Экс-депутат Самат Ибраевдин миллиондук карыз менен кармалган уулу абактан чыкты

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЭкс-депутат Самат Ибраев. Архив
Экс-депутат Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
Саясатчынын уулу эмнеге качып кеткенин жана карыз төлөй албай калган себебин айткан.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык соту 20-июлда экс-депутат Самат Ибраевдин алдамчылыкка айыпталган уулуна карата өкүм чыгарды. Документ Act.sot.kg порталына жарыяланды.
Металлист каймана аты бар 32 жаштагы Данияр Ибраев курулуш арматураларын алып келип берүүнү убада кылып жарандарды 507 миллион 352 миң сомго алдап кеткени айтылган. Ал быйыл январда Интерпол аркылуу Болгарияда жүргөн жеринен кармалган.
Сотто депутаттын уулу тогуз компанияны жана жарандарды Россиядан базар баасынан эки-үч сомго арзан алып келип берүүнү убадалап сызга отургузганы боюнча даттануулар каралган. Натыйжада ал күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробациялык мөөнөткө кесилди.
Төмөнкү үч компанияга үч айдын аралыгында акчасын кайтарып берүүгө милдеттендирилди:
"ТС. Г. Констракшн" компаниясына — 20,9 миллион сом;
"Т.Г.Д" фирмасына — 22 миллион сом;
К.А.М. аттуу жаранга — 34,3 миллион сом.
Ал эми соттук териштирүү учурунда алты тарап доосунан баш тартып, зыяндын орду толтурулуп жана кээ бирлеринин карыз экени далилденген эмес. Алар төмөнкүлөр:
"ххх" курулуш компаниясынын директору Т.Н.М. — 125,6 миллион сом;
А.А.К. аттуу жаран — 34 925 000 сом;
Ибраев жетектеген "Строймир" компаниясынын негиздөөчүсү Ш.М. даттанган 338,8 миллион сомдук доо далилденген жок, ал тосмо арыз жазган;
"ххх" аттуу курулуш компаниясы — 125,6 миллион сом;
"Т.Г. К." фирмасы — 20,9 миллион сом;
Ю.З.Р аттуу жаранга — 4,6 миллион сом.

Күнөөсүн мойнуна алды

Данияр Ибраев күнөөсүн мойнуна алып, бирок алдамчылык иштерди жүргүзүү максатында компания иштеткенин танган.
Анын айтымында, 2018-жылы фирманын кассасындагы 5 миллион доллардын эсеби чыкпай калгандан кийин негиздөөчүсү Ш.М. экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Аны менен атасы Самат Ибраев мурунтан иштешип жүргөндүктөн саясатта жүргөн учурда компаниясын ага башкарууга өткөрүп берген. Бирок ал туугандары менен компаниянын ичинде коррупциялык схема уюштурган. Кийин айыбы ачылып калганда баарын ордуна коюуну убадалаган. Бирок Ш.М. акчаны кайтаруунун ордуна төрт айдан кийин Финполго Данияр Ибраевдин үстүнөн арыз жазган. Тергөө менен убара болуп жүргөн учурда Ш.М. окуяны ачыкка чыгарам деп Самат Ибраевди опузалап, дагы бир нече мүлкүн өзүнө каттатып алган.

Өлкөдөн качып кетиши

Данияр Ибраев каржылык көйгөй жаралганда анын таанышы өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүнү сунуштап дароо кетип калганын, бирок башында адамдарды алдап качып кетүү планы болбогонун белгилеген. Ал эми Болгариядан баш паанек сураган себебин коркутуулар көп болгону менен байланыштырган.
"Компаниянын негиздөөчүсү менен чырдашып жатканбыз. Ал ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун тууганын ишке аралаштырып, атама саясий басым жасаткан. Ушундай коркутуулар менен компаниябызды да тартып алган. Ал кезде мага моралдык жактан эле басым жасап тим болбой, тоого алып барып күч колдонууга барышкан. Үй-бүлө, балдарымды коркутушкан, ошондуктан баш паанек сурагам. Ал кезде Кыргызстанда адилеттүүлүк болуп, мыйзамдар иштешине ишенбей калгам. Кийин Болгариянын Интерполуна тушуктум", — деп айткан Ибраев сотто.
Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жапаров: Кутманова баласын качырыш үчүн "уурдап кетти" деп спектакль уюштуруптур
Жаңылыктар түрмөгү
0