Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Украинаны басып кирүүгө даярбы? Абалга сереп

© AFP / GENYA SAVILOVУкраиналык артиллерист Бахмуттун жанында 152 мм Д-20 гаубицасынан ок чыгарып жатат
Украиналык артиллерист Бахмуттун жанында 152 мм Д-20 гаубицасынан ок чыгарып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
АКШ менен НАТО армиясынын кубаты күн санап өсүп, Украинага "донор" болгон 50 мамлекеттин курал-жарагын жокко чыгарган Россия менен түз кагылышууга даяр эмес. Бирок ошол эле учурда Киевди таштап салууга да даабай турат.
Ирак, Афганстан, Сирия, эми Украинадагы геосаясий катачылыктары Американын жана анын лимитрофторунун экономикасына кооптуулук жаратууда. Мындан улам альянс Россия менен акыркы украиналык, поляк, литвалык, латвиялык, эстониялык калгыча кармашууга даяр дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Пентагон башчысынын мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор мурдагы күнү Батыш Украинанын аймагына кирүү үчүн "ыктыярчылардын коалициясын" түзүү тууралуу жар салды. Аналитиктин айтымында, АКШ армиясы бүгүнкү күндө өтө алсыз, мында негизги ролду Польша менен Литва ойномокчу.
Эгер жеңилүүгө дуушар болсо, "Люблин үч бурчтугу" Вашингтондун колдоосуна таяна алат, бирок эч кандай кепилдик жок. Жаңылык жаратчу деле жагдай эмес, Варшава Украинанын Львов, Ивано-Франковск жана Тернополь облустарын кошуп алууга эбактан эле даярданып келет. НАТОдогулар Москва менен тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап жибербесе экен деп отурат.
5-август күнү Польша, Латвия жана Литва Беларусь менен чектешкен жерге аскер күчүн жайгаштырды. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Польша ведомствосунун "1-августта беларус учактарынын Польша аба мейкиндигине киришине" жасаган реакциясын ачык эле колдоп берди. Эч кандай чабуул болбогону айдан ачык. Варшава "Прибалтикадагы арстандар" менен биргеликте чагымчылык менен Минскини жер басып алууга тоскоол болбосун деп чек ара чырына аралаштырууга жан үрөп жатат.
РФ президенти Владимир Путин 21-июль күнү Польша бийлиги НАТОнун калкалоосу менен коалиция түзүп, Украинадагы жаңжалга түз кийлигишип, майлуураак жеринен ала калууга аракет кылып жатканын билдирген. Польша менен Литванын биргелешип басып кирүүсү толук мүмкүн экенин Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин да бир нече ирет эскерткен.
Москва менен Минскинин экинчи "Прибалтика" фронтунун ачылышына кандай реакция жасаары белгилүү. Беларусь президенти Александр Лукашенко 2022-жылдын жазында эле поляктардын Украинага кириши — Беларустун согушка киргени экенин белгилеген. Андан ары атайын операциянын чеги кеңейип, кырдаал Үчүнчү дүйнөлүк согуштун алгоритми менен өнүгөрү толук мүмкүн. Россия менен Беларусь сыяктуу эки өзөктүк держава менен кагылышуу кайсы гана өлкө үчүн болбосун, дегеле акылга сыйбаган жорук. Акыркы кадам болуп калышы да ыктымал.
Бахмутка жакын жерде украиналык аскер кызматкери миномёттон аткылоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жыгылган күрөшкө тойбойт... Украинанын "контрчабуулунун" экинчи баскычы

"Психикалык чабуул"

Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы азыр деле "россиялык коргонуунун биринчи линиясын кыйратып, согуш талаасындагы мобилдүүлүктү калыбына келтирип, россиялык күчтөрдү жарактан чыгарууга" үмүт артып келет. Кандуу тиреш жүрүп жаткан жерге Украинанын Крымды алуу үчүн даярдаган стратегиялык күчтөрү жөнөтүлгөн.
Анткен менен "контрчабуул" башталганына үч айдын жүзү болду, жеңиш Киев үчүн кол жеткис кыял бойдон калууда. Башында натолук кеңешчилер буга үч-төрт күн жетиштүү болорун айтышкан эле (андан ары 1991-жылкы чек араны калыбына келтирүү пландалган болчу).
Генерал Марк Милли "контрчабуулдун" ийгилигинен башынан эле күмөн санаса керек, башкы стратег америкалык президент Жо Байден болду. Украина Куралдуу күчтөрү менен НАТОнун "психикалык чабуулунун" жыйынтыгын да көрдүк. Эки ай ичинде 43 миң украиналык жоокер менен офицер көз жуумп, миңдеген техника жок кылынды. Анын ичиндеги кыйраган 400 танканы оңдоп калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Муну Украинанын командачылыгы деле мойнуна алып келет.
Ал арада Россия аскер күчүнүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн объектилери менен логистикасына жасалган комбинацияланган ракеталык соккуларынын масштабы кеңейүүдө. Россиянын бир катар багытта, өзгөчө Харьков облусундагы Купянскиге жасаган чабуулдук аракеттери кыйла ийгилик менен коштолуп келет.
Бүгүнкү күндө Россияга бир топ эле каршы мамлекеттерде да бандерачылардын жеңерине ишеним тайды, "украин долбоору" ишке ашпай калганы барган сайын анык болуп бара жатат. Батыш Украинанын Куралдуу күчтөрү Киев режимин, НАТОнун кадыры менен инвестициясын сактап калчу контрчабуулдун ыкчам маселелерин технологиялык жактан чече албай турганына ынангандай. Айрымдар НАТОнун "прибалтикалык" прокси-фронтун ачуу абийир сактайт деген ишенимде. Анткен менен атайын операция башталгандан бери альянстын согуштук арсеналы кыйла азайганы маалым.
Учурда керек болсо АКШнын Аскердик өнөр жай комплекси (НАТО аскер өнөр жайынын 90 пайызын түзөт) да жакын арада Украинаны зарыл болгон 155 миллиметрлүү артиллериялык снаряд менен камсыздоого кудурети жетпей турат. Киев үчүн америкалыктар планетанын ар кай жагында жайгашкан союздаш мамлекеттеринен бардык запасты алып беришти. Израиль 300 миң, Түштүк Корея 100 миң снаряд берди, анткен менен мунун баары Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясына жардам бере албайт.
Технологиялык жактан татаал ок-дарынын чыгарылышы АКШга абийир алып келген жок. Кол жоолукка айланган Украинага Patriot, NASAMS, IRIS-T сыяктуу Батыш өндүрүшүнөн чыккан зениттик-ракеталык комплекстер жөнөтүлдү. Абадан коргоочу техника "жыйынтык көрсөтө баштап", бирок зениттик ракеталар жетишсиз болуп жаткан имиш. Украина бир айда 160 Patriot комплексин колдонууда, бул АКШ бир жылда чыгара турган көлөм. НАТОнун ок-дарысы "Прибалтика" фронтун ачып, "чыгыш крестерин" кайтарууга (крес — Польшанын азыркы Украинанын территориясын атоосу ) жетеби? Жооп белгилүү.
Салыштыруу үчүн: россиялык коргонуу-өнөр жай комплекси жыл ичинде зарыл болгон курал-жарак менен ок-дары өндүрүүнү 10 эсеге көбөйттү. Бул дагы чек эмес. Россия аскердик-саясий жана аскер-технологиялык жарышта алдыда баратат. Ал эми АКШ менен НАТОнун башка мамлекеттеринин абалы бул марафондо анча жакшы эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиянын МиГ-31 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Заманбап МиГ-31 истребителинин мүмкүнчүлүктөрү. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0