Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жыгылган күрөшкө тойбойт... Украинанын "контрчабуулунун" экинчи баскычы

© AP Photo / Alex BabenkoБахмутка жакын жерде украиналык аскер кызматкери миномёттон аткылоо учурунда
Бахмутка жакын жерде украиналык аскер кызматкери миномёттон аткылоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Батыш маалымат каражаттары украиналык чабуул "жай, бирок туура" баратканын белгилегени менен иш жүзүндө Киев эки айдан бери аскерлерин да жоготуп, техникасынан да кол жууп жатат.
Киевдик режим быйыл өзүнүн соңку айларын өткөрүп жаткандай деп боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор украиналык контрчабуул менен россиялык атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн кеп учугун чубаган.
Россиялык күчтөр бир нече багыттан чабуул коюп, конуштарды бошотуп, касташкан тарабынын ыкчам тылына чейин жиреп кирип, Польша менен Румыниянын чыгыш чек араларына дейре жерлерге аралаш сокку урууда.
Атайын аскердик операция зонасында украиналык армия 4-июндан бери 26 000ден ашуун жоокеринен, анын ичинде натолук инструкторлор тарабынан окутулган аскерлеринен ажырап калды. Эки ай аралыгында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 400дөй танкы салгылаш талаасында өрттөлдү. Алардын үчтөн экиси Батыштан жөнөтүлгөн. 900дөн ашуун ок өткөрбөс, анын ичинде ондогон америкалык Bradley пехота унаалары жок кылынды.
Украинанын "Бахмутту кайтарып алуу" аракетинен майнап чыкпай, Запорожье багытындагы чабуулдук арышы да басаңдай түштү. Фронттун Сватово – Кременная – Купянск тилкесинде россиялык күчтөр ийгиликтүү жүрүш жасап, Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгын резервин түндүккө, Харьков облусуна жеткирүүгө аргасыз кылууда. Мындан улам башынан Мелитополь жана Бердянскиге бет алган аскердик бөлүктөрүнүн түштүк тобу чабалдоодо.
Батыш 155 мм калибрдеги артиллериялык дүрмөттөрдүн таңсыктыгынан, жакынкы беш жыл ичинде арсеналын толуктай албай калуудан көбүрөөк чочулап туру. Сыягы, Вашингтон, Брюссель, Лондон жана Киев россиялык шарттарды кабыл алып, РФ менен сүйлөшүүгө барууга мажбур болот өңдөнөт.
Мындай абалын түк моюндагысы келбеген Батыш Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулунун" экинчи баскычы биринчисинен таптакыр айырмаланбай турганын да билгиси келбегендей. РФ Коргоо министри Сергей Шойгунун 31-июлдагы билдирүүсүнө караганда, Запорожье багытындагы Работино айылында 26-27-июль күндөрү эле Украина Куралдуу күчтөрү 400 жоокерин, 30дан ашуун танк жана 30 чакты ок өткөрбөс машинасын жоготкон.
Россиялык күчтөр 31-июлга караган түнү Украинанын Харьков, Херсон, Славянск, Краматорскидеги объектилерине, ошондой эле Запорожье облусундагы Орехов жана Днепропетровскидеги резервдерине аралаш сокку урду. Одесса, Николаев, Очаков, Измаил, Ренидеги порттук инфраструктурасы да жок кылынды.
Киевдик режим Россиянын карамагындагы Старомайорск кыштагындагы ийгилиги жөнүндө ашыгып рапорт берип алганы айдан ачык. Сватовский тилкесинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Новоегоровка менен Надежда айылдарынын ортосундагы бийиктен да сүрүп чыгарылды.
Лиман тараптагы чабуулда россиялык күчтөр фронт боюнча алдыга 12 чакырымга жылып, Луганск Эл Республикасы жана Харьков облустары чектешкен жердеги коргонуусуна карай 3 чакырым аралык кирип барды.
Град залптык октук реактивдүү тутуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик операциянын маңызы өч алууда эмес. "Контрчабуул" тушуккан абалдан баян
Крым жарым аралы дале НАТОнун украиналык кол куурчактарына "кол жеткис уюл" болууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн 4-июндан берки негизги аракеттери Запорожье багытына топтолгон.
деңизи жана Крымга карай бет алуудан тышкары Запорожье атомдук электр станциясын басып алуу үчүн Энергодарда тактикалык десант да пландалган. Бирок украиналык аскердик бөлүктөрдүн күчү, каражат жана даярдыгы башынан эле коюлган милдеттердин масштабы жана татаалдыгына шайкеш келген эмес.
Көп деңгээлдеги чалгындоо, сокку уруучу авиация, артиллерия, күчтүү, улам мина тосмолору менен толукталып турган россиялык коргонуу НАТО күчтөрү менен түз кагылышууну эсепке алуу менен түзүлгөн. Пентагон пландары кыйрап, өз генералдары Украинада набыт болгонун жашырууга тегин жерден тырышып жатканы жок. Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" эмнеликтен башталды?
Батыштагылар геосаясий жактан кыйроонун масштабын эбак аңдаган. "Украиналык долбоор" АКШ менен НАТОнун үмүтүн актай албаганы айдан ачык, бирок Украина Куралдуу күчтөрүн садага чабуу Россияны утурумдук болсо да "көйгөй ичине батырып", батыш гегемониясынын урандыларын сактап, көп полярдык дүйнөнүн, теңата жана бөлүнгүс эл аралык коопсуздук тутумдун түзүлүшүн жайлатууга мүмкүндүк бермек.
Америкалыктар Украинада россиялык көзөмөлдүн кеңейе берерин аңдаган соң эскилиги жеткен "Абрамс" танкаларын жана түк майнапсыз төртүнчү муундагы F-16 истребителдери менен жабдууга киришкен. Бирок Россия Аба-космостук күчтөрүнө сан жагынан тең келүү үчүн батыштык демөөрчүлөрү Украинага ок-дары, учкуч жана техниктерин даярдоо чыгымдарынан тышкары 100 млрд долларга 1000 чакты америкалык истребитель берүүгө тийиш.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик башкаруу тутумун сактап калуу ниетинде Илон Маск аны спутник байланышынан өчүрүп койбошу үчүн Пентагон 500 Starlink терминалын сатып алган. Анткен менен россиялык "Тобол" радиоактивдүү күрөш тутумдары аларды басып кое алат.
РФ президенти Владимир Путин жакындагы эле "Россия – Африка" саммитинде Москва НАТО менен түз кагылышууну каалабайт, бирок ага даяр экенин билдирген. Бул курулай кеп эмес. Россиялык армия күчүн жана согушка жөндөмүн өрчүтүп, коргоо өнөр жайы бир жыл ичинде курал жана ок-дары чыгаруу көлөмүн он эсеге жогорулаткан.
Батыштын Украина Куралдуу күчтөрүнүн прокси-жеңишине болгон үмүт шооласы үлбүлдөп гана турат. Технологиялык жактан теңата душман менен кармашта НАТО мүчөлөрүнүн аскердик доктринасы жана аскер-өнөр жай комплекси "үчүнчү дүйнө" өлкөлөрүнүн мурдагы абалынан да натыйжасыз экени айкындалып калды.
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо барган сайын так убакыт жана географиялык чекке ээ болуп бараткандай...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Өзү жүргөн Мальва гаубицасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык дагы бир табылга. Өзү жүргөн "Мальва" гаубицасынын артыкчылыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0