Кар көчкүдө калган сөөктөр азыркыга чейин изделип...

Кыргызстандын тоосундагы каргаша

Кар көчкүдө калган сөөктөр азыркыга чейин изделип...

Кыргызстандын тоосундагы каргаша
...Кеч кирип бараткан маал эле. Тигилген көп чатырдын биринде алибеттүү эркек киши күймөгө кисель бышырып бүтүп, уйкуга кирет. Бир нече ирмемден кийин эле болгон окуядан эч кимдин кабары жок эле...
1990-жылдын 13-июлунда кар көчкү СССР, Израиль, Испания, Италия, Германия, Швейцария жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген 43 альпинисттин өмүрүн алган. Маркумдардын көпчүлүгү ленинграддыктар эле. Бул каргаша альпинизмдин тарыхындагы эң апааттуу кырсык деп эсептелинет.

Күбөлөрдүн айтымында, көчкү түшкөнгө чейин эки күн катары менен кар калың жаап, анан кайра дароо эле күн жылып кеткен. Дагы бир версия боюнча, кар көчкүгө жер титирөө себеп болгон.

Ири массадагы альпинисттер "көмөч казан" деп атап алган жайык жерге түшкөн. Журналисттер ушул жерге чатыры тигилгендин баарын өлгөндөрдүн тизмесине киргизишкен, анткени мындайда тирүү калуу дээрлик мүмкүн эмес эле. Ошентсе да аман калгандар бар экен.
  • Алексей Корень
    альпинист
...Алексей Корень көчкүдөн улам чатырдын айрылганынан ойгонуп кеткен. Куюн аны алып учуп жөнөгөн. Алексей буту-колу жулунуп кетпеши үчүн дене боюн жыйрууга аракет кылат. Альпинист эс-учун жоготкон эмес, дал ушул жагдай анын өмүрүн сактап калган.

Жерге түшкөндө Алексей төшү менен тиет. Кар көөмп калбагандыктан айлана-тегерегине көз чаптырганга жетишкен. Беш метр ыраакта белинен карга матырылып калган словак Миро Грозманды көрүп, аны чыгарат. Жанында эки буту асманды карап, башы менен ылдыйды көздөй карга көмүлүп калган бир бечара бар эле...
Аман калгандар "көмөч казанга" түшкөн лагерь түп орду менен жок болгонун аңдай башташат. Жылуулук сактаган бир аз плёнка менен чатырлардын айрындысынан башка колго илинерлик эч нерсе калган эмес.

Эрежеге ылайык, алар мүнөтүнө алты жолудан орус тилинде да, англис тилинде да кыйкырып, бирок эч кандай жооп ала алышпайт. Таң сүргөндө жардамга муктаж альпинисттер байпакчан болуп ылдый түшө башташат.
"Айлананын баары аппак эле, кулак-мурун кескендей жымжырттык. Эч нерсе көрүнбөйт, кайда баратканыбызды билбейбиз. Карды томолоктоп туруп ылдый ыргытып, кайда тоголонуп бара жатканын карап жаттык", — деп айтып берген Алексей Корень.
Артынан бети-башы жарылып, колу-буту сынган Миро келе жатып, акыры баса албай калганда Алексей үстүн жаап жолун улантат. Ошол учурда тоо башында эмне болуп жатканынан анын таптакыр кабары жок эле.

— Жок... мүмкүн эмес...

— Балким, алар жөн эле кетип калышкандыр? Кетип калышты деп койгулачы!

— Кар көчкү окшойт да.

Альпинисттер Владимир Балыбердин (Эверестке чыккан алгачкы советтик альпинисттердин бири), Борис Медник жана Дмитрий Ботов такыр калган "көмөч казанды" тиктеп турушту. Көчкү кандай болуп лагерди жок кылганын түшүнүү мүмкүн эмес эле...
Ишенүү кыйын болчу, каргаша болор алдында Балыбердин дагы өйдө көздөй көтөрүлүүнү сунуштап, бул үчөө калган альпинисттерден бөлүнүп кеткен эле. Жогору карай барууну Елена Еремина да колдогон, бирок кыйналгандыктан Медник экөө "көмөч казанга" кайтып келишкен.

Бир аздан кийин эле Медник рюкзагында күймө калып калганын көрөт, ансыз жолго чыккан жигиттер кыйналып калышмак. Медник Балыбердин менен Ботовду көздөй жөнөйт. Катуу шамалдан улам үчөө тең көчкү түшкөнүн уккан эмес.

Бирок эми аргасыздан анын кесепетине күбө болуп турушат. Кандайдыр бир кереметтен үмүттөнүп альпинисттер башка лагерге келишет. Туман тараган соң көчкүнүн багытын аныктап, шаймандарын унута дароо өйдөнү көздөй жөнөшөт.

Бир аздан кийин алар издерди байкашат. Бул Алексей Корень эле. Ылдый жактан дагы бир куткаруучу топ жакындап калган. Ушул эле из менен Балыбердин, Медник жана Ботов аман калган Миро Грозманды табышат. Ботов жанында калып, экөө андан ары жөнөйт.
"Чай кайнаттым, баарын түгөтө ичти. Анча-мынча орусча сүйлөчү. Аман калганын куттуктадым... Кичине эс-учун жыйгандан кийин өзүмө бекем таңып, ылдый түшө баштадым. Бир аздан кийин эле куткаруучу топко кезиктик", — деп айтып берген Дмитрий Ботов.
Ал арада Ленин чокусундагы каргаша тууралуу телевидениеден да айтылат.
"Жаңылыктардан ленинграддык топ толугу менен жок болгонун айтышат. Жакындарым менен байланышууга аракет кылып жатканда мени өлдү деп эсептеп жатышты", — дейт Корень.
Ал бүлөсү менен туура бир суткадан кийин гана оорукананын башкы дарыгери аркылуу байланыша алган.

"Ал кечте ата-энебиз өмүрүнүн беш жылын жоготту", — дешет журналисттер "көмүп койгон" альпинисттер.

Аман калгандарды издөө үчүн Советтер Союзунан да, чет өлкөлөрдөн да альпинисттер чогулган.
"Көмөч казанга" кайттык. Жаракаларга түшүп, мөңгүгө чейин траншеяларды казып жаттык, бирок эч кимди тапкан жокпуз. Көчкү лагерди тыптыйпыл жок кылганына акыры ынандык", — деп эскерди Ботов.
Андан кийин альпинисттин айтуусу боюнча кандайдыр бир кызык иштер башталган.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, бир аз убакыттан кийин издөө штабына көзү ачыктар келе баштаган. "Көмөч казанга" токтогондордун арасында аман калгандар бар экенин айтып, бирөө кайдан издөө керектигин да көрсөтүп берген. Кээси тоого чыгууга даяр экенин айткан, бирок мунун баары альпинисттердин кыжырын кайнаткан сөздөр эле.

Ал жерге тик учак менен издөө иштерине катышып жүргөн кызматтык итти да алып келишкен, бирок тоонун башына чыккандан кийин жаныбар катуу кыйналган. Ою ишке ашпай калганын көргөн иттин ээси экстрасенстерден айырмаланып кечирим сурап, колунан келген жардамын берип, тамак даярдап, идиш жууп, айтор, ашканадан чыккан эмес.
Альпинисттер мүмкүн болгон жердин баарын карап чыгып, тилекке каршы, бир нече сөөк таап чыгышкан, калганы ошол тоолордон түбөлүк жай тапкан. Бирок издөө иштери токтотулган эмес, керек болсо азыркыга чейин уланып келет.

Каргашадан бир нече жыл өткөндөн кийин мөңгүлөр эрип, кучагына алгандарды акырындап "коё бере баштады". 2000-жылдардын аягында көз жумгандардын биринин баласы атасы өлгөн жерге экспедиция уюштурган. Алексей Корень кирген альпинисттердин тобу жакындарынын, достору менен устаттарынын сөөгүн табуу үчүн Ленин чокусуна дагы далай ирет келишет. Мындай экспедициялар бир нече жылда бир жолу уюштурулуп турат.

Издегендер күндөлүк, фотоаппарат, документтерди таап келгени белгилүү, ал эми сөөктөр кимдики экенин айтуу мүмкүн эмес. Айрым эле кишинин жанында паспорт же куткаруучу жетон болгон.

Ленин чокусундагы кырсыктан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү, бирок маркумдарды билген-тааныган адамдардын жүрөгүндөгү күйүт басылчудай эмес. Жыл сайын 13-июлда альпинисттер көз жумган 23 ленинграддыкка эстелик тургузулган Серафимов көрүстөнүнө чогулуп турушат.
Ал эми Ленин чокусунун этегинде мемориалдык таш орнотулган, ал жерге табылган сөөктүн калдыктарын көмүп келишет. Эскерүү тактасында кырсыктан мертинген 43 адамдын тең аты-жөнү чегилген. Бул адамдарды тоого болгон сүйүү бириктирип, анын кучагында түбөлүк уйкуда калышты...
Редакторлор
Карина Разетдинова, Алтынай Орозалиева

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Фото
Sputnik, Алексей Корень архиви

Маалымат булактары
күбөлөрдүн баяндары, ачык маалыматтар
Жаңылыктар түрмөгү
0