшөктүн, жуунганга шарт жокто суунун баркын билесиң. Кайсы бир жерде байкабай туура эмес кылып койгон учурлар, иштер эске түшөт. Басып өткөн жашооң көз алдыңа тасмадай тартылып, көп эле ойлор келет. Менин тоого чейинки өмүрүм менен андан кийинкиси эки башка. Адамдардын мамилесин баалап баштайсың. Көп нерсени анализдейсиң.
© Фото / из личного архива Кадыра СайдилканаКадыр Сайдилкан: кен казбай эле туризм бизнеси менен көп акча алып келүүгө болот.
Вице-президент Федерации альпинизма КР Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Кадыр Сайдилкан: кен казбай эле туризм бизнеси менен көп акча алып келүүгө болот.
— Эверестке чыгуу чечимин качан кабыл алдыңыз?
— Жети континенттеги жети чокунун бири Эверест экенин билчүмүн. 6 962 метр бийиктиктеги Аконкагуага чыгып келгенден кийин өзүмө 70 пайыз ишенимдүү болуп, чечим чыгардым. Андан кийин жүрүп-жүрүп дүйнөнүн 8 000 метрлик тоосуна чыгып көрүүнү чечтим. Картадан Манаслу чокусун көрүп, дароо ушуга токтолдум. Себеби көптөн бери “Манас” эпосуна болгон мамилебиз жүрөгүмдү өйүтчү. Ошол себептен эпосту кошо ала чыгууну ойлоп жаткам. Чокуга чогуу чыккан иним Илим Карыпбековдун демилгеси менен ал чоң долбоорго айланып кетти. Бул тоону альпинисттер “мыкаачы” деп аташат. Анткени көп кырсык болгон. 2015-жылдан баштап непалдыктар коопсуз жол таап, туристтер көп каттап баштаптыр. Айтарым, кыргыз катары “Манас” эпосуна маани берип, аздектейли. Кыргызга улут катары мындан өткөн баалуулук жок.
Бийик чокуга чыкканда басым чоң болгондуктан сүйлөш да кыйын. Ошентсе да Эверестке чыгып бара жатканда “Манастан” үзүндү айтуу оюм бар болчу. Бирок абдан кыйын болду. Чокудан түшкөндө ойлонуп көрсөм, мыкты машыкканым менен моралдык-психологиялык жактан даярданбай калыпмын. Эверестке жетпей 8 800 метр бийиктиктеги түштүк чокудан баштап тоонун кырына чыгып каласың. Анан Эверестке чейин Хиллари тепкичинен өткүчө кыр менен жүрүп отурасың. Ошол жерде катуу шамал болду. Кычкылтек берүүчү бет кабымдын аба кирчү жерине муз тоңуп кала берип, чокуга жеткенде психологиялык жактан чарчап калган окшойм. Эмоцияга алдырып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Таңга маал жеткенге абдан суук, шамал болуп турду. Ошол себептен “Манас” эпосун айтуу, Кыргызстандын ар бир аймагына салам жолдоо планым ишке ашпай калды. Эверестке жол майдын 10унан 25ине чейин гана ачылат, андан кийин чыгууга мүмкүн эмес. Апамдын туулган күнү май айында, ошондо 91 жашка чыккан. Туулган күнүн куттуктап, андан пайдаланып кыргыз аялдарына салам жолдодум. Себеби алардын азыркы акыбалы жүрөктү оорутат. Негизи Эверестке чыгуу катаал экен. Өзүмө көбүрөөк жүктү алып алыптырмын. Чокуга чыгып, кайра түшүп келе жатканда деле кубанган жокмун. Базага келип кофе ичип отурганда гана “мен Эверестке чыктым” деген жылуу сезим ойгонду.
— Эверестке чыккандан кийин жашооңуз, чөйрөңүздүн мамилеси да өзгөрсө керек?
— Мен кетерге жакын сасык тумоо тийип катуу ооруп калдым. Бирок даярданып чуркап жүрүп дарыланган деле жокмун. Ошону менен Катмандуга учуп кеттик. Алгач аба ырайы жакшы болгондуктан сезген жокмун. 14-апрелде негизги жатакка чейинки сегиз күндүк жолго чыктык. Ошол кезде бул жактагы оорум козголду. Колдо болгон дарымды ичип, эптеп күч менен жүрүп отуруп жатакка жетип, үч күндүн ичинде акыбалым абдан начарлап кетти. Кайра Катмандуга келип ооруканага жаттым. Бул учурда шериктерим улам беш миң метр бийиктикке чыгып акклиматизациядан өтүп жатышты. 9-май күнү ооруканадан жатакка бардым. Чокуга чыгарыма деле көзүм жетпей түңүлүп калгам. Жанымдагылар мага көңүл айтып башташкан. Бирок көгөрүп отуруп уюштуруучуну көндүрдүм. Кудайга шүгүр, биринчи лагерге чыктым, анан экинчисине. Ошентип ден соолугум мени мүдүрүлткөн жок. Өзүмдү жакшы сездим. Ошол учурда мен такыр эле тааныбаган кыргызстандыктар “түш көрүп жатабыз, аман-эсенсизби?” деп жазып жатышты. Алардын баарына ыраазычылык билдирем. Кыргызстанга келгенден кийин көптөрү таанып, сүрөткө түшүп калышат. Бирок өзгөрүп кеткен деле жокмун.
© Фото / из личного архива Кадыра СайдилканаКадыр Сайдилкан: негизи Эверестке чыгуу катаал экен. Өзүмө көбүрөөк жүктү алып алыптырмын. Чокуга чыгып, кайра түшүп келе жатканда деле кубанган жокмун. Базага келип кофе ичип отурганда гана “мен Эверестке чыктым” деген жылуу сезим ойгонду.
Вице-президент Федерации альпинизма КР Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Кадыр Сайдилкан: негизи Эверестке чыгуу катаал экен. Өзүмө көбүрөөк жүктү алып алыптырмын. Чокуга чыгып, кайра түшүп келе жатканда деле кубанган жокмун. Базага келип кофе ичип отурганда гана “мен Эверестке чыктым” деген жылуу сезим ойгонду.
— Мүмкүнчүлүк жаралса Эверестке дагы барат белеңиз?
— Сөзсүз. Жогоруда айтып кеткендей, ичимде арман калды. Ылдый түшкөндөн кийин кетирген каталарыңды билет экенсиң. Эверестке чыгуу үчүн дениң сак, эркиң күчтүү, ага катар каражатың жетиштүү болуш керек. Бирок дагы бир барууну кыялданып жүрөм.
— Эми Австралия эле калды дедиңиз. Ал жакка качан сапар аласыз?
— Австралия элчилигине кат жөнөткөм, учурда виза күтүп жатам. “Жети чоку” долбоорун быйыл күз айларына чейин бүтүрүү тилегим бар. Виза даяр болсо бүгүн деле учуп кетмекмин. Себеби долбоорду аягына чыгаруу керек. Андан тышкары, ишим, үй-бүлөм бар, башка пландарым бар.
© Фото / из личного архива Кадыра СайдилканаКадыр Сайдилкан: бийик чокуга чыкканда басым чоң болгондуктан сүйлөш да кыйын. Ошентсе да Эверестке чыгып бара жатканда “Манастан” үзүндү айтуу оюм бар болчу. Бирок абдан кыйын болду. Чокудан түшкөндө ойлонуп көрсөм, мыкты машыкканым менен моралдык-психологиялык жактан даярданбай калыпмын.
Вице-президент Федерации альпинизма КР Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Кадыр Сайдилкан: бийик чокуга чыкканда басым чоң болгондуктан сүйлөш да кыйын. Ошентсе да Эверестке чыгып бара жатканда “Манастан” үзүндү айтуу оюм бар болчу. Бирок абдан кыйын болду. Чокудан түшкөндө ойлонуп көрсөм, мыкты машыкканым менен моралдык-психологиялык жактан даярданбай калыпмын.
— Кыргызстандагы 7000 метрлик үч чоку (Кан-Теңир, Ленин, Жеңиш) бар. Сиз ушуларга чыгууну ойлодуңузбу?
— Мен жогоруда айтып кеткен “Жети чоку” долбоорун аяктаган соң биздеги альпинисттердин абдан абройлуу “Ак илбирс” статусу бар. Эми ошону багындыруу максатым бар. Чет жерде жүргөндө биздеги ушул чокуларга чыктың беле деп сураганда уялып калдым.
— Альпинизм федерациясынын экспедицияларды уюштуруудан тышкары жаштарга тоого чыгуу спортун жайылтуу максаты да болсо керек?
— Covid-19 оорусунан кийин тоо сүйүүчүлөр көбөйдү. Ага федерациянын президенти Эдуард Кубатовдун Эверестке чыкканы да чоң түрткү болду. Мүмкүн менин да акыркы үч жылда “Жети чоку” долбоору менен жүргөнүм да шык бергендир. Алдыда Кыргызстан альпинизм жаатында алдыңкы беш өлкөгө кире аларын ишенимдүү айта алам. Себеби бизде бардык шарттар бар. Кен казбай эле туризм бизнеси менен көп акча алып келүүгө болот. Туристтер жогорудагы үч бийик чокуга жана Ала-Арчадагы машыгуу лагерине эле келишет. Бул өлкөдөгү альпинизмдин бир эле пайызы экенин коркпой-үркпөй айтсак болот. Альпинизм – келечекте Кыргызстанды камсыздай турган кирешелүү тармак.
Саймалуу-Таш петроглифтери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Коргоого муктаж Саймалуу-Ташты ЮНЕСКО тизмесине киргизүү аракети жүрүүдө. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0